Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Аксынын арманы жана көз жашы


17- мартта Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү митинги болду. Анын катышуучулары Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрүн таап жазалоо, отун-суу акысын арзандатуу жөнүндө талаптарды коюшту.

Аза күтүү каадасы Аксы окуясында курман болгондордун арбагына куран окуу менен башталды. Эскерүү митингин ачкан БЭКтин мүчөсү Кубаныч Маматкеримов бийлик сегиз жылдан бери алты адамдын өмүрү кыйылган окуянын аягына чыкпаганына токтолду:

- Бул бийликтен каргашалуу Аксы окуясынын күнөөлүү адамдарын табышына көзүбүз жетпей калды. Азыркы бийликти карапайым эл ишенип, Аксы окуясына чекит коет деп алып келдик эле. Бирок биздин ал үмүтүбүз аткарылбай калды. Күндөн күнгө карапайым элдин турмушу оорлоп атат, тарифтер, баалар өзгөрүп атат. Бүгүнкү күндө ушул жерге чогулушубуздун себеби ушул болуп атат.

БЭКтин Аксыдагы төрагасы Исраил Шергазиев "Түндүкэлектро" жана "Кыргызтелеком" өңдүү кирешелүү тармактардын арзан баага сатылганын сындап сүйлөдү. Ал мыйзамда жок кызматтардын башкаруу тармагына киргизилишине каршы болду. Жерлердин чет элдиктерге ижарага берилишине нааразылыгын айтты. Эл алдында президент менен Жогорку Кеңеш жана Жогорку Сот, Башкы прокуратурага болгон кайрылууну окуп, митингге катышкандардын добуш берүүсүн өтүндү. Бийликке коюлган беш талаптын ичинде паспорт менен аскер белетин өз баасында өз убагында берүү, электр наркын 40 тыйынга түшүрүү, салык өлчөмдөрүн эски баасында калтыруу, Исаковду, Бөлөкбаевди, Аргынбаевди, Рыскуловду камактан бошотуу жана актоо талаптары айтылды.

Митингде көз каранды эмес комиссиянын Аксы окуясын териштирүүдөгү эмгеги белгиленип, маркум депутат Д. Садырбаев менен мурдагы коргоо министри И. Исаковго ыраазылык билдирилди. «Ата Мекен» партиясынын Аксыдагы бөлүмүнүн төрайымы Наркыз Шералиева "И. Исаков бүгүн элдин коргоосуна муктаж" деп сүйлөдү:

- Өз элин, өз жерин, өз келечегин, укугун коргоо деген, ошону Исаковго коюш керек азыр. И.Исаковду коргоо бул кыргыз элинин укугун, элин, жерин, келечегин коргоо дегенди экинчи маселеге коебуз. Биринчи маселе, Аксынын талабы аткарылсын.

Калктын жылуулук, электр кубаты, суу, коммуналдык кызмат бааларынын кымбатташына нааразылык айтылууда. Райондук бийликтин аппарат башчысы Жыргалбек Шакиев эскерүү митингинде коюлган талаптар демократиянын белгиси деп эсептейт:

- Бул жергиликтүү элдин, жеке адамдардын өздөрүнүн пикири. Азыркы бийлик кандай иштеп атат. Буга ар ким өз алдынча баа бералат. Кээ бири жакшы, кээ бири жаман дейт. Аксы окуясы боюнча күнөлүүлөр жоопко тартылсын деп аксылыктар окуя болгон күндөн 8 жылдан бери эле айтып атышат. Бул күч органдарынын иши, ага ким күнөөкөр экенин таап, жоопко тартыш керек.

Аза күтү митингине жүздөн ашык адам катышты. Андан кийин элди Кербен шаарында митинг өткөрүүгө чакырган БЭКтин мүчөлөрүн Боспиектеги нааразылык акциясын көзөмөлдөп турган район прокурору, ички иштер бөлүмүнүн башчысы, коопсуздук кызматынын өкүлү айнытууга аракет кылды.

Район борборунда нааразылык акциясы өткөн жок. Ага райбийликтин алдына барчу жолдун автоунаалар менен тосулуусу, милиция башчысынын кошумча күчтөрдү чакыруусу, БЭКтин үч өкүлү кайрадан эскертүү алуусу себеп болду.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG