Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:49

Кармап-камоолор кыргызды каякка алпарат?


29-июлда каршылык акциясына чыккандарды милиция кармап кеткен.
29-июлда каршылык акциясына чыккандарды милиция кармап кеткен.

Шайлоодон кийин каршылык акцияларына чыкканы үчүн камалган укук коргоочу Топчубек Тургуналиев баштаган адамдар эртен абактан бошотулууга тийиш.

29-июлда Бишкектин Сыдыгалиев-Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде белгилүү саясатчы, БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев баштаган жоон топ шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жөө жүрүшкө чыгышкан.

Алар борборду көздөй жылган маалда милициянын тосмосуна туш болушуп, натыйжада митингке чыккан жарандардын арасынан 70ке жакын адам камакка алынып, кылмыш иши козголуп, иш дароо сотко жиберилген.

Соттун чечими менен он чакты жаран 15 күнгө, айрымдары 7 күнгө камалышкан. Көпчүлүгүнө акчалай жаза салынып, жашы жете электерге эскертүү берилди.

15 күнгө жазага тартылгандардын мөөнөтү эртең аяктаарын Т. Тургуналиевдин адвокаты Сартпай Жайчыбеков “Азаттыкка” билдирди. Адвокат алардын камалышын мыйзамсыз, ал эми соттор бийликтин саясий буйрутмасын аткарып жатат деп эсептейт:

- Соттор президенттик аппараттын буйрутмасын аткарып жатат. Аларды он күндүн ичинде арызданбаса камаш керек болчу. Эгерде алар Бишкек шаардык сотуна арызданган болсо, анда бир айдын ичинде камаш керек эле. Булар (милиция) аларды дароо камап салды. Бул мыйзамга туура келбейт.

Ошондой эле укук коргоочулар менен адвокаттар камакка алынгандардын арасында нааразылык митингине таптакыр тиешеси жок, жай адамдар бар экендигин билдирип келишет.

Жаңы мыйзам боюнча Бишкек шаарындагы уруксатсыз митинг-пикеттер Репин - Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтчада өтүшү керек. Ички иштер министрлиги жөө жүрүшкө чыккандар дал ушул эрежени бузгандыгы үчүн кармалды деп билдирген.

Балыкчы шаарындагы кармап-камоолор
Буга чейин 23-июлда президенттик шайлоого тоскоол кылды деген айып менен Балыкчыда камакка алынган 14 адамдын тагдыры чечиле элек. Аларга Кылмыш Кодексинин үч беренеси боюнча конституциялык түзүлүшкө кол салды, шайлоого тоскоол болду, баш аламандык уюштурууга аракет кылды деген айыптар тагылууда.

Кармалагандардын ичинен 13 киши Караколдогу тергөө абагында отурушат. Булардан тышкары бир жума мурун кармалган бир адам Балыкчыда ооруканага жаткырылган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Мирбек Асанакунов, Кубанычбек Кадыров баштаган жыйырмадан ашык киши кармалган. Алар ар кандай негиздер менен буга чейин убактылуу бошотулган.

Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев Балыкчыдагы окуяга калыс баа бериш өтө татаал экендигин айтат:

- Балыкчыда тополоң болдубу же болгон жокпу, балким шайлоочулар өздөрүнүн саясий,шайлоого тиешелүү саясий укугун коргоп калалы деп аракет кылгандыр. Бул жагынан баа бериш өтө оор. Бийлик өкүлдөрү болсо бийликке келгенден кийин административдик күч колдонуп туруп бийлигин сактап калуу үчүн аракет жасаганы тарыхый көрүнүш болуп калды.

Дагы бир саясат талдоочу Орозбек Молдалиев болсо Балыкчыдагы окуя бир жактуу чагылдырылып, эл ичинде “оппозиция бийликти басып алганга аракет кылды” деген түшүнүктү пайда кылды:

- Балыкчыда окуя чындыгында кандай болгондугу коомчулукка жетпей жатат. Окуяны чагылдырууда аша чапкандый бар деп көз карандысыз укук коргоочулардын айтып жатканына ишенсе болот. Бирок алардын да айтканы коомчулукка жетпей жатпайбы.

Ал эми “Ак жолчу” депутат Бейшенбек Абдразаков шайлоо мыйзамсыз өттү деген оппозициянын дооматтары негизсиз экенин, эл ар кандай митинг,пикеттерден жадаганын “Азаттыкка” берген интервьюсунда белгиледи:

- Оппозициянын лидерлери,тарапкерлери кылган ишине жараша жооп бериши керек. Бул аларга келечекте сабак болушу керек. Элге азыр тынчтык, ынтымак керек, муну өткөн шайлоо да көрсөттү.

Балыкчы окуясы боюнча камакта отургандардын адвокаттары бүгүн Жогорку Сотко көзөмөл арыз жиберишет. Бул тууралуу камактагылардын адвокаттарынын бири Айбек Жанузаков бүгүн “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди.

Камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызын Балыкчы шаардык соту карап, алардын камакта калуу мөөнөтүн 25-сентябрга чейин узарткан. Ысык-Көл облустук соту ал чечимди күчүндө калтырган.

Эми шайлоо күнү Балыкчыда, 29-июлда Бишкекте кармалып, абакка салынгандардын укугун коргоо талабы менен укук коргоо уюмдары 17-августта пикет өткөргөн жатышат.

XS
SM
MD
LG