Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Р. Жээнбеков: Структура - жаңы, команда - эски


АКШда жүргөн кыргызстандык саясатчы Равшан Жээнбеков "Азаттык" менен байланышка чыгып, соңку саясий окуялар боюнча ой-пикир бөлүштү.

- Саламатсызбы, Равшан мырза? Сизди “Ата Мекен” партиясынан чыкты деген маалымат тарады. Бул канчалык чын?

- Мен эч убакта «Ата мекен» партиясынан чыккан жокмун. Мени эч ким чыкты деп айткан жок. Ошондуктан «Ата мекен» партиясынан чыкты деген маалымат туура эмес.

- Ал эми “Азаттыктын” интернет баракчасында сиздин атыңыздан жазылган маалыматчы?

- Мен эч кандай маалыматты жазган эмесмин. Мүмкүн менин атыман бирөөлөр жазса керек.

-Кыргызстандын башкаруу системасындагы акыркы реформаларга кандай баа бердиңиз?

- Менин оюмча бул организациялык структуралар маанилүү. Бул болуп өттү десек болот. Бирок эгерде реформаны аягына чыгарабыз дей турган болсо, анда сөзсүз түрдө уюштуруучулук реформалар менен бирге саясий жана маданий реформаны дагы жасашыбыз керек. Эгерде ушул эки реформа жасалбай кала турган болсо, анда реформа аягына чыкпай калат.

- Саясий жана маданий реформанын ишке ашышы үчүн эмне керек бизге?

- Сөзсүз түрдө биздин президенттин жана өкмөттүн күчтүү саясий эрки жана жакшы команданы чогултуу, ишти алдыга жылдыруу керек. Саясий структуралар жасалды, бирок мурдагы эле команданын калганына караганда менин оюмча жакшы системалуу иш алдыга жылган жок.

-Бийлик президенттин колуна дээрлик 90 пайыз өттү деген пикирлерге кошуласызбы?

- Ал пикирге кошула албайм. Анткени бийлик мурда эле президенттин колунда болчу. Ошон үчүн азыр бийликти президенттин колуна өттү деген туура эмес.

-Ушул тапта сиз Түндүк Америка университетинде иштеп жаткан экенсиз. Демек, Кыргызстанга азырынча кайтпайсыз го?..

- Менин азыр Кыргызстанга келгенге чынында эле мүмкүнчүлүгүм жок. Азыр Түндүк Америка университетинин Евразия боюнча программасынын башчысы болуп иштеп атам. Мурдагы Совет өлкөлөрү боюнча кызматташтык түзүүгө, өзгөчө билим тармагында милдеттүүмүн. Биз ушул университеттен тескерисинче азыр колуман келишинче Кыргызстандын жаштарын окутканга Америкадан билим алганга жардам берсем деген тилегим бар.

-Бул үчүн Кыргызстандык жаштарга кандай шарт коюлат?

- Менин оюмча биз Кыргызстандын жаштарын баардыгын алып келип бул жактан окута албайбыз. Анткени бул баанын маселеси, аябай кымбат. Ошондуктан биздин университет азыр колубуздан келишинче жаштарды бул жакка алып келбестен туруп, ошол жерде окутуунун жолдорун издеп атабыз.

Бул интернетти пайдаланып, мурдагыдай кымбат баалуу билимди эмес, колубуздан келишинче арзан баадагы, бирок сапаттуу Американын билимин Кыргызстанга жана мурдагы Совет өлкөлөрүнүн башка мамлекеттерине жеткирсек деген оюбуз бар.

-Равшан мырза, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG