Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Ысык-Көл камкордукка муктаж


Ысык-Көлгө жылына 1 миллионго чукул эс алуучу келет
Ысык-Көлгө жылына 1 миллионго чукул эс алуучу келет

Кыргызстандын жаратылыш бермети Ысык-Көлгө туристтердин кызыгуусу артып, ага байланыштуу эс алуу жайларынын көбөйүп жатканы көлдүн келечегине коркунуч келтирүүдө. Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында Азия өнүктүрүү банкы менен кыргыз өкмөтү биргелешкен аракеттерди көрө баштады.

Деңиз деңгээлинен 1600 метр бийик турган Ысык-Көл бир жагынан улуттун ченемсиз сыймыгы болсо, ошол эле учурда глобалдык экологиялык өзгөчө маанилүү суу бассейни болуп саналат. Ак мөңгүлүү тоо кыркалары менен курчалган кыргыз берметинин үстүңкү бети күзгүдөй тунук болуп, көл улам тереңдеген сайын күүгүм тарта баштайт.

Совет доорунан бери эле Ысык-Көл туристтердин сүйүктүү жайына айланып, айрыкча түндүк жээги эс алуу үйлөрүнө жык толгон. Бүгүнкү күндө көлгө келген эс алуучулардын саны бир миллионго чейин жетип, бул көлдүн экологиялык абалына терс таасирин тийгизүүдө.

Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Бобур Алимов “Азаттыкка” Ысык-Көлдүн жээгиндеги курулуш жайлары жылдан-жылга көбөйүп бараткан жергиликтүү калкты, көлгө келген эс алуучуларды тейлөөдө талапка жооп бербей тургандыгын айтат:

- Жай мезгилинде көлдөгү эс алуучулардын саны туруктуу жашаган элден төрт эсеге көбөйөт, бул болсо жергиликтүү инфраструктурага өтө чоң басым жасайт. Ал жердеги пайдаланылган суу өтчү түтүктөр, санитардык жабдуулар дээрлик 20-30 жыл мурун ишке киргизилген. Учурда көпчүлүгү иштен чыгып калган. Бул болсо көлдүн суусунун тазалыгына коркунуч туудурууда.

Айрыкча Ысык-Көлдүн батыш жээгиндеги Балыкчы, Чолпон-Ата, Караколдо элдин саны өскөнү менен шаарлардагы санитардык абал илгерки эле тейден. Көл жээгине жакын отурукташкан калктуу жерлерден, үстөккө босток курулуп жаткан эс алуу үйлөрүнөн чыккан пайдаланылган суу, таштанды түз эле Ысык-Көлдүн суусуна кошулган жерлер дагы кездешет. Муну менен көлдүн суусу гана эмес, жер кыртышы, жер алдындагы суулар дагы булганып жатканын ар ким эле эсине албаса керек.

Азия өнүктүрүү банкынын 37,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү долбоору Балыкчы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында пайдаланылган суу өтчү түтүктөрдү курууга, жаңылоого, таштандыларды иреттөөгө багытталып 2015-жылга чейин ишке ашырылат.

- Ысык-Көл дүйнөнүн байлыгы. Аны эл аралык уюмдар билет. Биз көлүбүздү өнүктүрүп, көтөрүп кетишибиз керек. Бирок биз өзүбүз, элибиз, өкмөтүбүз чечкинсиз болуп жатпайбызбы. Дүйнөлүк деңгээлге көтөрчү эле көлүбүз бар да, - дейт И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университенин профессору, “Табият” экологиялык кыймылынын жетекчиси Темирбек Чодураев.

Ысык-Көл суусунун туздуулугуна байланыштуу тоңбойт, андыктан көл акваториясында уникалдуу микроклимат түзүлүп кышкысын он миңдеген канаттуулардын жылуу үйүнө айланат. Kөлдүн суусунун булганышы аймактын биологиялык түрдүүлүгүнүн кескин азайышына да түрткү болууда. Көлдөгү балыктардын, ал тургай Кызыл китепке кирген айрым түрлөрүнүн жоголуп баратышына суунун булганышы бир себеп болсо, дагы бир чоң көйгөй – чектен ашкан балыкчылык.

Германиянын жаратылышты коргоо уюмунун вице-президенти Томас Теннхардт (Thomas Tennhardt) Ысык-Көлдө туризмди кеңири өнүктүрүү үчүн алгач талапка жооп берген система курулушу зарыл дейт:

- Ысык-көлдө экотуризмди өнүктүрүү боюнча долбоорубуз 10 жылдан бери иштеп жатат. Эгер Швейцарияны карасак, канча туристтер анын тоолорунда жүрөт. Ал жакта калктын жыштыгы Ысык-Көл өрөөнүнөн алда канча чоң. Эгер силер жаратылышка зыян келтирбегидей болгон туризмдин түрүн өнүктүрсөңөр, бул көлгө ылайыктуу болот деп айтаар элем.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG