Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Ош: Окуу кадимкидей эле 1-сентябрда башталат


Билим берүү жана илим министри Канат Садыков мектептерде коопсуздукту камсыз кылууга мамлекеттик жана эл аралык уюмдар жетиштүү чараларды көрүп жатканын жана анын ичинде Ош шаарында дагы 1-сентябрда кадимкидей окуу башталаарын билдирди. Коомчулукту ушак-айыңдарга ишенбей, мектепти колдоо иштерине активдүү катышууга чакырды.


- Учурда Ош шаарындагы мектептерде жаңы окуу жылына даярдык кандай болуп жатат? Окуучулардын коопсуздугу боюнча кандай чаралар көрүлмөкчү?

- Мектепке даярдык көрүү биринчи иретте ата-энелердин милдети. Психологиялык акыбалга, ар кандай ушак-айыңдарга байланыштуу көп ата-энелер азыркыга чейин 1-сентябрга канчалык деңгээлде балдардын коопсуздугу камсыз болот деп байкап отурушат. Бул боюнча мен ишендирип айтып коеюн, көп иштер бүгүн дагы ушул жерде атайын мекемелер аралык комиссиянын мүчөлөрү, жогорку окуу жайлардын ректорлору, Ош шаарынын, Кара-Суу районунун башчылары болуп көп маселелерди чечтик.

Биринчи иретте эки улуттун балдары окуган мектептерде коопсуздук кызматын камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Андан тышкары, 1-сентябрдан баштап жогорку окуу жайлардын педагогикалык факультетиндеги 3-4-5-курстагы студенттердин педагогикалык практикасы сентябрга которулду. Алар мектептерге барышып, жетишпеген мугалимдердин ордуларына сабак өтүшөт.

Андан тышкары, юридикалык институттун студенттери өздөрүнүн ыктыяры менен элдик кошуун катары ЮНИСЕФтин формасын кийип, ошол жерде сырткы коопсуздук боюнча жардам беришет. Бул маселе боюнча чечимдер кабыл алынды, бүгүн саны такталып, ушул балдарга бирдиктүү форманы даярдап берүү боюнча ЮНИСЕФ аркылуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп атат.

Ошол эле коопсуздук боюнча эң муктаж болуп аткан мектептерге атайын экиден микроавтобус бекитилип атат, балдарды ташуу боюнча маршруттар такталды. Ошол микроавтобустардын атайын өзгөчө белгилери – логотиптери болот: «Мектепке чогуу барабыз» деген чакырыктары көзгө көрүнгөндөй болуп, сабак бүткөндө алар өздөрүнүн маршруттары боюнча балдарды жеткирип турушат.

Ошондой эле ал жерде биздин волонтер кызматкерлер, кайтарган сакчылар болот. Ата-энелер ошол жерге барып балдарды отургузуп коюп, мектептен сакчы болуп иштеген балдарыбыз волонтерлорубуз тосуп алып, мектепке киргизишет. Мектептин ичинде мугалимдер менен балдардан башка эч кандай кишилер болбойт, бул үчүн Ички иштер министрлигинин инспекторлору жана күзөт боюнча атайын кызматкерлер сыртынан көзөмөл салып турушат. Алардын баары даяр. Бул иштердин соңуна чыгып атабыз.

1-сентябрга чейин бул жагынан көп нерселер даяр болот. Жергиликтүү коомчулукка кайрылат элем, коопсуздукту жалаң эле Ички иштер министрлигинин кызматкерлери эмес, жалпы коомчулук өзү дагы активдүү катышып, керектүү жардамдарды өздөрү да беришип, көзөмөлгө алышса жакшы болот эле. Биз дагы ошого аракет жасап атабыз. Ата-энелер үчүн дагы балдарынын коопсуздугу боюнча жоопкерчилигин эскерткен атайын баракчаларды чыгарып таратып атабыз.

- Ош калаа жетекчиси шаардык аппараттык жыйында, окуучулардын коопсуздугун кароо үчүн 500гө чукул сакчы берилбесе, шаардагы мектептерде окуу 1-сентябрдан башталбайт деп билдирбедиби, буга сиздер эмне дейсиздер?

- Мэр өзү биздин иштеп аткан иштерге чогуу катышса, эгерде мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү болуп, толугураак катышканга мүмкүнчүлүгү көбүрөк болсо, менимче, өзү башкача пикирде болот эле. Бирок, тилекке каршы, өзүнүн иштерине байланыштуу, башка болуп аткан окуяларга алаксып көп катыша алган жок.

Биздин иштерибиз канчалык деңгээлде жасалып атканы жөнүндө маалыматы жок болгондуктан, ошондой сөздөр айтылып калды го деп ойлойм. Бирок мен дагы эле ишенем, мэр өзү эле эмес, жанында орун басарлары бар социалдык маселелер боюнча, маселелерди чечүүгө өздөрү катышып аткан. Алар бардык маселелер боюнча так маалымат берсе ушундай пикирлер болбос эле. Азыр коркунучтар жөнүндө ушак-айыңдын көп болуп кеткенине байланыштуу ушундай сөздөр болуп атат.

-Окуу 1-сентярда башталабы?

- Ош шаарынан тышкары бардык жерлерде окууга 100 пайыз даярдык бар деп айтсак болот. Бул жерде коркунучтар, ушактар көп болгондуктан ушундай маселелер туулуп атат.

- Ал эми жогорку окуу жайларында кандай болот? Студенттер кадимкидей эле 1-сентябрдан окуусун улантып башташабы?

- Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар боюнча азыр маселе каралып атат. Анткени биздин угушубуз боюнча жогорку деңгээлде талкуулар болгон. Протокол түрүндө бизге министрликке официалдуу кагаздар келе элек. Бирок сиздер билесиздер июнь айындагы болгон окуяларга байланыштуу көп окуу жайлар сессиясын күзгө жылдырган. Андан тышкары 5-курстун бүтүрүүчүлөрү дагы мамлекеттик экзамендерин тапшырбай кетишкен.

Анан азыр окуу менен экзамендерди чогуу жүргүзгөнгө мөөнөт жетишпей атат. Алар окууну октябрда баштасак деген ойду колдоп атышат. Анткени бир айча бүт сессияларын тапшырбай калган балдар тапшырса, бүтсө, анан педагогикалык практикаларды мектептерге жардам берип өткөрсөк, андан кийин октябрь айында толук-кандуу окуу процессин баштасак дегенди кээ бир бул жактагы окуу жайлардын башчылары колдоп атышат.

Менимче, бул өтө деле татаал маселе эмес, бул графиктерин бир аз жылдыруу эле маселеси. Аны чоң проблема кылбаш керек, менимче бул техникалык эле иштер.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG