Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Кыргызстанда студенттик отряддар жандана баштады


Камбар-Ата ГЭСинин курулушунда
Камбар-Ата ГЭСинин курулушунда

Бүгүн Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна алгачкы студенттик отряд жөнөп кетти. Жогорку окуу жайда окуган 50 студент өз каалоолору менен гидроэлектростанциянын курулушуна кол кабыш кылышат. Быйыл жай ичи Камбар-Ата ГЭСине жалпы 300 студент кезек менен бармай болду. Алар курулуш иштеринде сентябрь айына чейин болушат.

Бүгүн 50 студент шымаланып, Камбар-Ата-2 ГЭСине курулушка сапар алды. Алардын арасында Кыргыз транспорт жана курулуш университетинин 3-курсунун студенти Самат Камбар-Атага иштегени экинчи ирет баратат:

-Мен студенттик отряд деп атам-апамдардан укчумун, бирок такыр элестете алчу эмесмин. Былтыр биринчи жолу бардым. Аябай жакты. Китептен эле көргөн темир шаймандарын өз көзүм менен ошол жерден көрүп, абдан таң калдым. Кайра окууга келгенде жай ичи алган тажрыйбаларым абдан пайдалуу болду.

Саматтын айтымында, ага Камбар-Атадагы бардык иштөө шарттары жаккан. Ал гана эмес болочок энергетик жигитке жумуш орун да сунушташкан. Эми ал сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, иштесемби деп турган учуру.

Студенттерди даярдап жөнөтүп жаткан уюштуруучулардын айтымында, мындай отряддар Кыргызстанда 2006-жылдан тарта кайра жандана баштады. Демилгени учурунда студенттик отрядды уюштуруп, башкарып жүргөн 5 адам көтөрүп чыккан. Алар студенттерди практикалык ишке тартып, жай мезгилинде бош жүрбөй иштеп акча таап алуусуна шарт түзүү аракетинде:

-Мисалы Камбар-Ата акционердик коом. Биз алардын жетекчилиги менен жолугуп келишим түздүк. Демек, барган жаштар канча күн иштешет, кандай шартта кандай объектте иштешет, канча айлык маяна алат деген маселенин баарын сүйлөштүк. Келечекте бул иш тартипке салынып, система болуп кирип калса элге да мамлекетке да чоң пайда болмок,- дейт студенттик отрядды тузүүчүлөрдүн бири, азыркы демилгечи топтун мүчөсү Мырза Капаров.

Кыргызстанда алгачкы жолу студенттердин отряды 1966-жылы тузулгөн. Май айында Ташкентте болгон жер титирөөдөн кийин 25 Кыргызстандык студент ал жакка барып, бала бакча салып кайтышкан. Ошентип совет мезгилинде Союзга кирген өлкөлөрдү кыдырып, ар түрдүү курулуш иштеринде уюшкандыкта иштеген бул жаштардын күчү Союз кулагандан кийин 90-жылдары унутулуп калган.

-“Комсомол” деген борбордук комитет бар эле. Анын алдында студенттердин курулушчулар отрядынын штабы болоор эле. Азыр болсо бул ишти колго алган уюм, даярдалган кишилер да жок. Азыр жаштар департаменти деген бар. Алар семинарларды өткөрөт. Семинар деле жакшы, бирок ал теориялык иш бойдон калып жатат. Практикалык эч нерсеси жок, - дейт Мырза Капаров.

Студенттик отряддарды калыбына келтирүү демилгеси мурунку Союздун курамындагы өлкөлөрдүн ичинде алгач Кыргызстанда, андан кийин Россия менен Казакстанда башталып жатат. Билим берүү министрлигинин адиси Абдыманап Жолдошевдин айтымында, жаштар аудиториядагы лекция менен чектелбей, курулуш обьектилерине барып, жумуштун масштабын көзү менен көрүп чыйралат. Ошондой эле алар эл менен тил табышып, чогуу иш алпарууга үйрөнүшөт. Азыр эмгекке суусаган, жумуш бер деген жаштар өтө көптүгүн, аларга шарт эле керектигин белгилейт адис:

-Эң негизгиси бизде шарт түзүү кыйын. Шарт болсо ким иштебесин. Бул биздеги жумуш берүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүгүнө көз каранды болот. Быйыл кризис болбогондо да балким көп студент тартылмак. Баары эле айланып келип каржы маселесине такалып калат.

Камбар-Ата ГЭСине аттанган студенттер орточо эсеп менен 8 миң сомдон айлык алышат. Бүгүн студенттерди жайкы мезгилде жумушка тартуу шартын жакшыртууга багытталган президенттин жарлыгы чыкты. Ага ылайык, өкмөткө студенттерди салыктардан бошотуу мүмкүнчүлүгүн кароо милдети жүктөлдү.

Быйыл курулуш тармагынан башка тейлөө, туризм тармагы, айыл чарба иштерине студенттик отрядга жети жарым миңге жакын студент тартылат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG