Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Ишенбай Кадырбеков Ак үйдүн макулдугу менен бошотулду


Ишенбай Кадырбеков убактылуу үй камагына чыгарылды. Акыйкатчы Турсунбек Акун жана адвокат Азимбек Бекназаров абактагы саясатчыны бошотуу Ак үй менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашканын айтышууда.

Ленин райондук сотунун маалыматына караганда мындай чечим бүгүн кабыл алынып, ишке ашырылды. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, сот аны ден соолугуна байланыштуу негиз менен убактылуу бошотту:

-Буга чейин көп иштер жасалды. Ден соолугу эмес, өлүп калса деле эч ким карамак эмес да. Акыйкатчы институту башынан аягына чейин бекем турдук. Баарына түшүндүрүп кирип жатып, ушуга жеттик. Анан президентке да туура түшүндүрүп чыктык жакында.

Мындан тышкары Кадырбековдун акыркы мезгилдердеги позициясы дагы анын бошолушуна өз таасирин тийгизгендигин белгилейт акыйкатчы:

-Акыркы мезгилде Кадырбеков көп билдирүүлөрдү жасабай, унчукпай олтургандыгы да пайдалуу роль ойноду. Мактанбайлы, бирок биз Акыйкатчы институту бул маселеде катуу турдук.

Ишенбай Кадырбековдун адвокаты Азимбек Бекназаровдун айтуусунда, Кадырбековдун үй абагына бошотулушуна аны тергөө абагында кармоо мөөнөтү аяктагандыгы да негиз болгон. Мыйзам боюнча адамдар убактылуу кармоо жайында бир гана жыл кармалууга тийиш:

-Сот процессинде алты ай бою бир дагы далил, эч нерсе табылган жок. Мындан тышкары кичине анча мынча сүйлөшүүлөр болду, ал жөнүндө өзүнөн сурагыла.

Саясат Таануучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде да Кадырбековго койгон дааматтардын бардыгы негизсиз болуп, далилденбей калгандыктан аны бошотууга туура келди:

- Башында иш анын чарбасына, байлыгына көз артуу менен башталган. Анын мүлкү, баары тең бизнес жолу менен табылгандыгы туура болгондуктан, акыры коркутуу-үркүтүүлөр менен дооматтар далилденбей калды. Бул жерде Акыйкатчыгынын да эмгеги себеп болду. Ал Ак үйгө барып бул меселелерди көтөрүп жүргөн, менин билишимче.

Саясат Таануучу Орозбек Молдалиев болсо, Кадырбековдун үй камагына бошотулушуна айрым жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр таасир этиши мүмкүндүгүн айтат. Анткени ага көңүл бурулбай, аны кармоо улана берсе ар кандай нааразылыктар күчөй баштамак:

-Эми бул жерде ар кандай варианттар болушу мүмкүн. Кайсыл бир маселелер боюнча келишимге келип, бир компромисс кабыл алынып, “чыгарып туралы” деген нерселер болушу мүмкүн. Чыгарбай койсо мыйзам бузулмак. Акыйкатчы сөзүн айтыш керек болду. Ушунун баары анын чыгуусуна таасир этти го.

А.Бекназаров И.Кадырбековдун үйүнөн эч жакка чыкпоо кепилдиги менен бошотулганын жана сот процесси кайрадан уланаарын билдирди. Бирок азырынча соттун качан болоору билине элек:

-Анда Кадырбеков же соттолот же акталат. Азыр иш сотто эмес. Оо жетинчи этажда.

Былтыр 25-апрелде Кыргызстандын Каржы полициясы Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбековду камакка алган. Ал ушул эле күнкү «Азаттык» үналгысындагы эртең мененки маегинде ага карата бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын белгилеп, бул иштин артында саясий коркутуп-үркүтүү жатканын билдирген.

Каржы полициясы И. Кадырбековду камакка алууга эч кандай саясий негиз болбогонун, ага кызматынан кыянат пайдаланганы, табигый кырсыктан жабыркаган аймактардагы мектеп курулушуна делген бюджеттик акчаларды ысырап пайдалангандыгы үчүн айып тагылып жатканын билдирип келген.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG