Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

22-октябрь: Тарых барактары


Аянттагы митинг, 2005-жылдын 22-октябры.
Аянттагы митинг, 2005-жылдын 22-октябры.

Аламүдүн райондук кылмыш тинтүү органынын кызматкерлери 1929-жылдын 22-октябрында Мансур Мамбетов баштаган басмачылардын тобун колго түшүргөн.

М. Мамбетов жетектеген басмачылар Аламүдүн районунун кыштактарына тынчтык бербей, калктын мал-мүлкүн тоноп келген. Буга чейин басмачылар тобун Таштыбаев жетектеп, ал 1927-жылы кармалып, атууга кеткенден кийин бош орунду М. Мамбетов ээлеген.

“Советская Киргизия” гезитинин 1934-жылдын 22-октябрь күнкү санына Баткен районундагы сабатсыздык туурасында макала жарыяланган. Макалада райондогу сабатсыздык жайылганы белгиленип, атүгүл айылдык кеңештин кызматкерлери кол койгонду билбей тургандыгы кабарланат. Мындан тышкары райондук жетекчилер сабатсыздык менен күрөшүүнүн ордуна райондогу үлгүлүү мектептин имаратын мекеме үчүн тартып алгандыгы жазылган.

Советтер Союзунун акыркы жылдары өлкөнүн башкаруучу жана багыттоочу күчү эсептелген коммунисттер консерватор жана реформатордук эки канатка бөлүнгөн. Партия жетекчилиги оор экономикалык абалды эле эмес, коомдук тартип багытын да көзөмөлгө ала албай калган. «Горбачевдук айкындык» айдыңында уюшулган Кыргызстан Демократиялык кыймылы 1990-жылдын 22-октябрында башталган Жогорку Кеңештин 11-сессиясын утурлай саясий ачкачылык жарыялаган. Аны баштагандар «москвачыл» компартия жетекчиси А. Масалиевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Мындан тышкары алар өлкөдө президенттик башкаруу киргизилип, көп партиялуу системанын орношун, Ош окуяларына саясий баа берилишин талап кылышкан.

Кыргызстан президенти Аскар Акаев 2003-жылдын 22-октябрында Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоганды кабыл алган. Кыргызстан президенти Акаев Эрдоганды кыргыз элинин атынан Түркия Республикасынын курулушунун 80 жылдыгы менен куттуктап, өткөөл мезгилде Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Түркияга ыраазычылык билдирген.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы иш сапары алкагында 2003-жылдын 22-октябрь күнү ал Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары менен жолугушкан. Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы менен жолугушуу учурунда Эрдоган палата жетекчиси Алтай Бөрүбаевди Түркияга иш сапары менен келүүгө чакырган.

“Кыргызстан-Орусия” аттуу инвестициялык форумдун иши 2003-жылдын 22-октябрь күнү Бишкек шаарында башталган. Форумга Орусиянын вице-премьер-министри Виктор Христенко, атом энергетика министри Александр Румянцев, Евразия Экономикалык Шериктештик Интеграциялык комитетинин башкы катчысы Григорий Рапота катышкан. Эки күнгө белгиленген форумдун ишине Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Аскар Акаев катышары күн тартибинде белгиленген.

Баткен окуясына катышкан жоокерлердин урматына деп Бишкек шаарында орнотулган эстеликтин салтанаттуу ачылышы, 2004-жылдын 22-октябрында өткөн. Эстелик ачуу салтанатына президент Аскар Акаев катышып, анын соңунда Баткен окуясына байланыштуу Кыргыз улуттук филармониясында реквием-жыйын өткөн.

Киши колдуу болгон Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин 300-400дүн жактоочусу 2005-жылдын 22-октябрында Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтына пикетке чыккан. Алар премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылышкан. Пикетке чыккандарды маркум депутаттын агасы Рысбек Акматбаев баштап, алардын катарында тууган-уругу жана санаалаштары менен кошо спортчулар турушкан.

Ушул эле күнү түштөн кийин Ала-Тоо аянтындагы пикетчилер менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Т. Айтбаев, ички иштер министри М. Суталинов, Бишкек ички иштер башкармалыгынын жетекчиси М. Конгантиев аянтка тигилген боз үй ичинен Рысбек Акматбаев менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Сүйлөшүү соңунда министр М. Суталинов пикетке чыккандарды түшүнө тургандыгын жана алар конституциялык укуктарына ылайык турганын билдирген.

Англиянын Королдук соту 1618-жылдын 22-октябрында полководец, философ жана окумуштуу Уолтер Рэлини жазага тартууга өкүм чыгарган.

Айтылуу учкуч Андрэ Жак Гарнерен 1797-жылдын 22-октябрында тарыхта биринчи жолу аба толгон шардан парашют менен секирген.

Нью-Йорк шаарындагы «Метрополитен-Опера» 1883-жылдын 22-октябрында ачылып, биринчи күнү Чарльз Гунонун «Фауст» операсы коюлган.

Советтик журналисттер кошуунуна 1918-жылдын 22-октябрында “Мени советтик профессионал журналисттер кошуунуна кабыл алууңузду өтүнөм. Вл. Ульянов (Ленин)” деген арыз түшкөн.

Советтер Союзунун Мамлекеттик коргоо комитети Севастополь, Сталинград, Тула, Ростов, Курскта шаардык коргоо комитетин уюштуруу туурасында токтом кабыл алган.

Карель фронтунда салгылашкан Кызыл Армия 1944-жылдын 22-октябрында СССР менен Норвегия ортосундагы мамлекеттик чек арага чыккан.

АКШ президенти Жон Кеннеди 1962-жылдын 22-октябрында Кубанын деңизден жана абадан блокадага алына тургандыгын жар салган.

Француз философу жана жазуучу Жан-Поль Сартр 1964-жылдын 22-октябрында Нобель сыйлыгын алуудан баш тарткан.

Советтер Союзу 1966-жылдын 22-октябрында «Луна-12» спутнигин космоско учурган.

“Талибан” кыймылы 2000-жылдын 22-октябрында ооган элине кечкурун спорт менен машыгууга тыюу салган.
XS
SM
MD
LG