Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Эрки күчтүү, жаш лидерлер барбы?


1990-жылы демократиялык реформаларды колдоп, 100 миңден ашуун киши Москвада чогулган.
1990-жылы демократиялык реформаларды колдоп, 100 миңден ашуун киши Москвада чогулган.

Мындан жыйырма жыл мурда жаштар, студенттер коммунисттик режимге каршы чыгып, марш өткөрүшкөн. Кыргызстандын эгемен өлкө болушуна ошол кездеги студенттердин да салымы зор экени айтылып келет. Серепчилер азыркы студенттерде жыйырма жыл мурдагыдай дарамет да, эрк да жок экенин айтып келишет.

1985-жылдары Михаил Горбачевдун тушунда айкындуулук, кайра куруу кезинде элде жандануу пайда боло баштаган. 1990-жылдардын башында өлкөдө Кыргызстан Демократиялык кыймылы жаңыдан түзүлүп, анын башкы талап, максаттарынын бири – эгемен мамлекеттин пайдубалын түзүү болгон.

Мындан сырткары социалдык теңсиздикке каршы чыккан демилгечи жаштар алгач эле ачкачылык жарыялоо менен баштап, алардын саны жүздөп саналган. Аларды өлкөдөгү студенттердин көбү колдоп чыгышкан. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Жыпар Жекшеев айтты:

- Бизден кийин 112 депутат өзүнүн демократиялык тобун түзүштү. Ал эми бизди артыкча Улуттук университеттин студенттери Тынчтыкбек Чоротегиндин демилгеси менен арабызга кошулуп, активдүү катышып, колдогон.

Жыпар Жекшеев
Кысымдан корккон жаштар, лидерге үмүт


Серепчилердин баамында, ошол кезде бийлик жаштардын ой-пикири, сунуштары менен эсептешчү, ал тургай айрым кыймыл-аракеттеринен сестенип да турчу. Жаштардын кандайдыр бир маселени ишке ашырууда эрки да, дарамети да чоң болчу. Башкача айтканда, ал жылдары студенттер, жалпы эле жаштар чоң күч катары каралчу. Бирок Ж.Жекшеев азыркы жаштарда мурдагыдай чечкиндүүлүк байкалбайт деген ойдо:

- Азыркы студенттерден, жаштардан мурда, 1990-жылдагыдай коркпой, эрктүү, чечкиндүү аракеттерин көрө элекпиз. Себеби кандайдыр бир кысымдан коркобу, окуудан куугунтукталабыз дешеби, айтор ал убакта кылчактабай, дароо ишке киришип кетээр эле.

Жыпар Жекшеевдин айтымында, кыргыз тилинин мамлекеттик тил болуп калышына да дал ошол жаштардын таасири зор.
Бизде, мисалы, орус тилинен берген эки окутуучу бар, алар биздин жоопту угуп күлө беришет.


Улуттук университеттин жаштар комитетинин лидерлеринин бири, “Жаштар коррупцияга каршы” тобунун жетекчиси Улан Орозбаев учурда жаштардын айрым иштерге кайдыгер экенине ынанганы менен, ал кезде башкача система, идеология болгондугун айтат.

Анын айтымында, учурда жаштардын арасынан алдыга үндөп, сүрөй турган, ишеничтүү лидер жок:

- Ал убакта башка система, башка идеология, башка менталитет, башка баалуулуктар болчу. Азыр жаштар материалдык байлыкка өзгөчө көп көңүл бурушат. Бир жагынан жаштарга да жакшы мисал болбой жатат. Эгер андай лидер болсо башкача болмок. Базар экономикасы убагында ар бири өз улуту, өз үй-бүлөсү жөнүндө ойлойт. Чындыгында индивидуалдык аң-сезим болуп калды. Балким мыкты лидер бар, бирок азырынча жаштар аларды көрө албай турат, же лидерлер иши менен өздөрүн көрсөтө албай турат.

Жаштар өз укуктарын билишпейт

“Азаттык” жыйырма жыл мурдагыдай студенттердин маршын өткөрүүгө азыркы жаштардын эрки жетеби деген суроо менен студенттерге кайрылды:

Аскар: Биз азыр 1-курста окуйбуз, андай деле маселе боло элек.

Зарина: Бары бир кандай болсо да окутуучулар жеңип кетет да, ошондуктан унчугушпайт.

Мирлан: Азыр эч кимде эрк жок. Чыгышпайт го.

Эркин: Азыр корккондон чыкпайт го дейм. Азыр көптөрү эле акча менен бүтүрүп калбадыбы. Коркушат да, балким декандын “крышасы” барбы, ким билет, андайлар көп эле болуп жатпайбы.
Азыркы студенттерден, жаштардан мурда, 1990-жылдагыдай коркпой, эрктүү, чечкиндүү аракеттерин көрө элекпиз.


Чолпон: Биз өзүбүздүн укугубузду коргой албайбыз. Бизде, мисалы, орус тилинен берген эки окутуучу бар, алар биздин жоопту угуп күлө беришет. Алардын күлгөнүнөн билген нерсебизди да айта албай калабыз. Аларды эмнеге күлүп жатасыңар деп айта албайбыз да. Биз айтсак алар өчөшүп окуудан айдап жибереби деген да ой пайда болот.

Бишкек шаарында билим алган айрым студенттердин көбү алдыга сүрөй турган, эрки күчтүү лидердин чыгышын күтүп жаткан өңдүү. Аны да убагы келгенде сөз кыларбыз...

Тасмада: Алгачкы анти-коммунисттик каршылыкка - 20 жыл

Мындан 20 жыл мурда 25-январда кыргызстандык жаштар, студенттер алгачкы жолу өз укуктарын коргоп, Ала-Тоо аянтына демонстрацияга чыгышкан.

Алгачкы анти-коммунисттик каршылыкка - 20 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

XS
SM
MD
LG