Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Б.Мамбетов: Камбар-Атанын колдон чыгуу коркунучу бар


Белгилүү болгондой, Өнүктүрүү фонду Камбар-Ата-2 ГЭСин күрөөгө коюуну талап кылууда. Бул маселеге Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Базарбай Мамбетовдун ой-пикирин уктук.

- Мына ушул ГЭСтер тууралуу мыйзамдын күчүн жоготуусу коомчулук тарабынан катуу сынга алынып жатат. Мамлекетке таандык Камбар-Ата-2 ГЭСин күрөөгө коюп акча алуу тууралуу маселе коюп жаткан Өнүктүрүү фонду кимге таандык деген суроо дагы бар. Адис катары сиздин пикириңиз кандай ушул маселеде?

- Бул жерде дагы бир жолу эки чоң проблеманы түздүк. Биринчиден, биздин өкмөт менен Жогорку Кеңеш биргелешип туруп курулуп аткан Камбар-Ата ГЭСин мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгарып "Электр станциялары" акционердик коомуна берген. Экинчиси, Орусиядан келип аткан түз кредит 300 млн. доллардын 100 млн. долларын биздин өкмөт түз эле курулушка бербей, аны Өнүгүү фонду аркылуу берип, анан Өнүгүү фонду курулуп аткан Камбар-Ата ГЭСинин акциясын чыгарып, аны эркин сатып, ушундай быкы-чыкы иштер менен кыргыз эли дагы бир проблемага түштү.

Мунун баардыгы эле эки жыл мурда Орусиянын мурдагы президенти Путин айтандай, биз 2 млрд. доллар кредит Кыргызстанга берели десек, кыргызстандыктар эч кандай инвестициялык жарактуу проектилерди жасап бизге сунуш кыла албай жатат деген иштердин аркасында болгон эле кеп.

- Ошол мыйзам долбооруна өткөн жумада Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети каршы болгон башында, аягында булар түнү менен маселени кайра карап макулдугун бергени ачык болуп калды. Ошондой эле бул маселени “Ак жол” фракциясы дагы жашыруун карап, макулдугун берген турбайбы. Мына ушундан эле кандайдыр бир кооптонуулар жаралат да. Стратегиялык деп эсептелген ГЭСтердин келечекте кимдир-бирөөнүн менчигине айланып кетүү коркунучу барбы?

- Ооба, ошондой коркунуч бар. Себеби биздин Өнүктүрүү фондусунун башында Алексей Елисеев деген туруп атпайбы. Ошол эле Алексей Елисеев деген "Кыргыз алтын" акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы жана биздин "Кыргызгаз" деген мекеменин директорлор кеңешинин төрагасы.

Ушундай эле көп нерселердин башында туруп атат. Эгерде ушул кыргыз адистери, кыргыз өкмөтү Орусиядан келген түз инвестицияны 300 млн. долларды ошол Елисеев, Ширшев, Гуревичтери жок эле, кыргыз адистери жокпу, ошону туура колдонуп, өкмөт катуу көзөмөлдөп, түздөн-түз азыр курулуш токтоп калган Камбар-Ата-2 ГЭСине бергендин ордуна, эки айдан бери айгайлап кыйкырып эч нерсе кыла албай, Орусияны дагы биз азыр иренжитип турабыз.

Бул стратегиялык объект болуп атпайбы гидроэлектростанциялар. Бүт дүйнө жүзүндө ушундай стратегиялык объектерди өкмөт, мамлекет колунан чыгарбайт эмеспи. Америкада дүйнөдөгү бүт чоң гидроэлектростанциялардын бардыгын Согуш академиясынын инженердик академиясына баш ийдирип койгон.

Ошол Согуш инженердик академиясы аябай катуу көзөмөлдөп, тартипти ушунчалык катуу кылып, ошону Америка өлкөсүнүн өкмөтүнүн колунан чыгарбай, аябай эффективдүү иштетип турат. Ошого биз өзүбүздүн акылыбыз менен жетпей койдук да 18 жылдан бери. Ушулардын баардыгы кыргыз эли үчүн аябай өкүнүчтүү деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG