Турсунбек Акун? Бүт Кыргызстанга дүйнөлүк коомчулукка белгилүү, биз 2009-жылы Кыргыз Республикасы БУУнун алдындагы адам укугун коргоо кеңешине мүчө болгонбуз, 173 добуш менен өтүп кеткенбиз. Ал эми Азербайжан сыяктуу өлкөлөр өтпөй калган. 193 мамлекет катышат, ага төрт жылда бирден жолу отчет берип турушубуз керек.
Баягы универсалдуу мезгилдүү отчет да, обзор деп коет. Ошого азыр жаңы убактылуу өкмөттүн жетекчиси Отунбаева тарабынан атайын мамлекеттик делегация түзүлдү. Адилет министиринин орун басары Мамбеталиева Жылдыз кирип атат, Жумалиев Муктар деген бар, БУУдагы биздин өкүл Женевада турат. Мен акыйкатчы катары, Турганбаев Айбек деген бар аскер прокурору, азыркы миграция министринин орун басары Жолдошева Нурила.
“Азаттык”: Бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр киреби?
Турсунбек Акун: Алардан эки адам кирип атат, - Төлөйкан Исмаилова, Атыркүл Алишева, бирок алар оппозициялык же альтернативдик доклад менен барып катышат, сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берилбейт. Отчет адам укугуна гана байланыштуу. Мен ушул Кыргызстандагы митингтердин абалы митинг, пикет кандай болуп атат, Кыргызстанда журналисттердин массалык маалымат каражаттарынын абалы кандай, канча журналист соттолуп канчасы камакка, куугунтукка түштү, эң негизги докладчик делегациянын жетексиси катары Жылдыз Мамбеталиева.
“Азаттык”: Отчетто кайсы маселелерге орчундуу көңүл бурулат?
Турсунбек Акун: Биринчиден, биз үч күн мурун биз чогулдук. Ошондо айттым, мурдагы бийлик кетти, ал бийликтин убагында дагы көп нерсени ачык айта алган эмеспиз, эми ал кетип жаңы бийлик келди. Бирок бул обзор мурдагы бийликтин убагында түзүлүп, электрондук варианты Женевага кеткен. Эми биз ошонун негизинде барганы жатабыз. Анан мен айттым, ошонун негизинде барганыбыз менен ал отчет жарабайт, анткени ал мурдагы бийликтики. Азыр оппозиция келди бийликке, айтылган чындыкты болгонун болгондой айтышыбыз керек.
Тынч чогулуштарды өткөрүү маселесине көп көңүл бөлүнөт, анткени бул жерде акыркы убактарда тынч чогулуштарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр болбой калган. Анан ошол боюнча, канча адам камалды, канчасы сабалды, ушул боюнча айтабыз. Канча журналист камалып сабалды, куулду, качып кетти, башка өлкөгө өлтүрүлдү.
“Азаттык”: Апрель окуясы боюнча дагы сөз козоголобу?
Турсунбек Акун: Апрель боюнча сөзсүз сөз козголот, биз 2009-жыл боюнча отчет берип атпайбызбы. 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча суроо болсо жооп беребиз.
“Азаттык”: Эгер ушул боюнча суроо болсо эмнелерди айта аласыздар?
Турсунбек Акун: Биз айтабыз, анткени мурдагы бийлик айтылган нерселерден тиешелүү жыйынтык чыгара алган эмес. Ноокаттагы окуя боюнча адамдар туура эмес соттолгон. Балыкчыдагы, Петровкадагы, Түптөгү окуялар - мына ушунун бардыгы ушул акыбалга алып келди. Исаковдун, Жекшенкуловдун үстүнөн болгон сот процесстери оппозицияны куугунтуктоо максатында болуп келген. Адамдардын социалдык укуктары бузулду, тариф көбөйтүлдү, эл чыдагыс акыбалга жетти, анан ушул окуялар келип чыкты деп айтабыз. Ушунун баарын биздин жылдык докладда айтканбыз, тилекке каршы бийлик ошого чечим чыгарган жок.
“Азаттык”: Отчет адам укуктары жаатында болуп аткандан кийин сиздер ушул багытта эл аралык коомчулуктан кандай колдоо күтөсүздөр?
Турсунбек Акун: Биринчиден, эл аралык коомчулук ушул отчетту кабыл алабы, кабыл албайбы, бул башка маселе. Албай коюшу да мүмкүн. Биз жаңы өкмөттүн тапшырмасы менен Отунбаеванын чечиминин негизинде баратабыз, ал киши азыр президенттин ордунда да. Ошон үчүн бул отчетубуз алынып кетсе бул аябай чоң жетишкендик болот. Анткени биз чындыкты бетке айталы дедик, ал жерден барып мамлекетти калп мактабай, болгон чындыкты болгондой айталы деп атабыз.
“Азаттык”: Азыр убактылуу өкмөттүн ишиндеги кемчиликтерди дагы айтасыздарбы ?
Турсунбек Акун: Он төрт-он беш күндүн ичинде кандайдыр бир чоң кемчилик кетирди деп айта албайм, тескерисинче убактылуу өкмөт 15-16 күндүн ичинде аябагандай көп ишти жасады. Биринчиден, кырдаалды турукташтырды. Бир жанагы кичинекей кемчилик - жер-жерлерге өзүлөрүнүн тааныш туугандарын, инилерин койгону боюнча элдин арасында сөз болуп атат.
Экинчи мурдагы Ак үйдө, өкмөттө, парламентте, Конституциялык Сотто иштеген жөнөкөй саясат менен алектенбеген адамдар бар го, айлык менен жашаган, профессионал, тил билген адистер көчөдө көп калып калып атат. Аларга компенсация төлөнүп берилбей жатат, мына ушул адам укугу тебеленгендик. Мына ушул жагына көңүл бөл деп мен атайын арыз менен чыкпабымбы.
“Азаттык”: Отчетуңузда ушуну да кыстара кетесизби?
Турсунбек Акун: Суроо берилсе айтабыз, анткени бул отчет 2010-жылга эмес, бул 2009-жылга берилет. азыр 2010-жылда жашап жатабыз да.
“Азаттык”: Жаңы өкмөт түзүлүп калды жагдай өзгөрдү, отчетту кайра жөнөтүп жиберсе болбойт беле?
Турсунбек Акун: Мурда кетиргенде эле 2009-жылы суроо бергенде жооп бере алабыз. Өзүбүздүн кырдаалды дагы айтабыз.