Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

Кыргызстандагы окуялардын Швейцариядагы жаңырыгы


Люцерн шаарындагы жыйындан бир көрүнүш. 16-апрель, 2010
Люцерн шаарындагы жыйындан бир көрүнүш. 16-апрель, 2010

7-апрелде жана андан кийин орун алып жаткан окуялар жөнүндө эл аралык маалымат каражаттарында арбын сөз болуп жаткандыктан, андан Батыш өлкөлөрүнүн тургундары да учурунда кабар алууда. Кыргызстандагы акыркы жараяндар талкууланган жыйындардын бири жакында Швейцарияда өттү.

Утурумдук өкмөт жакындагы билдирүүсүндө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин доорунда бийликтен запкы көрүп, чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон журналисттердин бири катары атаган Кайрат Биримкуловдун айтымында, ал 16-апрель күнү Люцерн шаарында уюштурган жыйын адегенде кыргызстандыктар менен Кыргызстанды билген швейцариялыктардын маданий кечеси катары мерчемделген болчу. Бирок 7- апрелдеги кандуу окуялар жыйындын багытына өзгөртүү киргизилишин шарттады:

- Биз Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөр болуп жаткан учурда чогулдук. Мен да орун алган нерсе кыргыз коомчулугу үчүн чынында чоң бурулуш алып келет деп үмүттөнөм. Бул жерде, Европада гезиттердүн көбү Кыргызстан бир үй-бүлөнүн диктатурасын экинчи ирээт кулатканы, биринчи ирээт мындайды 2005-жылы жасаганы, адамдарга, журналисттер менен саясатчыларга өз каршы болгону үчүн коркунуч туулбагандай чыныгы демократиялык коом курууга экинчи ирээт мүмкүнчүлүк алганы тууралуу жазып жатышты.

Швейцариялыктар менен кыргызстандыктардын бул кечеси учурунда 7-апрелдеги элдик толкундоонун жүрүшүн чагылдырган видео жана фотосюжеттер көргөзүлдү. Журналист Кайрат Биримкуловдун баамында, бир кезекте туңгуч президент Аскар Акаев мекенин тез эле айландырууга кыялданган Швейцариянын калкы Кыргызстандагы соңку окуялар тууралуу жергиликтүү телеканалдар менен прессадан обьективдүү эле маалымат алды:

- Швейцариялыктар биринчи кезекте биздин өлкөгө окшош ландшафтты эске салганынан улам кызыгышат. Жаратылыш окшош. Кыргызстандагы окуялар Швейцариянын гезиттеринде, телеканалдарында абдан эле талкууланды. Менимче, биздин өлкөдө соңку жылдары эмне болгонуна обьективдүү эле баа берилди. Бийлик 2005-жылдан кийин элдин үмүтүн актабаганы жөнүндө айтылды. Швейцария Кыргызстандын беш негизги донорунун катарына кирет. Мен Швейцария да демократиялык институттарды куруу жагынан чындап жардам берүүгө киришет деп үмүттөнгүм келет. Анткени аларда өз демократиясын куруу жагынан эбегейсиз тажрыйба бар.

Швейцариянын "Нойе Цюрхер Цайтунг" гезитиндеги макала. 13-апрелб 2010-ж.
Люцерн шаарындагы жыйын учурунда “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маектешкен Томас Питтерман Кыргызстанда төрт ирээт болгонун айтып, соңку окуяларды теледен көргөндөн кийин алган таасири тууралуу буларга токтолду:

-Мен чынында эле шок болдум. Бирок бул акырында кыргыз элине өзгөрүү үчүн чыныгы мүмкүнчүлүк тартуулайт деп эсептейм. Менимче, бир жолкусу кызыктуу, ага катар коркунучтуу да. Анткени өзгөрүү туура же тескери нукта кетип калышы мүмкүн. Азыркы ыңкылап балким ошол жараян өтө кыйынчылык менен жүрүп жатканынын белгиси. Бул демократия үчүн күрөштөй көрүнөт. Бирок экинчи жагынан демократия орнотуу сот, өкмөт, шайлоо өңдүү институттар мыкты уюштурулушун жана көп убакытты да талап кылат.

Ал эми Швейцариянын Базель шаарындагы мамлекеттик клиникалардын биринде көз доктур катары эмгектенип жаткан Асан Кочкоров мекениндеги окуялар боюнча төмөнкүдөй ойлору менен бөлүштү:

- Кыргызстандан болгондон кийин сенин мамлекетиңди жакшы жагынан билсе экен деп ойлойт экенсиң. Жетекчилиги айткан сөзүн кылбаса же ушуга окшогон нерселердин аркасынан төңкөрүштөр келип чыгып жатса бир эсе уялат экенсиң. Бирок бул – бир жагы. Экинчи жагы сыймыктануу да пайда болот экен. Себеби жаныбыздагы эле коңшу мамлекеттерде жарандардын ой-пикир билдирүү жагы ойдогудай эмес. Бизде эгер бийликтеги адамдар айткан сөзүн аткарбаса, эл өз эркин көргөзө алгандыгы оң таасир калтырат.

Люцерн шаарында бейөкмөт уюмдардын биринин кеңсесинде журналист Кайрат Биримкулов уюштурган жыйында швейцариялыктарга Кыргызстанда саясий тополоңдон башка да турмуш бар экендигин көргөзүү үчүн өлкөнүн туризм мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган видео тасма тартууланып, этнография, фольклор боюнча баяндама да жасалды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG