Жыйында аскердик-техникалык кызматташтык, экспортко көзөмөл кылуу, бажы мыйзамдарын бузуп, анын талаптарын аткарбагандар менен күрөш өңдүү маселелер талкууланган.
Мындан тышкары 2003-2004-жылдарда кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер ортосунда кабыл алынган программанын аткарылышы жана кылмыш жолу менен табылган акчаны адалдоого каршы күрөш жолдору талкуулаган.
Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев 2004-жылдын 28-октябрында эл аралык Валюта фонддун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Тапио Саавалайнен менен жолугушкан. Анда Кыргызстандын 2005-жылкы бюджети, өлкөдөгү кичи жана орто бизнес тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланган. Т. Саавалайнен өлкөдө жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча программа негизинен аткарылып жаткандыгын билдирип, эл аралык Валюта фонду Кыргызстандагы Салык кодексинин кайрадан каралып жатышын колго аларлык иш-чара катары баалаган.
“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын демилгеси менен 2005-жылдын 28-октябрь күнү Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында өткөн митингге миңден ашуун адам катышты. Алар колдоруна “Кылмыш дүйнөсүнө каршы эл биримдикте”, “Биз Феликс Куловду колдойбуз”, “Элдин президенти бар” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Аталган коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов президент Курманбек Бакиевдин иш аракеттерин сынга алып, кылмыш дүйнөсү менен чечкиндүү күрөшүүгө чакырды. Ал Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевди уюшкан кылмышкерлер менен сүйлөшүүгө барып, аларды тымызын колдоодо деп айыптаган.
Айтылуу Жайыл баатырдын 300 жылдыгына арналган майрамдык салтанат 2006-жылдын 28-октябрь күнү Кара-Балта шаарында белгиленди. Жайыл баатыр кыргыз деп кылыч кармап, убагында жер-сууга көз арткан калмак жана коңшу калктардын дымагын токтоткон белгилүү тарыхый инсандардан болгон. Жайыл баатырдын эсепсиз эрдиги эл эсинде сакталып, санжыра болуп айтылып калган. Майрамдык салтанатта Жайыл баатырдын өз мекенин тышкы баскынчылардан коргогон каармандыгы көрсөтүлүп, тарыхый инсандын жаркын элесин эл эсинде сактоо керектиги белгиленген.
Нью-Йорктогу Эркиндик айкелинин расмий ачылышы салтанаты 1886-жылдын 28-октябрында өткөн.
“Kodak” фирмасы түстүү сүрөт чыгара тургандыгын 1914-жылдын 28-октябрында билдирген.
Немис крейсери «Эмден» 1914-жылдын 28-октябрында Пенанг гаванында орус крейсери «Жемчуг» менен француз миноносеци «Мушкетти» сууга чөктүргөн.
Греция 1940-жылдын 28-октябрында Экинчи дүйнөлүк согушка кошулган.
Украина 1944-жылдын 28-октябрында фашисттик баскынчылардан бошотулган.
Финляндия 1955-жылдын 28-октябрында Түндүк кеңешке кирген.
КПСС БКнын биринчи катчысы Никита Хрущёв 1962-жылдын 28-октябрында Кубадагы советтик ракеталар алына тургандыгын билдирген.
“Луна-23” автоматтык станция 1974-жылдын 28-октябрында космоско ийгиликтүү чыгарылган.
Кабулдагы 2009-жылдын 28-октябрь күнкү террордук кол салуудан 12 адам, анын ичинде Бириккен Улуттар уюмунун 6 өкүлү набыт болгон.