Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Жарандык бирикме отчету Башпрокуратурага жолдонду


Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова бул отчетту бийлик өзү ошол сайтка жарыялаган болушу мүмкүн деп болжолдойт
Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова бул отчетту бийлик өзү ошол сайтка жарыялаган болушу мүмкүн деп болжолдойт

БШК jashtar.kg сайтындагы «Жарандык коомдор союзу» 15-июлда жарыялаган отчет шайлоо алдындагы мыйзамды бузат деген чечим кабыл алды.

Шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүп келе жаткан “Менин тандоомдун мезгили” бирикмеси 15-июлда өзүнүн отчетун жарыялап, бул документти БШКга берген болчу. Кечээ аталган отчет jashtar.kg сайтына чыккан. Бугүн БШК аталган отчеттун “жыйынтык отчет” деп аталышын боло элек шайлоого карата жыйынтык чыгарган деп, бул Шайлоо кодексине каршы келээрин айтып чыкты.

БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин айтуусунда, азыр бул материалды ким даярдап, ким койгондугун аныктоо үчун документ Башык прокуратурага жолдонду:

- Отчеттор бизге берилген. Ал жерде шайлоо өтө элек жатып, шайлоонун жыйынтыктары айтылып, мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу жазылып жүрөт. Ошолорду тактоо үчун Башкы прокуратурага жолдодук. Алар кимдин күнөөсү бар, жок экендигин тактайт. Биз аны териштирбейбиз да.

“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтуусунда, отчет мыйзам чегинде эле чыгарылып, ал маалымат жыйында да айтылган. Укук коргоочунун айтымында, бул жерде отчеттун аталышынан гана ката кеткен. Отчет “Алдын ала отчет” деп аталбай “Жыйынтык отчет” деп жазылып, техникалык ката кетип калган.

Төлөйкан Исмаилова бул отчетту бийлик өзү ошол сайтка жарыялаган болушу мүмкүн деп болжолдойт:

- Эми бул өзүнчө эле нонсенс. Бизге суроо бергенге да мүмкүнчүлүк бербей чечим чыгарып коюшту. Бизден техникалык гана кеткени болуп жатат. БШК отчетто көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды эске алып, биз менен иштегендин ордуна бизге кайра доомат коюп, кылмыш же административдик кодекс боюнча жазага тартканы жатат. Биз отчетту мурда “бул шайлоого чейинки жүргүзүлгөн мониторинг” деп эле бергенбиз. Эми алар бир сөз үчүн ушундайга барып жатышат. Кеп анда эмес да. Алар бизди шайлоочулардын укугун буздуңар деп айыптап жатышат. Ал сайт өкмөттүкү экен. Биз ага ким койгонун кайдан билебиз. Менин маалыматым боюнча, аны БШК өзү же секретариат коюшу мүмкүн.

Бирок БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев мындай жагдай бирикменин шайлоого байкоочу болуу укугунан ажыратпай турганын маалымдады. Бул маселе боюнча бүгүн Президенттин катчылыгы билдирүү жасады. Анда добуш берүүгө чейин эле жыйынтык отчеттун даярдалышынын өзү эле жарандык уюмдардын союзунун шайлоо процессине карата көз карандысыз, бейтараптуу мамилесине карата шек туудурары айтылган.

Президенттин катчылыгы шайлоого көз сала турган жарандык коомдун өкүлдөрүн , байкоочуларды шайлоонун жыйынтыгына баа берүүдө өтө объективдүү болууга чакырды.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG