Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Кыргызстандагы окуялар дүйнө назарында


Кыргызстандагы окуяларды чагылдырган сүрөттөр дүйнөгө тарады.
Кыргызстандагы окуяларды чагылдырган сүрөттөр дүйнөгө тарады.
CNN, BBC, SkyNews, Ал-Жазира телеканалдары, бул жактагы Чехиянын алдыңкы кабар агенттиктери да “Кыргызстанда парламент талкаланды”, “Прокуратуранын имараты өрттөнүп атат” деген маалыматтарды башкы жаңылык катары берип жатышат.

Кечээ Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Таласта башаламандык башталаар замат, бийлик менен оппозиция өкүлдөрүн токтоосуз сүйлөшүүлөр баштоого үндөгөн. Бүгүн дал ушундай мазмундагы билдирүүлөрдү АКШ, Орусия, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму таратышты. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жаткан Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев Кыргызстандын тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевге телефон чалып, жаатташкан тараптарды сабырдуулукка үндөп, “өкмөт жана оппозиция өкүлдөрүн ортодогу чыр-чатакты саясий акылмандык, көрөгөчтүк менен чечип, кыргыз элинин кызыкчылыгын баарынан жогору коюуга” чакырды.

Андан тышкары Казакстан менен Өзбекстан коңшулаш Кыргызстандагы окуяларга терең тынчсыздануу менен көз салып, кырдаал коопсуздукка коркунуч келтире турган деңгээлге жетсе, чек араларды жабууга аргасыз болорун эскертишкен эле. Ушу тапта Казакстанга өтө албай, чек арада миңдеген кишилер топтолуп калганы кабарланууда.

Бүгүн Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Андрей Нестеренко Москванын билдирүүсүн жарыялады. “Биз менен достук мамиледеги Кыргызстандагы стабилдүүлүккө кызыкдар тарап катары ал жактагы бардык кыйчалыш маселелер мыйзам чегинде чечилишин колдойбуз. Ошол эле маалда жаатташкан тараптарды күч колдонуудан карманып, бөөдө кан төгүүгө жол бербөөгө үндөйбүз, - деди Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нестеренко.


Ал тапта чет өлкөлөрдө баш калкалап жүргөн Кыргызстандык саясатчылар билдирүү таратып, кечээ Таласта башталган башаламан окуяларды кыргыз бийликтери атайлап уюштурган деген пикирин жарыялашты. Биз менен телефондон маектешкен Руслан Исаков - Исмаил Исаковдун уулу - Америка, Европада жашап жүргөн бир катар саясатчылар жакын арада Кыргызстанга кайтып барууга камданып жатканын кошумчалады. Ата-Журт деген уюмдун атынан таратылган билдирүүгө Кубатбек Байболов, Өмүрбек Абдрахманов, Бакыт Бешимов, Равшан Жээнбеков баш болгон саясатчылар кол коюшкан. Равшан Жээнбеков менен байланышканыбызда, Америкада жашаган кыргызстандыктар Максим Бакиев бүгүн келет деп пикет өткөрүүгө камданып турганда, Максим Бакиев келбей калды деген кабар алышканын айтып берди.

- Бул жакка бүгүн Максим Бакиев учуп келмек. Азыр бир он мүнөт мурдараак Кыргызстандын АКШдагы элчилиги менен байланышсак, алар Максим Бакиев келбей калды деп айтышты. Андан улам эки жыйынтык жасасак болот. Биринчиси, ал башка жакка качып кетти, экинчи бир маалымат алдык – Максим Бакиевге Казакстандын укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, ошол жерде камап койду деген.

Азырынча АКШдагы кабарчыларыбыз Максим Бакиевдин дайынын таппай, тактоо аракетинде болуп жатышат.

Эң соңку дагы бир кабарды айта кетсек, Казакстандык “Алга” партиясы жаңы эле ЕККУга мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылып, коррупцияланган, авторитардык бийлик орноткон Курманбек Бакиевдин режимине каршы чыккан кыргыз элин колдой турганын билдирди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG