Буга чейинки кокондуктардын залимдигине каршы топтолгон нааразычылык кыргыздардын тышкы саясий багытынын Орусия империясына карата ыкташына түрткү берген. Маалыматтарга караганда, Узунагач салгылашынан кийинки күнү кыргыздардын чоң манаптары - Байтик жана Жантай орус бийлигине моюн сунуп, империянын курамына кирүүнү туура табышкан. Алардын көз карашын колдобогон жалгыз адам Ормон хандын уулу Үмөтаалы болгон.
Генерал М. Д. Скобелев 1875-жылдын бул күнү козголоңчу кыпчактардын колун Намангандын батыш тарабында талкалаган.
Генерал М. Д. Скобелев 1876-жылдын 23-октябрында алайлык кыргыздар туурасында мүнөздөмө кабар калтырган. Анын айтымында, алар күчтүү хандык маалында да моюн сунуп, күңкор абалда калган эмес. Алайлык кыргыздар салыштырмалуу жоокерчилиги менен айырмаланып, киши жеткис тоолуу аймакта жашашат. Алар хандыкка каршы жалаң жай айларында козголоң чыгарып турушкан. Кыргыздардын аздыр-көптүр күңкордугу тоо этегиндеги кыштактарда орун алган базарларга байланыштуу деп, аларга каршы жүргүзүлө турган аскер саясатын ушундай таризде аныктаган.
Орусиянын президенти В. В. Путин 2003-жылдын 23-октябрында Кыргызстанга бир күндүк иш сапары менен келген. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев менен Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн пайдалануусуна берилген «Кант» аба майданынын ачылыш салтанатына катышкан. Салтанат соңунда эки президент аба базанын ачылышына байланыштуу сөз сүйлөп, журналисттердин суроолоруна жооп беришкен. Ушул эле күнү А. Акаев менен В. Путин Бишкекте өткөн “Кыргызстан-Орусия” аттуу инвестициялык форумга катышкан. Форум алкагында жалпысынан 14 миллион долларга барабар эки тараптуу инвестициялык документтерге кол коюлган.
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы иш сапары 2003-жылдын бул күнү соңуна чыккан. Премьер-министр бул күндөрү Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуп, кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин жыйынына жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жаңы имаратынын ачылыш салтанатына катышкан.
Жогорку Кеңеш депутаты Т. Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарында башталган митингге “Ар-намыс” партиясынын чет жердеги мүчөлөрү 2005-жылдын 23-октябрында тынчсызданган билдирүү жасашкан. Билдирүүдө Кыргызстандагы кылмыштуу топтордун ич ара кандуу чатагы өлкөдөгү олку-солку абалды ого бетер бузуп жаткандыгы жана бул окуялардын артында президент Курманбек Бакиевдин карааны калдайып тургандыгы белгиленет.
М. В. Ломоносов курган химиялык лаборатория 1748-жылдын 23-октябрында Орусияда иштей баштаган.
Биринчи пластикалык операция 1814-жылдын 23-октябрында Англияда жасалган.
РСДРП(б) БКнын 1917-жылдын 23-октябрь күнкү жыйынына күтүүсүз келген В. И. Ленин куралдуу көтөрүлүш туурасындагы резолюцияны кабыл алдырууга жетишкен.
Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын биринчи жыйыны 1946-жылдын 23-октябрында ишин баштаган.
ФРГ НАТО уюмуна 1954-жылдын 23-октябрында кошулган.
Венгриядагы антисоветтик козголоң 1956-жылдын 23-октябрында башталган.
Эл аралык Олимпиада комитетинин Вена шаарында 1974-жылдын 23-октябрында өткөн 75-сессиясында XXII Олимпиадалык оюндар Советтер Союзунун борбор шаары Москвада өтө тургандыгын чечкен.
КПСС БКнын 1984-жылдын 23-октябрында өткөн пленумунда сибирдик дарыя нугун түштүккө буруу туурасындагы программа кабыл алынган.
Горький шаары 1990-жылдын 23-октябрында кайрадан Төмөнкү Новгород аталышын алган.
Будапешт шаарында 1989-жылдын 23-октябрында Венгриянын уюшулгандыгы жар салынган.
Советтер Союзундагы жазалоочу орган эсептелген КГБ 1991-жылдын 23-октябрында жоюлган.
Кытай археологдору Хань династиясынын мааалында жасалган музыкалык инструменттер музейин 2000-жылдын 23-октябрында табышкан.