Канатшаа парваначи кокондук аскерлерди баштап Узун Агач багытында жортуулга чыккан. Анын жүрүшүнөн кабар алган генерал Г. А. Колпаковский Кастектеги чек ара чебине бекинип, 1860-жылдын бул күнү Садык, Тайчык жана Акмат баштаган кыргыздар менен казак жоокерлерин Ыргыйты Кайыңдыдан Узун Агачты көздөй аттандырган. Кыргыз жоокерлерине Узун Агачты алып, аны колдон келишинче кармап, жоо аскерин Кастекке коё бербөө милдети жүктөлгөн.
Шабдан Баатыр менен Токмок уездинин манабы Сооронбай Кудаяров 1884-жылдын сентябрь айында Талаа генерал-губернаторуна кат менен кайрылышкан. Кайрылуу Токмок уездине караштуу Тогуз Торо волостунун молдосу Мамырбай Кубатбековдун жаза мөөнөтү соңуна чыгып калгандыгына байланыштуу жазылып, кыргыздын ардактуу адамдары аны түрмөдөн бошотулушун өтүнүшкөн. Кат ээлери М. Кубатбековду кыргыз коомчулугуна аралаштыруу жана анын үлгүлүү жүрүш-турушун камсыз кылуу маселеси боюнча генерал-губернаторго кепил болорун билдиришкен. Шабдан Баатыр менен С. Кудаяровдун каты 1884-жылдын 20-октябрында кыргызчадан орус тилине которулуп, каттоого алынган.
Президент Аскар Акаевдин 1991-жылдын 20-октябрындагы жардыгы менен коопсуздук комитети жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик коопсуздук комитети курулган. Жардыкта белгиленгендей, жаңы күч органы инсандарды көзөмөлгө алып, алардын көз карашын идеологияга түздөгөн багыттан арылып, ага улуттук коопсуздукту коргой турган милдеттер жүктөлгөн.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеш катчысы Болот Жанузаков 1999-жылдын бул күнү “Кыргызстанга кол салган динчил экстремисттер, эл аралык террорчуларга өкмөттүк аскерлер катуу сокку уруп, алар өлкө тышына чыгарылды” деп билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев түрмө жана абактагылардын абалын текшерүү маалында, 2005-жылдын 20-октябрында киши колдуу болгон.
Русь князы Иван III мененУлуу Ордо ханы Ахматтын ортосундагы «Угра таймашы» 1480-жылдын 20-октябрында башталган.
Португалиялык дворянин Фернан Магеллан 1517-жылдын 20-октябрында Севильга келген. Ал 1512-1514-жж. Түндүк Африкада марокколуктарга каршы согушуп, бутунан жаракат алып, Португалияга кайтып келип, королдон кызмат сураган. Король анын өтүнүчүн канааттандырбастан, Мароккого кайта кетишин талап кылган. Магеллан 1516-жылдын башталышында королго дагы бир ирээт кайрылып, мамлекет башчысынан жок деген жооп алгандан кийин Испанияга сапар тарткан.
Түндүк Америкага жер которгон Жаңы Франциянын бойдокторуна 1671-жылдын 20-октябрында жалаң гана франциялык кыздарга үйлөнгүлө деген көрсөтмө берилген.
Американын Континенталдык Конгресси 1774-жылдын 20-октябрында Британия менен соода кылууга экономикалык тыюу киргизген.
АКШ сенаты 1803-жылдын 20-октябрында Луизиана штатын сатып алууну ратификациялаган.
Оттава шаары 1865-жылдын 20-октябрында Канада өкмөтү жайгаша турган жер катары белгиленген.
Украинадагы биринчи жеке коммерциялык банк 1868-жылдын 20-октябрында Киевде ачылган.
Москва цирки 1880-жылдын 20-октябрында ачылган.
Европадагы социал-демократиянын негизги принциптерин аныктаган Эрфурт программасы 1891-жылдын 20-октябрында кабыл алынган.
Роалд Амундсендин экспедициясы 1911-жылдын 20-октябрында Түштүк уюлга сапар тарткан.
Лео Декерс аттуу ишкер 1923-жылдын 20-октябрында эгемен Лотарингия республикасынын уюшулгандыгын жар салган.
ВКП(б) Борбордук Комитети 1929-жылдын 20-октябрында жапырт коллективдештирүү программасын кабыл алган.
Хакас Автономиялык областы 1930-жылдын 20-октябрында уюшулган.
Советтик армия менен югославдык партизандар 1944-жылдын 20-октябрында Югославиянын борбору Белградды бошотушкан.
СССР Жогорку Кеңеш Президиуму 1956-жылдын 20-октябрында «Дың жерлерди өздөштүргөнү үчүн» деген медалды бекиткен.
Таиланддагы аскердик төңкөрүш 1958-жылдын 20-октябрында жасалган.
Франция 1963-жылдын 20-октябрында жер астындагы өзөктүк сыноо өткөргөн.
Индонезиядагы коммунисттер 1965-жылдын 20-октябрында массалык түрдө камакка алынган.
АКШнын мурдагы биринчи айымы Жаклин Кеннеди 1968-жылдын 20-октябрында грек олигархы Аристотель Онассиске турмушка чыккан.
А. Д. Сахаров 1988-жылдын 20-октябрында СССР Академиясынын президиумуна шайланган.
Орус жамааттык Конгресси 1994-жылдын 20-октябрында Москва шаарында уюшулган.