Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

25-сентябрь: Тарых барактары


Фидель Кастро.
Фидель Кастро.

Орус империясы менен Кытай мамлекетинин ортосунда чек ара маселесин тактаган Чугучак келишимине 1864-жылдын 25-сентябрында кол коюлган. Келишимге ылайык, кыргыз-кытай чеги аныкталып, тоо кыркасы жана суулар аркылуу бөлүнгөн жана эки тарап тарабынан такталган чек ара картасы алмашкан.

Кыргыздар менен кыпчактардын 1875-жылкы Кокон хандыгын каршы көтөрүлүшү сентябрь айында жаңы толкун жараткан. Лейлектен чыккан Пулат кыргыздар менен кыпчактардын көтөрүлүшүн жетектеп, ал айланасына хандыкка нааразы болгон калк катмарын топтой алган. Насреддин хандын бийлигин тааныбаган кыргыздар Анжыяндын кашындагы Пута кара жергесине чогулуп, Пулатты ак кийизге салып хан көтөрүшкөн. Генерал К. П. Кауфман 1875-жылдын 25-сентябрында Насреддинге жардам көрсөтүп, Пулат ханды кармап берүүсүн өтүнүп хандык элине кайрылган.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшүнөн кийин, Түркстан генерал-губернатордугу айрым райондордо кыргыздардын жайгашуусуна тыюу салган көрсөтмө кабыл алган. Көрсөтмөгө ылайык, пишпектик жана пржевальскилик козголоңчулар үчүн Текес, Ысык-Көл, Столыпин районунда жана Александровск кырка тоосуна кайтып келүүгө чек коюлган. Муну менен бирге аларга Нарын шаарынын сыртынан орун алууга үмүттөндүрүү керектиги белгиленген. Кыргыздар үчүн жайгашууга тыюу салынган райондор 1916-жылдын 25-сентябрында так белгилеп, аныкталган картаны жиберүү туурасында көрсөтмө берилген.

Илим коомчулугу 1932-жылдын бул күндөрү Соң Көлдүн тагдырына чындап бушайман болушкан. Айрым борбордук ирригаторлор Соң Көлдүн суусун Чүй өрөөнүнө буруп, сугат ишине пайдаланууну сунуш кылышса, кээ бирлери аны Жумгал аймагынын айыл чарбасын көтөрүүгө колдонууну жактап чыгышкан. Долбоорду жүзөгө ашырууга арбын каражат талап кылынгандыктан бул долбоор жүзөгө ашкан эмес.

Миңдеген кыргызстандык жумушчулар, дыйкандар жана кызматчылар 1942-жылдын бул күнү Чоң Чүй каналынын курулушуна жигердүү эмгегин арнашкан. Фрунзе шаардык ВКП (б) комитетинин чечимине ылайык, Чүй каналынын курулушу стратегиялык мамлекеттик кызыкчылык деңгээлине көтөрүлгөндүктөн бардык аң сезимдүү адамдардын эки жума бою адал эмгегин арнашы талап кылынган.

Испан конкистадору Васко Бальбоа 1513-жылдын 25-сентябрында чакан кол менен Панама моюнчасы аркылуу Тынч океанга чыккан биринчи европалык болгон.

Франсуа Луи Конти так атаандашы катары 1697-жылдын 25-сентябрында Польшага келген.

Екатерина II 1763-жылдын 25-сентябрындагы буйругу менен Москвадагы Павлов госпиталы ачылган.

АКШ конгресси 1789-жылдын 25-сентябрында азыр «укук туурасындагы Билл» аталган Конституцияга 12 өзгөртүү киргизүү сунушун киргизген.

Англис дарыгери Жеймс Бландел 1818-жылдын 25-сентябрында дүйнөдө биринчи жолу бир адамдан башкага кан куйган операция жасаган.

Лондондун Слоан Сквериндеги королдук сарай театры 1888-жылдын 25-сентябрында ачылган.

Тифлистеги «Кавказ» гезитинин 1892-жылдын 25-сентябрь күнкү санына Максим Горькийдин «Макар Чудра» аталган биринчи аңгемеси жарыяланган.

Испан математиги Леонардо Торрес де Кеведо 1906-жылдын 25-сентябрында дүйнөдө биринчи болуп «Телекино» аталган радио башкаруучу аппаратты көрсөткөн.

Франция президенти Фальер 1909-жылдын 25-сентябрь күнү Парижде өтчү аэронавтика боюнча биринчи эл аралык көргөзмөнү ачкан.

Париж тынчтык конференциясы 1919-жылдын 25-сентябрында Норвегияга Түндүк Муз океанындагы Шпицберген аралын ээлөөгө кепил болгон.

Генри Форд 1925-жылдын 25-сентябрында 8 сааттык 5 күндүк жумушчу күндү белгилеген.

Испандык Каталонияга 1932-жылдын 25-сентябрында өзүнүн туусун, мамлекеттик тилин жана парламентин курууга жол ачкан автономия ыйгарылган.

Смоленск 1943-жылдын 25-сентябрында фашисттик оккупанттардан бошотулган.

Фидель Кастро 1962-жылдын 25-сентябрында СССР Кубада балык улоочу флот кура тургандыгын билдирген.

Америкалык «Сайенс» журналы аэрозолду колдонуу Жердин озон катмарын буза тургандыгын далилдеген илимий изилдөө жыйынтыгын биринчи жолу 1974-жылдын 25-сентябрында жарыялаган.

Англис тилинде жарык көрчү монреалдык «Монреаль Стар» гезитинин 110 жылдык үзүрлүү тарыхы 1979-жылдын 25-сентябрында токтогон.
XS
SM
MD
LG