Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Кышындагы кырдаал кандай болот?


Барпы айыл өкмөтүндөгү каршылык акциясы
Барпы айыл өкмөтүндөгү каршылык акциясы

Айрым талдоочулар экс-министрлер К.Ташиев менен И.Исаковдун айланасында болуп жаткан окуялар өлкөдө саясий кырдаалды курчутушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

Ташиевдин жердеши ташкындап турган чагы

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев премьер-министр Данияр Үсөнов менен иштеше албастыгын билдирип өткөн аптада кызматтан кеткендигине байланыштуу, ишембиде анын туулуп-өскөн Сузак районундагы Барпы айылынын үч жүзгө чукул тарапкерлери митинг өткөрүштү. Алар өкмөт башчы Данияр Үсөновду кызматтан кетирүү талабын коюшту.

Камчыбек Ташиев мындан аркы аракети тууралуу билдирип, президент Курманбек Бакиевге каршы оппозиция болуу ниети жоктугун белгилеп, жакынкы арада өкмөт башчы Данияр Үсөновду кызматтан кетирүүгө бар күчүн жумшарын айтты.

Ал эми дүйшөмбү күнкү Эсеп палатасынын маалыматына караганда чукул кырдаалдар министрлигине текшерүү жүргүзүлгөндө министрликтин чарбасындагы 58,5 млн. сомдун максатсыз жумшалгандыгы аныкталган.

Эгерде мамлекетке зыян келтирсек, же туура эмес чечим кабыл алсак, анда мыйзам алдында министрликтин кызматкерлери жана мен жооп берүүгө даярбыз.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев болсо ишембиде Барпылык айылдаштарын митинг өткөрбөөгө чакырып, мамлекеттик мүлккө кол салбагандыгын, бүджеттен бөлүнгөн каражатты туура пайдаланганын, “эгерде мамлекетке зыян келтирсек, же туура эмес чечим кабыл алсак, анда мыйзам алдында министрликтин кызматкерлери жана мен жооп берүүгө даярбыз",-деди.

Саясаттын казаны катуулап кайнап баратат

Коомчулукта өкмөт башчы менен экс-министрдин тирешүүсү, генерал И.Исаков менен экс-министр Аликбек Жекшенкуловго байланыштуу сот, Балыкчы менен Петровка окуясынын тегерегиндеги маселе, бир катар саясатчылардын, алардын ичинде оппозициялык маанайдагы депутаттардын өлкөдөн чыгып кетүүсү, азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты барып келип өлкөдө саясий кырдаалды күчөтүшү мүмкүндүгүн айтышууда.

Коомдук палатанын мүчөсү Жумакадыр Акенеевдин пикиринде, эгерде Камчыбек Ташиев өкмөт башчыны кызматтан кетирүүгө чындап киришип, эрегишүү күчөп, митинг-пикеттер уюштурулса саясий кырдаалды курчутушу мүмкүн:


-Камчыбек Ташиев эгерде өзүнүн ак иштегенин далилдеп, чындап элге кызмат кылганын көрсөтүшү керек. Ал буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп турган белгилүү инсан. Эгерде кызматтан алынганына таарынып, жакындарын көтөрүп чыкса ырк кетет. Ансыз деле, Петровка менен Балыкчы окуясы боюнча соттун айланасындагы маселе, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун Алайдагы тарапкерлеринин саясий акция өткөрөбүз деп жатышы өлкөнүн туруктуулугуна оң таасирин тийгизбейт.

Жумакадыр Акенеев белгилегендей бийлик, укук коргоо органдары мыйзамдын чегинде иш жүргүзүүсү зарыл.

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков дагы Кыргызстан укуктук мамлекет болгондон кийин айрым атуулдар жеке таарынычтарын пикет, митинг өткөрүп саясатка аралаштырып коомчулукту дүрбөтпөй, мыйзамдын алкагында иш аракеттерге барышы керектигин белгиледи.

Темир Сариев: "Бул жара уламдан улам ырбай берет"

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев буга чейин эле бийликтин ичиндеги карама-каршылыктар, тирешүүлөр, талаш-тартыштар күч экендигин айтып келишкенин белгилеп, азыркы премьер-министр менен экс-министрдин ортосундагы тирешүүнүн ачыкка чыгып жатышы бийликте мыйзамсыз, бирок чечим кабыл алуучу борборлордун таасиринен улам келип чыкканын билдирди.

-Ошол борборлордун мыйзамсыз, укуксуз, мамлекеттик кызматта турбай бирок чечим кабыл алууда басым жасап, чечим алып турган жанагы конституциялык эмес органдардын ортосундагы талаш-тартыштан улам келип чыккан маселе. Бул дагы мындан кийин улана берет. Эгерде башкаруу бийлигинде жалпы маселе чечилбесе бул жара уламдан улам ырбай берет.

Темир Сариев белгилегендей, бийликтин жакында жүргүзгөн реформасы отун-сууга тарифтердин кымбатташына, азык-түлүккө баалардын өсүшүнө алып келип, элдин бийликке болгон ишенимин жоготот:

Албетте, ар түрдүү нааразылык акциялары “локалдуу” түрдө ар кайсы жерде жүрө берет. Бул жалпысынан бийликтин туура эместигин, анын алсырап баратканынын көрсөткүчтөрү.
-Бир жерде Ташиевди колдоп чыгышат. Бир жерде анын кызматтан кеткенин туура көрүп чыгышат. Бир жерде Исаковду колдоп чыгышат, бир жерде анын сотто деп чыгышат. Бул нааразылык акциялары “локалдуу” ар кайсы жерде чыга берет. Себеби бийлик негизги көйгөйлүү маселелерди чечпей жатпайбы. Мына 29-декабрда электр бөлүштүрүү тармагы сатылат. Аны кимге сатып атабыз? Эмнеге сатып жатабыз?-деген көптөгөн суроолор туулуп, ага жооп болбой элдин арасында ушак-айыңдар кетет. Нааразылык күчөйт. Жаңы жылдын башында отун-сууга тарифтерин жогорулашы менен азык-түлүктөр дагы кымбаттайт. Албетте, ар түрдүү нааразылык акциялары “локалдуу” түрдө ар кайсы жерде жүрө берет. Бул жалпысынан бийликтин туура эместигин, анын алсырап баратканынын көрсөткүчтөрү.

Бул маселе боюнча өкмөттүн тиешелүү кызматтарынан жооп алууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок.

Жердешчилик "эпидемиясы"

Ал эми “Эрк” партиясынын лидери Шайырбек Маматокторов болсо кызматтан алынган министрлердин жакындары нааразылык акцияларын өткөрүүнүн өзү туура эместигин, ар бир атуул эл шайлаган президент башында турган мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдерин сыйлоосу керектигин айтты.

-Мамлекеттин ишине кызматтан түшкөн министрлердин туугандарынын аралашып, кийлигишкени туура келбейт. Эгерде азыр Ташиевдин туугандары аны коргоп, кызматында калтырып койсо, өзүңөргө белгилүү болгондой ар бир айда губернатор, министр же башка жогорку кызматтагы адам жумуштан кетсе аларды коргогон туугандары чыга берет. Мындай “эпидемия” ар бир жерде чыга берет. Ошондуктан мындай нерсени бир жолу тыйып коюш керек. Мамлекеттик башкарууну сыйлаш керек, -деди Шайырбек Маматокторов

XS
SM
MD
LG