Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

Президенттин төрт жылы: Убада канчалык ишке ашты?


Өлкө башчысы соңку кезде элдин жашоосун жакшыртууга арбын аракет жасалып жатканын байма-бай айтып келүүдө. Бирок коомчулукта Бакиев доорунда анча-мынча өзгөрүүлөр болгондой сезилгени менен, Акаев убагында түптөлүп калган коррупциялык система ошол бойдон калганы, а түгүл андан да күчөп кеткени тууралуу пикирлер күч.

2005-жылдын жайында Курманбек Бакиев президент катары ант берип, “Элимдин абалынын оңолушуну, экономикабызды көтөрүүнү көзүм көрүп, акылым жетип турат. Өлкөдөгү коррупциянын тамырын кыркып, көмүскө экономиканы ачыкка алып чыгууга аракет кылабыз.Өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында элибиз социалдык теңдикте, калыстыкта өз тилегин ишке ашырууга тийиш жана биз ага сөзсүз шарт түзүп берүүгө күрөшөбүз ”, - деп убада кылган. Анда айтылган сөздөр элди зор үмүткө жетелеген эле. Андан бери 4 жыл өттү. Бул убакыт аралыгында кандай өзгөрүүлөр болду?

Президенттин айтымында, азыр өлкөдө “бизде ресурс жок, биз кедей, жакырбыз” деген киши жок болуш керек:

- Бизде баардык ресурстар бар. Өзгөчө адам ресурстарын белгилегим келет. Ошондой эле кендер: суу, энергетика, алтын запастары бизде жетишээрлик. Азыр биз өз күчүбүз менен Камбар-Ата ГЭСин куруп жатабыз. Кызыл-Кыя цемент заводун жакында ишке киргизебиз. Мен майда ишканаларды эмес, ири ишканаларды айтып жатам. “Кумтөр” боюнча 3 жыл жүрүп, эки тарапка тең пайдалуу мыкты келишимге жеттик. Менимче, бул - аткаруу бийлиги жакшы иштегендигинде жана анда ишти билген адистердин олтургандыгында.

Жаш саясатчы Мирзат Ажиевдин пикиринде, бийлик кандайдыр бир деңгээлде жогорудагыдай аракеттерди жасады. Бирок ал буга чейин сөз жүзүндө эле калып, чечилбей келе жаткан “Кумтөр” маселеси боюнча шайлоонун алдында мамилелердин түзүлө калышын, Камбар-Ата курулушунун басым менен айтылып жатышын бийликтин упай топтоо гана аракети катары белгилейт:

- Албетте, айрым иштер болду. Аны танбаш керек. Бирок жалпысынан өлкөнү жолго коюу маселелеринен аксап жатабыз. Мурдагы турмуштан артка кеттик. Ошол эле экономикалык саясат бизде жок. Ошону өкмөт кабыл ала албай жатат. Ага биз өкүнүп турабыз. Президент тактыга келгенде, тегерегиндеги адамдарды башкара алган жок. Жаңы ойлор жок болуп калды. Акаевдин убагынан келе жаткан көз карштар эле уланып калды. Андан алыс кете алган жок.

Беш жыл аралыгында Кыргызстанда стабилдүүлук орногондугун, акыркы үч жылда бюджет эки эсеге көбөйгөндүгүн, бийлик бутактарында жаштардын тартылышын жаш депутат Алишер Мамасалиев негизги өзгөрүүлөр катары белгилейт. Анын айтымында, президент демократиянын принцибин сактаган күчтүү мамлекет түзүүнүн аракетинде:

- Президент өзүнүн кайрылуусунда 10-15 жылдын ичинде ушундай адилеттүү, тең салмактуу системаны түзөбүз деп айткан. Президенттин кайрылуусу бизге тапшырма да. Биз ошого байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизебиз, же жаңы мыйзамдарды кабыл алабыз. Негизи реформаларага саясий стабилдүүлүк керек.

Жаш саясий серепчилердин бири Мирсулжан Намазалиев Курманбек Бакиев жаңы бийликке келгенде Акаевдин убагында түптөлүп калган коррупция системасы бузулат деген үмүт болгондугун айтат. Ал ошол учурда коррупцияга чырмалышкан адамдар да сестене баштагандыгы байкалгандыгын белгилейт:

- Ошол жылы бажы кызматындагылар өтө көп салык жыйнап беришкен. Анткени алар жаңы бийликтен сестенишип, аны күчтүү деп ойлогон. Анан бир аз убакыттан соң, бул бийликтин мурдагысынан айырмасы жок экенин билгенден кийин, кайра эле паракорлук гүлдөй берди. Азыр паракорчулук андан да күчөп кетти болуш керек.

2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев ошол эле жылдын 10-июлунда өлкө президенттигине шайланган. Ушул айдын башында болсо “Ак жол” партиясы Бишкекте курултайын өткөрүп, өз лидери Курманбек Бакиевди президенттик экинчи мөөнөткө талапкер кылып көрсөттү. Ошентип быйыл Курманбек Бакиев эми экинчи президенттик мөөнөтү үчүн ат салышканы турат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG