Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:08

8-октябрь: Тарых барактары


АКШда аялдар үчүн биринчи түрмө 1873-жылдын 8-октябрында ачылган.
АКШда аялдар үчүн биринчи түрмө 1873-жылдын 8-октябрында ачылган.

Сталин маалында кенедей күнөөсү бар да, бейкүнөө адамдар да жазага тартылып, адал менен кылмыштын ортосундагы аралык таанып билгис даражага жеткен. Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкандар менен Кызыл аскерлердин кеңешинде да 1939-жылдын бул күнү ушундай эле абал өкүм сүргөн. Шаардык кеңештин 288 депутатынын 148 өкүлү эл душманы аталып камакка алынып, алардын көбү атылып кеткен.

Фрунзе шаарында жарык көрчү маалымат каражаттары 1939-жылдын 8-октябрында «ТАССтын төгүндөөсүн» жарыялашкан. Советтер Союзунун Телеграфтык агенттиги советтик аскер күчтөрүнүн Кытай Элдик Республикасынын Синьцзян чек арасына жакын жайгаштырылып, ал түгүл Синьцзян провинциясына киргизилди деген кабар жалган экендигин билдирген. ТАССтын белгилөөсүнө ылайык, мындай ушак лондондук жана ньюйорктук маалымат каражаттарынын иши болгон.

СССР Илимдер Академиясына караштуу Кыргыз филиалынын археологиялык экспедициясынын жетекчиси, тарых илимдеринин доктору А. Н. Бернштам 1944-жылдын 8-октябрында Нарын дарыясынын жогорку агымында жүргүзүлгөн изилдөө жыйынтыгы туурасында отчет берген. Айтылуу археологдун белгилөөсүнө караганда, Нарын жергеси илгертеден бери Азия континентиндеги мамлекеттердин тагдырын чечкен көчмөн калктардын бешиги болуп келген. Археологиялык экспедиция тарабынан жогорку Нарындан хуннулардын маданиятына тиешелүү жана сасаниддик мезгилге таандык материалдар табылган.

Кыргызстандын фауна жана флорасын коомчулукка таанытууда зор эмгек сиңирген фрунзелик журналист Василий Борзуковдун акыркы макаласы «Советская Киргизия» гезитинин 1947-жылдын 8-октябрдагы санына жарыяланган. Айтылуу чөлкөм таанычу жана белгилүү натуралист В. Борзуков Кыргызстандын жаратылышын иликтеп, анын ажайып өзгөчөлүгүн гезит беттерине талыкпай жарыялап турган.

Фрунзе областы 1949-жылдын 8-октябрында СССР калктарынын «жол башчысы» И. В. Сталинге мамлекет кампасына эгиндин пландан ашык төгүлүшү туурасында рапорт берген. Областтын эмгекчилери Чүй өрөөнүнөн 500 миң пуд эгинди пландан ашык жыйнашкан.

СССР Конституциясынын жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу 1977-жылдын 8-октябрында Фрунзе шаарынын тургундары өкмөт аянтына чыккан. Эски борбордук аянтта колдоруна Ленин менен Брежневдин сүрөттөрүн көтөргөн адамдар жаңы редакциядагы Конституциянын кабыл алынышын социализмдин улуу жеңиши катары баалашкан.

Васко да Гаманын кемелери 1498-жылдын 8-октябрында Индиядан чыгып, мекенине багыт алган.

Англичандар бокс таймашы үчүн 1818-жылдын 8-октябрында биринчи жолу кол капты колдонушкан.

А. С. Пушкиндин «Евгений Онегин» романынын тогузунчу бөлүмү 1930-жылдын 8-октябрында бүткөрүлгөн.

Кокон хандыгына каршы козголгон кыпчактар бийлик үчүн олуттуу коркунуч жараткан. Мындан улам кыпчак козголоңунун жетекчиси Мусулманкулга каршы жазалоо ишин Худаяр хан өзү жетектеген. Кагылыш 1852-жылдын 8-октябрында Былкылама жергесинде жүрүп, хандык аскерлер чечүүчү жеңишке жетишкен. Жеңилген тарап Наманганга качып, Худаяр хан алардын артынан сая түшө кууган.

Тарыхый фактылар далилдегендей, көтөрүлүштүн чыгыш себеби Мусулманкулдун кадрдык саясатынан улам келип чыккан. Мусулманкул хандык администрациядагы кызматтарга жалаң кыпчактарды кое баштаган. Өзбек адамдары буга нааразылык ирээтинде кыпчактарга кол сала баштаган.

Чикагодогу улуу өрт 1871-жылдын 8-октябрында башталган.

Жапониядагы азыркы почта системасы 1871-жылдын 8-октябрында ишке киргизилген.

АКШда аялдар үчүн биринчи түрмө 1873-жылдын 8-октябрында ачылган.

Америка биржаларындагы кырдаалды чагылдырган Доу-Жонс индекси биринчи жолу 1896-жылдын 8-октябрында жарыяланган.

Биринчи Балкан согушу 1912-жылдын 8-октябрында башталып, Черногория Осмон империясына согуш жарыялаган.

Бухара Советтик республикасы 1920-жылдын 8-октябрында уюшулган.

Кремль съезддер двореци 1961-жылдын 8-октябрында ачылган.

Алжир 1962-жылдын 8-октябрында Бириккен Улуттар уюмуна мүчөлүккө кабыл алынган.

Че Гевара 1967-жылдын 8-октябрында Боливияда туткунга алынган.

Александр Солженицын 1970-жылдын 8-октябрында адабият тармагы боюнча Нобель сыйлыгына лауреат деп жарыяланган.

Латвия Элдик фронту 1988-жылдын 8-октябрында уюшулган.

Бурят АССР 1990-жылдын 8-октябрында өзүн Орусия курамындагы республика деп жарыялаган.

Президент Эдуард Шеварнадзе 1993-жылдын 8-октябрында Грузия Шериктеш Мамлекетер биримдигине кирерин айткан.

АКШнын Бириккен Улуттар уюмуна болгон карызы 1998-жылдын 8-октябрында 1,3 млрд долларга жеткен.
XS
SM
MD
LG