Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Унутулган келишимдерден уланган сөз


"Алтын" комиссияга парламенттен эки депутат К.Исабеков менен С.Ибрагимов кирген
"Алтын" комиссияга парламенттен эки депутат К.Исабеков менен С.Ибрагимов кирген

Шашылыштанбы же байкоостонбу, иши кылып 30-апрелде «Кумтөр» алтын кени боюнча жаңы шарттагы келишим парламент жактыруусуна сунуш кылган чакта аны коштогон кошумча келишимдер унутта калыптыр. Социал-демократиялык фракциянын 20-майдагы жыйынында ошол унутулуп калган келишимдер талкууланды.

“Кумтөр” алтын кени боюнча жаңы шарттагы келишимдерди түзүүгө катышкан комиссия мүчөсү, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Капар Курманалиев маанилүү келишимдердин унутта калтырылышы атайылап жасалган иш эмес экенин белгилеп, кандай келишимдер парламенттен жактырылбай калганын социал-демократиялык фракция мүчөлөрүнүн алдында санап берди.

- Бул Кыргызстан өкмөтү менен “Кумтөр” алтын кен, “Центерра” компаниясынын ортосундагы инвестициялык келишим. Экинчиси - концессиялык келишим. Бул мурдагы документтер. Үчүнчүсү - “Центерранын” акционерлери менен келишим. Төртүнчүсү - баалуу кагаздарды сактоо жөнүндөгү макулдашуу. Бешинчи -“Центерра Голд”, “Кумтөр Голд” компаниялары менен кыргыз өкмөтүнүн мунаса келишими. Алтынчысы - “Кумтөр”. “Центерра” менен кыргыз өкмөтүнүн бири-бирине кине койбой тургандыгы жөнүндө келишим. Акыркысы - алтын менен күмүштү сатуу боюнча келишимге киргизилчү өзгөрүүлөр.

24-апрелде өкмөт кол койгон жаңы шарттагы келишимдер 30-апрелде парламент жактыруусунан өткөн. Парламент мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн мактоосуна арзыган маанилүү документтердин унутта калтырылышын өкмөт эми байкоостон баам сыртында калган каталык катары мүнөздөөдө.

Социал-демократиялык фракциянын “Кумтөр” алтын кени боюнча жаңы келишимдердин талкуусунда мурдагы парламенттеги алтын боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шерниязов эксперт катары өз оюн ортого салып, “Central Asian Gold Limited” компаниясынын чоо-жайына кызыкты.

- Мындай жагдайды тактап көрбөй эми силерге айтып берип олтурушат. Мен билип турам, андай компанияны биринчи жолу угуп жатасыздар. Булардын эмне каалаганы мына ушул иштин артына катылган,- деп айтты Болот Шерниязов.

Комиссия мүчөлөрү болсо “Центерранын” акцияларынын кыйласына ээ компанияга Кыргызстан жарандарынын ичинен кимдердин катышы бардыгы тийиштүү кызматтардын иликтөөсүндө турганын маалымдоо менен чектелишти.

Тогуз-Тородогу “Макмал” кенин курган, учурунда вице-премьер-министр кызматын аркалаган Базарбай Мамбетов жаңы шарттагы келишимдерди опсуз чоң алдоонун мисалы катары мүнөздөдү.

- Ойго келбес иш. Мунун салакасын кыргыз эли 21-кылымдын аягына чейин тартат эми. Эгер алар жылына 20 тоннадан алтын алтын казып ала турган болсо канадалыктар келе электе кыргыз геологдору изилдеп аныктап койгон алтындын 2000 тонна запасы 100 жылга кенен жетет. Кандай келишимдерге кол коюп, жактырып бердиңер, урматтуу депутаттар. Жаңы келишимдер боюнча биз 27 чарчы чакырым жерди беребиз. Ушуну жазып алгыла, тиркеменин биринчисинде жүрөт.

А бирок андай жүйөө чындыктан атчабым алыс экенин Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Капар Курманалиев билдирип, “Кумтөрдө” 2000 тонна алтын запасы жоктугун, советтик геологдор тарабынан анда 716 тонна алтын бардыгы изилденип, такталганын кошумчалады. Комиссия мүчөлөрүнүн айтуусунда, концессиялык келишим негизинде “Кумтөр” алтын кени канадалыктарга 49 жылга ижарага берилген.

Өкмөт башчы келтирген Кыргызстан алчу кирешелер жөнөкөй арифметикалык эсепке салынганда туура чыкпай каларын социал-демократиялык фракциянын мүчөсү, депутат Роза Отунбаева эскертти.

- Мисалы, ал жылына 70- 80 миллион доллар деп айтып жатат. Ал эми менин эсебим, менин арифметикам башканы көрсөтүүдө. “Центеррадан” түшчү 3,4 миллиард долларды 15-20 жылга бөлгүлө. Анча акчаны алыш үчүн менин эсебимде жыл кур эмес 180 – 200 миллион доллар алып турушубуз керек. Ушунча акча жыл сайын түшүп турушу абзел. Анан бул жерде өтөле көп суроолор бар, менин эсебим башкача чыгып жатат.

“Кыргызалтын” акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеев Б.Шерниязов козголоп жаткан “Central Asian Gold Limited” компаниясы “Центеррадагы” акцияларын сатып ийип, азыр анын “Кумтөр” алтын кен долбооруна тиешеси жоктугун маалымдады. Ал дагы 1992-жылдан берки алтын көз боемочулуктарына катышы бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети башталганын кабарлады.

- Анын ичинде эларалык органдарды да бул ишке тартып жатабыз. Биз чындыкка коошпогон же аныктала элек сөздү айта албайбыз. Бул фактынын үстүндө иш жүргүзүп жатабыз. Иш аягына чыкканда анын жыйынтыгын элге, депутаттарга жарыя кылабыз.

Жаңы шарттагы “Кумтөр” алтын кен долбоору боюнча келишимдерди түзүүгө катышкан ведомстуктар ортолук комиссиянын мүчөсү Кубанычбек Исабеков да А.Атамбаевдин тушунда түзүлгөн келишими өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгына бүлгүн салар документ экенине токтолду.

- “Камеконун” өпкөсүн үзүп, алып келип мажбурлап туруп анан келишим түздүрүп, анан “Камеконун” 25 миллион акциясын тартып алып жатсак бизди күнөөлөйбү? Ошону айтсаңар. Ал эми А.Атамбаевдин келишиминде алдамчылык бар. “Камекодон” алып туруп кайра 10 миллион беребиз деп жатат. 10 миллионду “Камекого” берет беле же кээ бир кыргыздардын кулагы андан чыгат беле? Муну дагы Иса Өмүркулов айткандай, тарых билет болчу.

Болот Шерниязов 2000-жылдардын башында Кыргызстанда иш жүргүзгөн “Central Asian Gold Limited” компаниясынын айланасындагы бүдөмүк иштер бул ирет деле баам сыртында калып калганын белгилеп, алтын алдамчылыгына тиешеси бар кишилерди жоопкерчиликке тартуу зарылдыгына токтолду.

Комиссия мүчөлөрү ырастап жаткан алтын көз боемочулуктарына катыштыгы бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушу кыйладан бери эле айтылып келатат. Анткен менен тергөө кылтагына илинбес таасирдүү адамдардын көбү ушу тапта орусиялык жарандыкты алып, алды университетте сабак берип, ири ишкердик долбоорду жүзөгө ашырып, ээн-жайкын жашоодо. Ал эми демилге болсо жуп президенттик шайлоо алдында дембе-дем козголуп жатышы да биртоп түкшүмөл суроолорду жаратпай койбойт.

Өкмөттүн унутта калтырылган келишимдери парламенттин 21-майдагы отурумунда талкууга коюлмакчы.

XS
SM
MD
LG