Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

13-марттагы кырсык: Көп суроонун жообу жок


13-мартта Аламүдүн капчыгайындагы жол боюндагы кырсык иликтенүүдө. Машинедегилердин бири президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов экендиги болжолдонууда. Башкы прокуратура Бишкектеги ДНК анализдин жыйынтыгы жакын арада чыгарын билдирүүдө.

13-мартта Аламүдүн капчыгайында өрттөлгөн машине ичинен табылган сөөктөр кимдики экендиги ошол кырсыктуу окуядан кийин эле айтыла баштаган. Жол тандабас чоң машиненин алеки саатта күйүп кетиши, ичиндегилердин жалбырттап жалын чаба баштаганда сыртка чыгуу аракетин көрбөй олтуруп алышы, анан да машине айдоочунун орду бош экендиги артынан толгон-токой божомол-жоромолдорду жараткан.

- Менде да суроолор пайда болду. Кечиресиздер, биздин короодо мындан 2 – 3 жыл илгери менин кошунамдын “Lexus” кара түстөгү машинеси күйүп кеткен, билсеңиздер керек. Ал дагы түндө өрттөлгөн, эки саат өрт өчүрүшкөн, машиненин жарымы гана күйгөн. Мындан кичирээк машине болчу. Машиненин диски да эрип кетиптир,- деп билдирген парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Эрик Арсалиев.

Анын кесиптеши Галина Куликова парламенттеги кырсыктуу окуяны талкуулаган комитет жыйынында күч кызмат жетекчилеринин алдында биртоп суроолорду койгон.

- Эмне үчүн “Lexus” ичиндегилердин баары күйүп, сөөгү күл болуп кеткен? Кимдин сөөгү экенин таанып-билиш мүмкүн эмес. Шору каткан “Audi” автоунаасынын айдоочусун Медет Чокановичтин аялы, И.Гайыпкулов көрүшүптүр. Анын бети-башы сопсоо экен. Танктай болгон “Lexus” машине, мен автоунааларды жакшы деле билбейм, билгендер аны танктай болгон бышык унаа дешти, кагышканда заматта күйүп, күлү калып, кагышкан машиненин айдоочусу аман-соо.

Парламент депутаты социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева кырсыктуу окуянын артында суроолор толтура экенине токтолуп, өз божомолун журналисттер алдында ортого салган.

- Бирок машиненин жүргүнчүлөр отурчу орундан үч кишинин сөөгү табылган. Билесизби, айдоочунун орду бош болгон. Башкача айтканда, бул машине ал жерге айдалып келинген деген болжолго негиз берет. Кыязы кишилер ал убакта тирүү болгон эмес окшойт.

Бир айга чукул убактан бери капчыгайдагы кырсыкта кимдер набыт болгону такталбай, күч кызмат жетекчилери 18 түрдүү экспертиза дайындалганын айтуу менен чектелип келатышат. Атүгүл Москвадагы соттук-медициналык экспертизанын ДНК боюнча жыйынтыгы деле бүдөмүк ишке тактык киргизе алган жок. Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Учкун Каримовдун айтуусунда, Бишкекте дайындалган экспертизанын жыйынтыгы бүтө элек.

- Бирок тиги туугандары, адвокаттары мына Бишкектики чыксын ошону менен чогуу жарыялагыла, деп өтүнүч менен кайрылышкан. Биз азыр Бишкектики кандай болорун билбей жатабыз. Булар да эки-үч күндүн ичинде билинет, бүтүрөт, деп убада кылышкан.

Учкун Каримов ДНК анализдин Бишкектеги жыйынтыгы чыккандан кийин тергөө токтому менен сөөк кимдердики экени аныкталып, жерге берүүгө уруксат кылынарын кошумчалады. Кырсыктуу иштин чоо-жайын аныктоого 18 экспертиза дайындалган. Азырынча алардын 3 – 4 гана аягына чыгып, калгандарынын бир ай ичинде жыйынтыгы чыгышы керек.

13-марттагы окуя боюнча парламент депутаттык комиссия түзгөн. Комиссия жетекчиси Рашид Тагаевдин айтуусунда, ушу тапта тийиштүү документтер топтолууда.

- Иштеп атабыз. Справкаларды алып, тияк-бияктарга чыгып, дегендей. Адамдар менен жолугуп.

Парламенттик комиссия ишин качан жыйынтыктары белгисиз. Кыргызстандын башку прокурору Элмурза Сатыбалдиев ДНК анализдин жыйынтыгы чыкмайынча ким набыт болгонун айтыш мүмкүн эместигин белгилеп келатат.

XS
SM
MD
LG