Түп айылында өтө турган элдик курултайга Ысык-Көл облусу боюнча жети миңдей эл келе турганын БЭКтин облустагы штабынын мүчөсү Муканбет Асаналиев ырастады. Бирок жергиликтүү бийлик негизсиз себептер менен ага расмий уруксат бербей атат.
Курултай катышуучулары жер-жерлерден улуу инсандардын эстелигине куран окуп жүрүп отуруп, Түп районундагы Солкулдак көпүрөгө чогулган жатышат. Бул Каркыра жайлоосуна кетчү жолдун айрылышы. Бул жерде өткөн жылы апрель жүрүшү- жумуртка менен чапкан чагымчыл аялдардын чыр-чатагынан улам уланбай калган. Ошондуктан оппозициянын быйылкы курултайы так ушул жерде өткөрүлө турганы да ошол себептен экен. Бирок жергиликтүү бийлик ага расмий уруксат бербей, ар кандай тоскоолдук кылууда:
- Биз бул боюнча ар бир районго кат менен кайрылып, көзү өткөн акелерибиздин арбагына куран түшүрүп, эскерип кетели деп расмий кат менен кайрылсак, Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору, Балыкчы шаарынын башчылары “ата-бабаларыбыздын күмбөзүнө куран окутпайбыз, ага каршыбыз деп жооп берди. Анткени курултайда куран окутууну эл каалабайбыз деп кол коюп бериптир. Андан дагы ошол участокко так ошол күнү миңдей уй жайдырып, курултайга тоскоолдук кылганы атышат.
Түп районунун акими Саматбек Керимкулов оппозициянын мындай дооматтары боюнча “Азаттыкка” төмөнкүдөй жообун айтты:
- Ал жер жайыт жери, дайыма мал жайылып турат. Эл ал тургай өзүбүздүн улак тартыш оюнун да : башка ээн жерге өткөргүлө деп нааразыланганынан Сары-Булак айылына алып кетпедикпи.
-Демек курултайыңар өтпөйт, уруксат жок деген катыңарды БЭКтен кимге бердиңер?
- Сарыбаев Асанбаев Мукашович деген алган дейт.
Кандай болгон күндө БЭКтин тарапташтары курултайды өткөрөбүз дегенинен кайтпай турушат. Муканбет Асаналиевдин айтымында, курултайга каршыбыз деп элдин атынан бийликке кайрылуу жолдогондор – бийликчил “Ак жол” партиясынын гана мүчөлөрү болуп саналат.
-Элдин атынан кат жазгандар айыл өкмөтү, айыл башчы мектеп директорлору экен. Демек аларды мажбурлаган да,- дейт Муканбет Асаналиев.
Биз бул айтылгандарды иликтеп айрым мекемелерге баш баксак, өзүн Игорь деп тааныштырган жигит, иштеген кызматын ачыктагысы келбей, белгисиз кагазга кол коюп бергенин айтты:
- Бир кагаз беришти, кол койдум, бирок эмне экенин билбейм. Балам барган бала бакчанын кызматкерлери суранып атса кантип кол койбойм.
Ээл аралап, сураштырсак, көпчүлүк курултай жөнүндө кабардар эмес болуп чыкты. БЭКтин дубандагы штабы буга губернатордун басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновду күнөөлөп атат.
- Курултай 31- майда өтөт деген жарыяны МТВ, Антен ТВ деген телеканалдар жүгүртүп аткан, анан 28-майдан баштап эле “курултай болбой калды, биз жаңылыштык берип алыптырбыз” деген тескери жарыялар берилди. Көрсө ал губернатордун басма сөз катчысыУсубакуновдын кылганы экен. Элдин ушуга кыжыры келип, жаштар көтөрүлөбүз деп араң эле турат,-деп айтышты штабдын өкүлдөрү.
Сталбек Усубакунов өз кезегинде анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, расмий уруксат берилбегендиктен курултай мыйзамсыз экендигин гана телеканалдарга эскерткенин билдирди.