Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:58

4-октябрь: Тарых барактары


4-октябрь – Айбанаттарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү.
4-октябрь – Айбанаттарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү.

Cибирдеги орус бийлиги менен энесайлык кыргыздар ортосундагы мамиле тышкы таасирге да ылайык өзгөрүп турган. Жунгар мамлектинин 17-кылымдын башталышында күч алышы адегенде кыргыздардын күңкорсуздугуна коркунуч жараткан. Жунгарлардын таасири монгол алтынхандарына да тийип, эми алар кыргыздарга кысымын күчөтө башташкан.

Монгол өкүмдары Лоджан Жогорку Энесай агымында орун алган. Кыргыздар сырткы кысым айынан аргасыз Красноярск воеводасы менен кызматташууга барышкан. Энесайлык кыргыздар жунгарлар менен монголдордун таасирин чектөө максатында 1666-жылдын бул күнү Красноярск воеводасына кырдаал туурасында кабарлап кишилерин жиберишкен.

Орус империясынын Пишпек уездинде биринчи курорттук мекеме 1891-жылдын бул күндөрү ишке киришкендиги коомчулукка маалым болгон. Мындагы дарыгер адистер оорукчан адамдарга Пишпектен 40 чакырым чамалуу алыстыкта жайгашкан Ысык-Атанын жылуу суусун дарылык үчүн пайдаланууну сунуш кылышкан. Ысык-Атадагы кайнар булактардын кашына боз үй тигилип, барак тибиндеги үйлөр салына баштаган. Жаңы курорт туурасындагы маалымат Орус империясынын бардык географиялык справочниктеринде белгиленип, Ысык-Ата жөнүндөгү маалымат даректер чыгарыла баштаган.

ВКП (б) БК менен СССР Элдик комиссарлар кеңеши 1937-жылдын бул күнү биргелешип «Кыргыз ССРинин чарбалык жана маданий өнүгүшүн камсыздоо туурасында» Токтом кабыл алышкан.

Орусиядагы 1993-жылдын октябрь айында башталган бийлик тирешүүсү акыры ок атышуу менен жыйынтыкталган. Кыргызстандын парламенти менен аткаруу бийлик тармактары 4-октябрда биргелешкен жыйын өткөрүшүп, анда президент Аскар Акаев Орусиядагы кырдаал боюнча билдирүү жасаган. Орусиядагы бийлик тирешүүсү жарандык согушка алып келери белгиленип, президент Кыргызстандагы саясий күрөшкө мораторий жарыялоого сунуш киргизген.

Президент Аскар Акаевдин 2000-жылдын 4-октябрь күнкү жардыгы менен Ош шаарынын макамы белгиленген. Жардыкка ылайык, Ош шаары республиканын түштүк борбору деп таанылып, шаарда президенттин түштүк резиденциясы орун алган.

4-октябрь – Айбанаттарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү. 1931-жылы Флоренцияда жаратылышты коргоого арналган эл аралык конгресс өткөн. Табият жандыктарына кам көрүү күнүн 4-октябрга туштоо идеясы 1226-жылдын 4-октябрында көз жумган Франциск Ассизсктин жаркын элесине багышталган. Франциск Ассизск католиктер арасында айбанаттардын коргоочусу катары баркталган адам болгондуктан конгресс катышуучулары 4-октябрды анын урматына айбанаттарды коргоо күнү катары кабыл алышкан.

Англис тилиндеги биринчи Библия 1535-жылдын 4-октябрында басылып чыгарылган.

Рим Папасы Григорий XIII 1582-жылдын 4-октябрында григориандык календарь кабыл алып, кийинки жаңы күн 15-октябрь деп жар салынган.

Голланд физиги Христиан Гюйгенс 1675-жылдын 4-октябрында чөнтөк саатты патенттеген.

Кристоф Глюктун «Орфей жана Эвридика» операсынын бет ачары 1762-жылдын 4-октябрь күнү Венада өткөрүлгөн.

Англис саякатчысы Жеймс Куктун калган экспедиция мүчөлөрү 1780-жылдын 4-октябрында Англияга келишкен.

Бельгия 1830-жылдын 4-октябрында Нидерландиядан бөлүнүп, эгемендик алган.

Орусия империясынын адмиралы Г. Невельской 1853-жылдын 4-октябрь күнү Сахалинде Орусиянын туусун орноткон.

Франциянын таасирдүү маалымдоо каражаттарынын бири “Интернешнл Геральд Трибюн” гезитинин биринчи саны 1887-жылдын 4-октябрында жарык көргөн.

Король Мануэл II четке качып, 1910-жылдын 4-октябрында Португалия республика аталган.

Лондондогу биринчи эскалатор 1911-жылдын 4-октябрында ишке киргизилген.

Мурманск шаары 1916-жылдын 4-октябрында негизделген.

Энрико Ферми 1934-жылдын 4-октябрында нейтрондун ылдамдыгын аныктаган.

СССР Министрлер Кеңеши 1948-жылдын 4-октябрында каракчы жана улутчул үй-бүлөлөрдү көчүрүү туурасында токтом кабыл алган.

Советтер Союзу 1957-жылдын 4-октябрында биринчи Жердин жасалма спутнигин космоско учурган.

Айдын аркы бетин биринчи жолу сүрөткө тарткан «Луна-3» космостук аппарат 1959-жылдын 4-октябрында ийгиликтүү космоско чыгарылган.

Москва шаарынын Мир проспектисинде «Космосту багындыргандардын» монументи 1964-жылдын 4-октябрында орнотулган.

Куба компартиясынын «Гранма» борбордук гезити 1965-жылдын 4-октябрында негизделген.

Челябинск мамлекеттик университети 1976-жылдын 4-октябрында ачылган.

Советтер Союзунун бардык республикалары экономикалык кызматташуу келишимине 1991-жылдын 4-октябрында кол коюшкан.

Кавказ калктарынын конфедерациясы 1992-жылдын 4-октябрында Орусия менен Грузияга Чеченстан, Абхазия жана Түштүк Осетиянын эгемендигин таануу талаптарын коюшкан.

Президент Б. Ельцин 1993-жылдын 4-октябрында Орусияда өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттүк аскерлер Жогорку Кеңешке чабуул менен киришкен.

Швейцариядагы «Күн храмы ордени» сектасынын 48 мүчөсү 1994-жылдын 4-октябрында өзүн-өзү өрттөшкөн.
XS
SM
MD
LG