Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

22-сентябрь: Тарых барактары


«Майкрософт» компаниясынын жетекчиси Билл Гейтс.
«Майкрософт» компаниясынын жетекчиси Билл Гейтс.

Падышачылык Орусия менен кокондуктардын 1875-жылдын күз айларындагы согуш аракеттери империянын артыкчылыгы менен аяктаган. Кокон аскер башчысы Абдурахман Афтобачинин артка чегинишинен пайдаланып, генерал К. П. Кауфман кокон ханы Насреддинди Маргаланга сүйлөшүүгө чакырган.

Эки тараптуу келишимге 1875-жылдын 22-сентябрында кол коюлуп, Сырдарыянын оң жээги Орус империясынын карамагына берилген. Наманган аймагынын башына полковник М. Д. Скобелев дайындалып, Кокон ханы Орус империясына болгон вассалдыгын таанып, империянын уруксаты жок башка калктарга каршы согуш аракетин жасоо укугунан айрылган.

Суусамыр болуштук башкармасынын чиновниги Меньшиковдун аялы 1916-жылдын 22-сентябрында киши колдуу болгон. Орус бийлиги бул үчүн Каракече болуштугунун тургуну Балбак Көлбаевди айыптап, ал жазадан коркуп үй-бүлөсү менен Кытайга качып кеткен.

Кыргыз ССР (б) КП Борбордук комитетинин кезексиз бюросу 1937-жылдын бул күнү өткөн. Бюронун күн тартибине «Правда» гезитинде жарыяланган В. Ходаковдун «Буржуазные националисты» макаласы негиз болуп, анда айыпталган айрым «жолдоштордун» кылмыштуу иши каралган. УГБ НКВД кызматчысынын көрсөтмөсүнө ылайык, ошол кездеги республикалык жетекчилик улутчул, троцкисттик-бухаринчил элементтерди жана фашисттик агенттерди жактап жаткандыгы айтылган. Бюродо иши каралган адамдардын бардыгы эл душмандары аталып, сот жообуна тартылышкан.

Орусиялык базаны Кант аба майданында жайгаштыруу маселеси 2003-жылдын бул күнү оң чечилген. Президент Аскар Акаевдин Москвага жасаган сапары маалында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, башка маанилүү келишимдерге кол коюлган.

Оппозициялык бир канча саясий партиялардын демилгеси менен «Кыргызстандын элдик кыймылы» аттуу бирикме 2004-жылдын бул күнү уюшулган. Аны Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, экс-премьер-министр Курманбек Бакиев жетектеп, кыймылга “Жаңы Кыргызстан”, “КДК”, “Эркиндик”, “Республика”, “Асаба”, “ЭрК», “Кайран эл” саясий партиялары, Бакытбек Бекбоев жана Клара Ажыбекова жетектеген эки коммунисттик партия кирген.

Сауледеги (Шяуляй) согуш 1236-жылдын 22-сентябрында болуп, литвалык, жмудин жана латыштардан куралган бириккен кол кылыччандарга оор сокку урган.

Франциянын Королдук кеңеши өлкө аймагында жайылган тамплиерлерди толугу менен камакка алуу туурасында 1307-жылдын 22-сентябрында чечим кабыл алган.

Базель келишимине ылайык, 1499-жылдын 22-сентябрында Швейцария конфедерациясы Ыйык Рим империясына баш ийбеген эркин мамлекет аталган.

Француз республикасынын 1792-жылдын 22-сентябрында түптөлүшүнө байланыштуу ушул күндөн тарта француз республикалык календары башталат.

Латвия, Литва жана Эстония 1921-жылдын 22-сентябрында Улуттар Лигасына кабыл алынган.

Советтер Союзунда металл учак курууга арналган комиссия (азыркы «Туполев» Илимий-конструктордук бюро) 1922-жылдын 22-сентябрында уюшулган.

Украина ССРинде Житомир, Полтава, Николаев областтары 1937-жылдын 22-сентябрында негизделген.

Кызыл Армия 1944-жылдын 22-сентябрында Таллинди нацисттерден бошоткон.

Советтер Союзундагы көлөмдүү астрофизикалык обсерватория 1955-жылдын 22-сентябрында Бахчисарайда курулган.

Ирак-иран согушу 1980-жылдын 22-сентябрында башталган.

Польшадагы 36 регионалдык эркин профсоюз уюмдары 1980-жылдын 22-сентябрында Гдынга чогулушуп, «Солидарность» аттуу уюмга баш кошушкан.

Казакстанда 1989-жылдын 22-сентябры казак тили мамлекеттик тил деп кабыл алынган.

Акциялардын арзандашына байланыштуу «Майкрософт» компаниясынын жетекчиси Билл Гейтстин байлыгы 2000-жылдын 22-сентябрь күнү 22 млрд. долларга азайган. Бирок ал калган 63 миллиард акчасы менен деле дүйнөнүн эң бай адамы деген ордунан козголгон эмес.

Күндүн физикалык абалын изилдөө максатында жабдылган Хинода аталган жапониялык илимий спутник 2006-жылдын 22-сентябрында Утиноур космодромунан космоско чыгарылган.
XS
SM
MD
LG