Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

15-октябрь: Тарых барактары


Илхам Алиев 2003-жылдын 15-октябрында Азербайжандын президенттигине шайланган.
Илхам Алиев 2003-жылдын 15-октябрында Азербайжандын президенттигине шайланган.

Фрунзе шаарынын бардык 2-баскычтагы мектептери 1929-жылдын 15-октябрынан баштап окуучулар үчүн аскердик даярдык сабактарын окутууга киришкен.

Мектеп окуу программасынан аскердик даярдык сабагына бир окуу жылы үчүн 62 саат бөлүнгөн.

“Советская Киргизия” гезитинин журналисттери 1934-жылдын 15-октябрь күнкү санына фрунзелик Грабовских менен Павелконун жаңы ойлоп табуусу туурасында жазып чыгышкан. Маалымат каражатында Грабовских менен Павелколор алюминийден жаңы аккумуляторду жасагандыгы кабарланат. Буга чейин чыгарылып келген коргошун аккумуляторго караганда, алюминий аккумулятору кыйла жеңил экендиги жана кубаттуулукту арбын бере турган артыкчылыктары белгиленет. Анткен менен Совет мезгилиндеги арбын изги жетишкендиктериндей эле жаңы ойлоп табылган аккумулятор өндүрүшкө киргизилген эмес.

Фрунзе шаары 1964-жылдын 15-октябрында «жаңылануу» жолуна кирген. Кызматтан алынган Н. С. Хрущевдун сүрөттөрү бул күнү бардык жерлерден шашылыш түрдө алына баштаган. Н. С. Хрущев буга чейин 11 жыл КПСС Борбордук Комитетинин биринчи катчылык кызматы менен СССР Министрлер кеңешинин төрагасы болуп иштеп, 1964-жылы «жашы улгайып, ден соолугунун чукул начарлашына байланыштуу» иштен алынган. Айрым кыргызстандыктар Н. С. Хрущев Кыргызстанга келгенде ден соолугу чың эле деп таң калышса, кээ бир кишилер муну биринчи катчынын ошол жылдын август айында Ысык-Көлгө түшүшү менен байланыштырышкан.

Ош шаардык кеңешинин депутаты, өзбек маданият борборунун төрагасы А. Алимжанов 2006-жылдын 15-октябрында киши колдуу болгон. Депутатка кол салуу кечки саат тогуз чамасында кафеде тамактанып жаткан маалда жасалган.

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрү 2003-жылдын 15-октябрында башталган. Борбор шаардын Тарых музейинде Иран калкынын байыркы маданият үлгүлөрү коюлуп, кыргызстандыктар Иран калкынын тарыхый байлыктары менен таанышкан.

15-октябрь – Элет аялдарынын эл аралык күнү. Элет аялдарына көңүл буруу демилгеси Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 2008-жылдын 12-февраль күнкү жыйынында белгиленген.

Византиялык аскер башчы Велизарий 533-жылдын 15-октябрында Карфагенге кирип, шаарды вандалдардан бошоткон.

Иван Грозныйдын аскерлери 1552-жылдын 15-октябрында Казан хандыгын жеңишкен.

Азыркы Түндүк Кореянын борбору Пхеньян шаары 1570-жылдын 15-октябрында негизделген.

Наполеон Бонапарттын Ыйык Елена аралына сүргүнү 1815-жылдын 15-октябрында башталган.

Рига орус драма театры 1883-жылдын 15-октябрында негизделген.

Француз офицери Альфред Дрейфус чалгынчылык аракети үчүн 1894-жылдын 15-октябрында камакка алынган.

Англиянын футболдук кубогу 1895-жылдын 15-октябрында уурдалып, тыйынга кайра куюлган.

Германиянын пайдасына чалгын жасаган деп айыпталган голландиялык бийчи Мата Хари 1917-жылдын 15-октябрында Париждин чет жакасында атылган.

Москва шаарындагы Шереметьев ооруканасынын алдындагы Борбордук тез жардам көрсөтүү ооруканасы 1919-жылдын 15-октябрында уюшулган. Советтик биринчи беш жылдык убагында 1923-жылдын 23-июль күнү ал Н. В. Склифосовский атындагы тез жардам институту болуп өзгөргөн.

Москва эл аралык мамилелер мамлекеттик институту (МГИМО) 1943-жылдын 15-октябрында негизделген.

Мамлекеттик чыккынчылык үчүн айыпталган вишисттик Франция өкмөтүнүн мурдагы премьер-министри Пьер Лаваль 1945-жылдын 15-октябрында атылган.

Укук коргоочу Amnesty International уюму 1961-жылдын 15-октябрь күнү Лондон шаарында уюшулган.

Советтер Союзу менен АКШ ортосундагы Кубадагы ракета кризиси 1962-жылдын 15-октябрында башталган.

Дүйнөдөгү ири «Дружба» мунай түтүгү 1964-жылдын 15-октябрында ишке кирген.

Волгограддагы «Родина-мать» монументинин курулушу 1967-жылдын 15-октябрында бүткөн.

КПСС БКнын 1985-жылдын 15-октябрында өткөн пленумда М. Горбачёв экономикалык кайра куруу планын ачыктаган.

Ирактагы 1995-жылдын 15-октябрь күнкү президенттик шайлоодо Саддам Хусейн шайлоочулардын 99,96 % добушун алган.

Кытай Элдик Республикасы 2003-жылдын 15-октябрында биринчи косманавтты «Шэньчжоу-5» космос кемеси менен ийгиликтүү космоско учурган.

Гейдар Алиев дүйнөдөн кайткандан кийин анын ордуна уулу Илхам Алиев 2003-жылдын 15-октябрында Азербайжандын президенттигине шайланган.
XS
SM
MD
LG