Жергиликтүү калктын көтөрүлүшкө катышы жана анын мүнөзү Орусия империясынын саясатына байланыштуу өзгөрүп турган. Орус аскерлери жергиликтүү калктын мал-мүлкүн талап алышы жана адамдарга кысым көрсөтүшү империяга болгон нааразычылыкты жаратпай койгон эмес. Орус аскерлери Наманган аймагын толук ээлеген соң, 1875-жылдын 17-октябрында Түркстан генерал-губернатордугуна караштуу Наманган бөлүмү уюшулган. Бул окуядан кийин кыргыздар менен кыпчактардын козголоңу жалаң эле кокондуктарга эмес, орус аскерлерине каршы мүнөз ала баштаган.
Кыргызстанда 1918-жылдын күз айы менен бийлик үчүн күрөш күч алган. Пишпек уезддик большевиктер тобунун лидери Х. Хасанов жергиликтүү революциялык трибуналынын өкүлү катары А. Сыдыковду “солчул эсерлердин анабашчысы” катары айыптап чыккан. А. Иваницын, И. Меркун, Г. Безбородов сыяктуу жергиликтүү большевиктердин белгилүү жетекчилери 1918-жылдын 17-октябрында Х. Хасановдун жалаасы негизсиз экендигин билдиришкен. Ал түгүл доочу ишти бурмалап, күнөөсүз адамды айыпка жыгууга аракет жасагандыгы үчүн алар Х. Хасановго карата трибуналда сот ишин козготушкан. Тергөө көрсөткөндөй Х. Хасанов күбөлөрдүн ар бирине 100 рублден берип, аларды А. Сыдыковго каршы жалган көрсөтмө берүүгө көндүргөндүгү маалым болгон.
Кыргызстанда шайлоо системасына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү боюнча жаңы референдум 1998-жылдын 17-октябрында өткөн. Референдумдун негизги максаты – парламентке партиялык тизме менен шайлоо тартиби киргизилген.
Кыргызстанда жаралган саясий түзүлүшкө болгон коомчулуктун ирежүүсү жана оппозициянын кысымы менен бийлик 2002-жылы Конституциялык реформа жасоого барган. Негизги мыйзам тегерегинде түркүн талкуу өткөрүлүп, ар башка долбоорлор жазылып, акыры Конституциялык кеңешме сунуш кылган долбоор 2002-жылдын 17-октябрында элдик талкууга коюлган.
Мамлекет башчынын 2005-жылдын бул күнкү жардыгы менен Бусурманкул Табалдиев башкы прокурордун милдетин аткаруучу кызматтан бошотулуп, анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Камбаралы Конгантиев дайындалган.
Швейцариянын Женева шаарында башталган «Парламент аралык биримдик» жыйынында Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев атуулдук коомдун өнүгүшүндө парламенттин ролу жөнүндөгү баяндамасын 2005-жылдын 17-октябрында жасаган.
17-октябрь – Жакырчылыкка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1993-жылкы резолюциясына жараша ар жылы жакырчылыкты жоюу күнү белгиленет. Париж шаарында жакырчылык азабына жаны ачыган 100 миң чамалуу адам 1987-жылдын 17-октябрь күнү Адам укугу аянтына келип, кедей жашоого чекит коюуну талап кылышкан.
Немис астроному Иоганн Кеплер 1604-жылдын 17-октябрында жаңы жылдызды таап, кийин ал окумуштуунун ысмын алган.
Михаил Ломоносов 1738-жылдын 17-октябрында Марбургдан Петербургга биринчи илимий изилдөөсүн жөнөткөн.
Витус Беринг жетектеген Экинчи Камчатка экспедициясы 1740-жылдын 17-октябрында Петропавловск-Камчатскийди негиздеген.
Майкл Фарадей 1831-жылдын 17-октябрында биринчи электр динамосун ийгиликтүү сыноодон өткөрүп, электромагниттик индукцияны ачкан.
Англис ойлоп тапкычы Генри Бессемер 1855-жылдын 17-октябрында болотту жасоо ыкмасына патент алган.
К. Э. Циолковский 1897-жылдын 17-октябрында аэродинамикалык түтүк жасала тургандыгын билдирген.
«Кадиллак» маркасындагы биринчи унаа 1902-жылдын 17-октябрында Детройт шаарында чыгарылган.
Венгрия 1918-жылдын 17-октябрында Австриядан эгемендик алгандыгын жар салган.
Альберт Эйнштейн 1933-жылдын 17-октябрында нацисттик Германиядан качып Нью-Йоркко келген.
СССР Жогорку Кеңеш президиуму 1938-жылдын 17-октябрында «Эрдик үчүн» медалын бекиткен.
КПССтин XXII съезди 1961-жылдын 17-октябрында Москва шаарында ишин баштаган. Партия жыйынында КПССтин 3-программасы кабыл алынып, анда 1980-жылга чейин коммунисттик коомду куруу милдети коюлган.
Киев шаарында I Бүткүл союздук анимациялык тасмалардын фестивалы 1989-жылдын 17-октябрында ишин баштаган.
Францияда эки туристтик учак 2009-жылдын 17-октябрында абада кагылышып, кырсыктан төрт адам өлгөн.