Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

27-октябрь: Тарых барактары


2005-жылдын 27-октябрында Рысбек Акматбаевдин тарапкерлеринин митинги аяктаган.
2005-жылдын 27-октябрында Рысбек Акматбаевдин тарапкерлеринин митинги аяктаган.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 1990-жылдын 27-октябрь күнкү сессиясында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоо өткөрүлгөн.

Президенттик бийликтин компартия жетекчиси А. Масалиевге тапшырылышына каршы республиканын саясий элитасында буга чейин жүргүзгөн камылгасы өз натыйжасын берип, биринчи альтернативдик шайлоодо жогорку бийликке көрсөтүлгөн талапкерлердин бири да жетиштүү добуш алган эмес.

Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынына 12 адамдын талапкердиги көрсөтүлүп, депутаттардын көпчүлүгү өлкө президенттигине Аскар Акаевдин талапкерлигин колдогон.

Кыргыздын атактуу комузчусу Карамолдо Орозовдун 120 жылдык юбилейи 2003-жылдын 27-октябрында белгиленген. Комузчу жараткан “Камбаркан”, “Көкөй кести”, “Ибарат”, “Кара өзгөй” сыяктуу чыгармалар симфониялык оркестрге салынып, дүйнөлүк маданият казынасына алынган.

Кокон хандыгына каршы күрөшүп, эрдиги элдик дастанга айланган айтылуу Тайлак баатырдын эстелиги 2003-жылдын 27-октябрында Нарын шаарынын борбордук аянтына орнотулган. Тайлак баатыр өз маалында элин коргоп, мекен үчүн жанын найза учуна кармаган арстан жүрөк баатырлардын бири болгон. Анын кытай жана кокондук баскынчыларга каршы күрөшү эл эсинде калып, каармандыгы дастанга айланган.

Кворум жоктугуна байланыштуу Жогорку Кеңеш 2005-жылдын 27-октябрындагы ишин баштай алган жок. Жогорку Кеңештин маңдайында Рысбек Акматбаевдин митинги жана “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин парламентти таратуу максатында 300 миң чамалуу кол топтошу депутаттарга чукул арада шайлоочулары менен жолугушуу үчүн жер-жерлерге тарап кетишине түрткү берген.

Президент Курманбек Бакиев 2005-жылдын 27-октябрында Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Тынычбек Акматбаевдин жакындарын кабыл алган. Жолугушуудан кийин Рысбек Акматбаевдин тарапкерлери Жогорку Кеңештин маңдайындагы митингди кандай уюшкандык менен башташса, ошондой ыкчамдык менен таратып, эски аянт бир заматта бошотулган.

Америкалык Жозеф Глидден 1873-жылдын 27-октябрында тикен зымды патенттеген.

Генерал М. Д. Скобелев 1875-жылдын бул күнү Наманган шаарын ээлеп, мындагы козголоңчу кыпчактарга кол салып, шаарды кайра алууга жетишкен. Чабуул маалында 6 адам шейит учуп, 38 киши жаракат алган. Наманган шаары орус бийлигинин колуна өткөндөн кийин аймакта козголоңчу кыймыл токтогон.

“Император Павел I” аттуу броненосец 1905-жылдын 27-октябрында Балтика заводунда курула баштаган.

Советтик аскерлер 1944-жылдын 27-октябрында Ужгород шаарын фашисттик баскынчылардан бошотушкан.

АКШ Аба күчтөрүнө караштуу У-2 чалгынчы учак 1962-жылдын 27-октябрында советтик ракета менен Куба абасында атылып түшүрүлгөн.

Кытай Элдик Республикасы 1982-жылдын 27-октябрында өлкөнүн калкы миллиарддан ашкандыгын билдирген.

Байкал-Амур магистралы 1984-жылдын 27-октябрында ишке киргизилген.

Швейцариядагы Лозанна метросунун биринчи тармагы 2008-жылдын 27-октябрында иштей баштаган.
XS
SM
MD
LG