Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

З.Акбагышева: Коомдук палата бир топ иш бүтүрдү


26-январда Коомдук палата, башкача айтканда Ордо кеңештин расмий ишке киришкенине 1 жыл толду. Өткөн жылы, 26-январда Коомдук палатанын 45 кишиден турган курамы түзүлгөн болчу.

Өлкө башчысы К.Бакиев президент менен коомчулуктун байланышын арттыруу, күчөтүү максатында 2008-жылы 1-декабрда Коомдук палата түзүү жардыгын чыгарган эле. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна Ордо кеңештин төрага орун басары, коомдук ишмер Замира Акбагышева маек курду.

- Бир жыл ичинде Коомдук палата кандай иштерди аткарды? Эмнени жасай алган жок?

Замира Акбагышева: Сиз туура айтып кеттиңиз, азыр коомдук палата бул кеңеш берүүчү орган. Бул палатага Кыргызстандагы белгилүү 45 инсан кирген. Алар Коомдук палатанын миссиясын аткарууга өз салымдарын кошту.

Биринчи миссия - бул мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийликтер менен жарандардын ортосундагы карым-катнашты түзүү, жардам берүү, жарандардын арасында, жалпы жарандык коомдо, элибизде кандай маселелер болсо, ошолорду чечүүгө аракет кылышыбыз керек.
Мына, кант заводдору боюнча президентке жеткирдик эле, бул иш чечилип атат.


Биринчилерден болуп биз кант кызылчасын өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча коомдук угуу өткөрдүк. Белгилей кетейин, биз үчүн бул маселе оңой болгон жок. Себеби ошол убакта, сиздер билесиздер, кант заводдору көбүнчө башка өлкөлөрдүн инсандарынын колунда экен. Ошондуктан эл менен кант заводдорунун ортосунда биз карым-катнашты түзүүгө, көйгөйдү чечүүгө аракет кылдык. Бул маселени чечүү үчүн биз президенттин көңүлүн бул маселе буруп, керек болсо кант заводдорун кайра мамлекетке алуу жөнүндө маселе коюу керек деген чечимге келгенбиз. Буйруса, бул жылы республиканын кант өндүрүү боюнча мурда жоготуп жиберген абалын кайра кайтарганга толук ишеним бар.

- Сиздер жарыялаган отчетто көп иштер аткарылгандыгы көрүнүп турат. Жетишпей калган өңүттөр кайсылар болду? Дегеле сиздердин үнүңүздөр бийлик бутагына, ошонун ичинде парламентке, президентке жетип атабы?

Замира Акбагышева: Биз өзүбүз башында план койгонбуз, ошол планды аткарууга аракет кылып, өзүбүзгө кандай максат койсок ошол маселелерди чечтик. Биздин эң биринчи максат - жөн эле карап коюп, коомдук угуу өткөрүп эле калып калбастан, аны көзөмөлдөш керек. Анан изилдеп, элге жеткирип, аны президентке жеткирүү керек.
Курултай бир жылда бир чогула турган уюм. Коомдук палата болсо күнү-түнү иштей турган уюм.


Мына, кант заводдору боюнча президентке жеткирдик эле, бул иш чечилип атат. Мигранттар боюнча чоң бир маселени баштадык эле, ал да чечилип, Челябинск облусунда эмгек жана миграция боюнча консультативдик борбор түздүк. Орусиядагы элчилик, Аялдар конгресси, Коомдук палата болуп чоң бир ишти жасадык.

- Президент тарабынан башкаруу реформасынын алкагында бир топ чечимдер кабыл алынууда. Акыркылардан болуп Ынтымак курултайын түзүү чечими кабыл алынды. Айрым байкоочулардын айтымында, максат, милдеттери окшош бири-бирин кайталаган уюмдар болуп калды. Сиздин оюңузча, Коомдук палата менен Ынтымак курултайынын айырмасы эмнеде?

Замира Акбагышева: Курултай бир жылда бир чогула турган уюм. Коомдук палата болсо күнү-түнү иштей турган уюм. Коомдук палатага азыр коомдук уюмдардан, калктан, жарандардан 400дөй кайрылуулар келип атат. Биз ар бир инсандын көйгөйүн чечүүгө аракет кылып атабыз. Жергиликтүү өзүн-өзү башкарууларга, мамлекеттик ар кандай уюмдарга элдердин нааразычылыктары бар экен. Коомдук палата конкретүү түрдө иштей турган, кеңеш берүүчү орган.

- Маегиңизге рахмат.

Тасмада: Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу

Президент Курманбек Бакиев 21-январда Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча өлкө калкына кайрылуу жасады. (Президенттин басма сөз кызматынын тасмасы)

Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG