Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Шишиген ириң жарылмайын айыкпайт


22-июнда Жалал-Абадда коопсуздук кызматкерлеринин операциясы учурунда окко учкан куралчан топтун башчысы Хасан Сулеймановдун мындан эки жыл илгери боштондукка чыгышына кимдер көмөк көрсөткөнү ушу тапта иликтенүүдө. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Жогорку соту кызматтык териштирүү жүргүзүп, Жогорку Кеңеш депутаттары парламенттик иликтөөгө киришүүдө. Жалал-Абаддагы окуянын изи сууй электе коопсуздук кызматкерлери Өзгөндө ошондой эле операция өткөрүп, үч куралчанды жок кылып, экөөн тирүү колго түшүрүшкөнү маалымдалууда.

“Өзбекстан ислам кыймылы” , “Ислам казават тобу” же башка бир диний жанкечтилердин коопсуздук кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүшү же жок кылынышы кийинки жылдары жаңылыктардан түшпөгөн темага айланып баратат. Өзгөндөгү куралчан топтун үч адамы жок кылынып, алардын бирөө кыргызстандык, экинчиси Өзбекстан жараны экенин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин пресс-кызматы 29-июнда жарыя кылды.

- Жалал-Абад боюнча. Ким экендигин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бизде азыр маалымат жок. Баары азыр текшерилип жатат,- деп билдирди Улуттук коопсуздук комитетинин пресс-кызматкери.

Кайсы өлкөнүн жараны, кимдиги такталып жаткан куралчан топтун Жалал-Абадда жок кылынган башчысы Хасан Сулеймановдун 2006-жылкы Кадамжайдагы атышуудан кийин коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалып, бирок 40 миң доллардын аркасы менен боштондукка чыгып кетишин парламент депутаты А.Сулайманов жарыя кылган.

Андан аз өтпөй Жогорку сот төрайымы Жаңыл Алиева Хасан Сулеймановго каршы ачылган кылмыш иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда тергелгенин, эмнеликтен анын жеңил жаза алып калышын прокурордун айыпты колдобой койгонуна байланыштырган. Башкы прокуратуранын сотту камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жээналиевдин айтуусунда, Х.Сулейманов 2 жылга шарттуу кесилип, Оштогу жатак абак жайга жөнөтүлгөн.

- Эми факт деп айтыш кыйын. Бирок ал кишиге, Х.Сулеймановго 6 берене боюнча айып коюлган. Анын үч беренеси далилденген жок, деп прокурордун өзүнүн айтканы бар. Ал 3 берене боюнча соттолуп жатат. Ошондо прокурор үч жыл десе сот 2 жыл берип, андан кийин кайра Ошко колония-поселенияга барып, Ошто колония-поселенияда маалынан эрте шарттуу боштондукка чыгып кетип атпайбы.

Н.Жээналиев Х.Сулеймановду Ошто “Кожомкулов деген киши соттогонун” кабарлады. Ал эми Ош шаардык сотунун судьясы Рамазан Кожомкулов андай ишти караган-карабаганын билбестигин, эсинде калбаганын маалымдады.

- Аны билбейм эми. Караштырыш керек да. Биз бир күндө канча иш карайбыз. Анын баары эсте калбайт да. Аны көтөрүш керек.

Парламенттин Коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Рашид Тагаев облустук ички иштер кызматын жетектеп турган кезинде 2001-2002-жылдары Өзбекстандын ислам кыймылынын жетекчиси Жума Наманганинин тапшырмасы менен Кыргызстанга келген куралдуу топтордун айрымдарын кармашканын айтты. Анын пикиринде, мындай ачык согушта жалгыз эле коопсуздук кызматтары эмес, көпчүлүк каршы турушу керек. Ал эми коркунучтуу кылмышкерлердин боштондук чыгышына көмөк көрсөткөндөр катуу жазаланышы абзел.

- Бизде ушундай болуп калган. Бирөөнү күнөөсүз соттоп ийсе анын жазасы жок. Мен ушундай фактыларды билем. Сот Кылмыш-жаза кодексинде жок беренелер менен соттоп ийген. Ушундай учурлар бар. Булардын бардыгы жазасын алышы керек! Иштен бошотуп эле тим болбой, үстүнөн иш козгоп, өздөрүн отургузуш керек!

Иши кылып, парламентте жарыя кылынгандан кийин чоң чууга түшкөн Х.Сулеймановдун 40 миң долларына байланышкан ишти Кыргызстандын Жогорку соту, Башкы прокуратурасы, парламенттин тийиштүү комитети иликтөөдө. Жыйынтыгы кандай чыгар экен, күтө туралы.

XS
SM
MD
LG