Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

БУУ: "Адам укуктары толугу менен корголушу керек"


БУУнун баш катчысы Бан Ги Мун кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен жолугушууда, Бишкек, 3-апрель.
БУУнун баш катчысы Бан Ги Мун кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен жолугушууда, Бишкек, 3-апрель.

3-апрелде Бишкекке келген БУУнун баш катчысы Бан Ги Мун Кыргызстандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. БУУнун Бишкектеги үйү алдында болсо журналисттер менен укук коргоочулар тобу өлкөдө сөз эркиндиги кысымга кабылганын айтып пикетте турушту.

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясындагы жолугушуу
Кыргызстанга бир күндүк иш сапар менен келген Улуттар Уюмунун баш катчысы Бан Ги Мун эң оболу өлкө президенти К.Бакиев менен жолугушту. Баш катчы Кыргызстандын өкмөтү – адам укуктарын сактоонун эл аралык милдеттерин карманышы керектигин кыргыз президентинен өтүнгөнүн журналисттерге маалымдады:

Мен Кыргызстандын президентине Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссариатынын Борбор Азиялык кеңсесин Бишкекте жайгаштырганы үчүн ыраазылыгымды билдирдим. Президент Бакиев менен жолугушуу маалында - өлкөдө адам укуктары толугу менен корголушу керектигин – буга кирген сөз эркиндиги жана медиа эркиндигин камсыз кылууга чакырдым. Улуттар Уюму үчүн адам укуктарын коргоо эң башкы негиз. Айрыкча [Кыргызстандагы] соңку бир нече окуялар адам укуктарын коргоодогу эң оорчундуу суроолорду жаратат. Мен президентке айткандай, өлкөдө адам укуктары толугу менен корголушу керек. Мен Кыргыз президентин адамдардын социалдык абалын жакшыртуу, коомдун бардык деңгээлиндеги коррупция менен күрөшүү жана мыйзамдуулуктун кол тийбестигин сактоо багытында ишти жакшыртууга үндөдүм. Ошондой эле кыргыз президентин өлкөдө демократиялык жетишкендиктерди, анын ичинде сөз эркиндигин камсыз кылууда атайын иштерди аткарууга үндөдүм.

Улуттар Уюмунун Баш катчысы Кыргызстандын “Кыйноолорго каршы протоколго” кошулганы сүйүнөрлүк иш экенин жана бул жаатта өзүнө алган милдеттерди аткарат деп ишенээрин билдирди.

Түштөн кийин баш катчы Бан Ги Мун Кыргызстандын премьер министри Данияр Үсөнов менен тар чөйрөдө жолугушуп, анын соңунда кыргыз өкмөтү Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы суу, жер, жана гидро-энергетикалык ресурстар тууралуу баяндаманы сунуштады.

Кыргыз өкмөт башчысы Данияр Үсөнов эки тараптуу жолугушуу ийгиликтүү өткөнүн маалымат жыйынында билдирди:

- Кыргызстан менен Улуттар Уюмунун ортосундагы конструктивдүү кызматташуу тууралуу сүйлөшүү болду. Эки тараптын тең кызыкчылыгын туудурган эл аралык жана регионалдык маанидеги маселелер – ошондой эле суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу, климаттын өзгөрүүсүнүн таасири жана Кыргызстандын аймагындагы уран калдыктарын жөнгө салуу тууралуу баарлаштык.

Учурда Борбор Азия чөлкөмүндө экологиянын жапа чегиши, суу ресурстарын пайдалануу, уулуу металл калдыктарын жок кылуу, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу чукул арада чечүүнү талап кылган бир топ көйгөйлүү маселелер бар. Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанга уран калдыктарын жок кылууга көмөк көрсөтөт. Баш катчынын айтуусунда, уран өндүрүшүнүн калдыктарын зыянсыздандыруу жалгыз гана Кыргызстан эмес жалпы дүйнөлүк коомчулук чече турган маселе.

Улуттар Уюмунунун баш катчысы Борбор Азия өлкө башчыларын аймактагы суу-энергетикалык маселени биргелешип талкуулоого чакырды. Бириккен Улуттар Уюму мамлекеттер аралык баарлашууну жолго коюну ар тараптан колдойт”, - деди баш катчы маалымат жыйынында.

БУУнун баш катчысы Бан Ги Мундун кийинки жолугушуусу Жогорку Кеңештин депутаттары менен болду. Ал арада БУУнун Бишкектеги үйүнүн алдында журналисттер менен укук коргоочулардын тобу Кыргызстандыгы сөз эркиндиги кысымга дуушар болуп жаткандыгын айтып көчөдө турушту.


Баш катчы адам укуктарын сактоого чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG