Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

А. Абдрасулова: Милиция реформасында чыныгы аракет көрүнбөйт


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдрасулова Кыргызстандагы ички иштер органдарын реформалоо боюнча

- Өткөн жыл этегинде “Ички иштер органдары” тууралуу мыйзам долбоор даярдалган. Айрым укук коргоочулар милиция бул мыйзам долбоор менен өз ыйгарым укуктарын кыйла күчөткөнү жатат деген кооптонууларын билдирген. Сиз мыйзам долбоор менен таанышып чыксаңыз керек. Чынында эле чочулатчу жагдайлар барбы?

- Мен өзүмдүн деңгээлиме жараша ал мыйзам долбоору менен таанышып чыктым жана ал мыйзам долбоорун эксперттик анализ жүргүзүүнү эл аралык уюмдардан өтүнгөнбүз. Чынында эле ал мыйзам долбоорунда адам укуктарына залакасын тийгизе турган бир топ жагдайлар бар. Башкача айтканда милиция кызматкерлеринин атылуучу куралдарды колдонуп, көчөдө бараткан адамдарды кармап, алардын документтерин текшерүүгө алышын мыйзамдаштырууга жол берилген. Ошондой өтө коркунучтуу жагдайлары бар.

Бул мыйзам долбоору ушул боюнча эле өтүп кете турган болсо, анда милиция кызматкерлери бүгүнкүдөн бешбетер эки-үч эсе көп адам укуктарын буза турган жагдай түзүлүп калышы мүмкүн деген бизде кооптонуу бар.

-Кыргыз милициясын реформалоого бир топ жылдардан бери Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму жардам берип келет. Аталган уюмдун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилин Дарий “Азаттыкка” маек куруп Ички иштер министрлигинин алдыга жылууга саясий эрки жетет деп билдирген эле. Сиз мындай тыянакка кошуласызбы?

- Бүгүнкү күндө саясий эрки бардай эле сезилип турат. Кызматтык этика дегенди кабыл алып атат, министр кайрылууларды жолдоп атат, кандайдыр бир семинарларды өткөнгө аракет кылып атышат. Бирок милициянын ичинде дагы алиги "бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, профессионалдык деңгээли жок, же болбосо милициянын атына доо кетире турган адамдар дагы алынып калып атат.

Милициянын ичинде адам укуктарын бузган, өзүнүн кызматтык абалынан кыянат пайдалангандар дагы деле болсо бар. Бирок реформалоо боюнча программанын ичинде жакшы бир-эки жерине токтоло кетсем. Мисалы, убактылуу кармоо жайларды оңдотуп-түзөтүп, ремонт жасатып же жаңы жайларды салып берип атат ошол программанын негизинде. Участкалык милициялардын кесиптик функциясын башкача жолго салып, алар элге жакыныраак мамиледе боло турган жагдай түзүлүп калды. Ушундай жакшы жактары да бар. Бирок реформалоо программасы милициянын профессионалдык деңгээлин жогорулата албай атат.

-ИИМ жарандык коом менен кызматташууга эшигибиз дайым ачык деп билдирип келет. Укук коргоочулар менен милициянын алака-катышы кандай?

- Башка структураларга салыштырмалуу милиция менен бизде байланыш бар деп айтсам деп айтсам болот. Бүгүнкү күндө “Миң жылдыктын чакырыктары” деген программанын негизинде жарандык коомдун байкоосун түзгөнгө аракеттер болуп атат. Бирок ошолордун баары бир караганда жакшы, экинчи жагынан эптеп эле программаны жүргүзүш үчүн Батыштын же Американын акчасын алыш үчүн жасалып аткандай да сезилип кетет. Чыныгы аракетти көрбөй атабыз.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG