Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

К. Исабеков: Кумтөрдүкү ушу келишим менен бүттү деген каталык


ЖК «Кумтөр» алтын кен долбоору тууралуу келишимдерди жактырганына бир айдай убакыт өттү. Парламент вице-спикери К. Исабеков жаңы келишимдер кандай аткарылып жатканы жөнүндө кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

- Кубанычбек мырза, “Кумтөр” алтын кени боюнча келишимдердин мыйзамдык жөрөлгөлөрү толук жасалды. Эми дагы кандай иштер жасалып жатат?

Кубанычбек Исабеков: - “Кумтөр” боюнча 1992-жылы башкы келишим түзүлгөн. Бул ирет өкмөттүн “Камеко”, “Центерра”, “Кумтөр Голд компани”, “Кумтөр Оперейтинг компани” менен жакшы келишимдер түзүлдү. Мына бир жума болуп калды, Ысык-Көл облусуна 40 миллион сом келип түштү. Эми дагы ошончо эле акчаны быйылкы жылдын эсебинен төлөп берсеңер деп жатабыз. Быйыл Ысык-Көл районунун 70 жылдыгы болот. “Кумтөрдүн” жетекчиси А.Сазанов ушул аптанын аягында өкмөттүн эсебине өткөн жылдын салыктарынын эсебине деп 1 миллиардга жакын акча которула тургандыгын ырастады. Анан ушу тапта 18% деп эле жатпайбызбы. Социалдык фондго, кирешеден түшчү салык, буга кошумча бийик тоо коэффициенти да төлөнгөнү турат. Булар чоң акча. Бийик тоо коэффициенти 2006-жылдан бери 2, 4 эсе көтөрүлгөн. Үч жылдын ичинде булар 1 миллиард 750 миллион сом бийик тоо коэффициентин төлөп беришти. 574 миллион сом Социалдык фондго түштү. 47 миллион сом кирешеден алынчу салыктан түштү. Мыйзам негизинде оору баракчасына төлөй башташты. Мамлекеттик ишкана катары төлөмдөрдүн баарын төлөйт.

Мурда чет элдиктер уруксат албай эле иштешчү. Эми Миграция комитети менен келишим түзүп, уруксат кагазын алып иштешет. Экологиялык төлөмдөр 3 эсе көтөрүлдү. Экологияны калыбына келтирүүгө бөлүнчү акча мурда Кыргызстанда сакталчу эмес. Эми анын эсеп-кысабы Кыргызстанда ачылып, бул жерде каражаты сакталып турат. Ал Лондондо болчу. Эми анын суммасы аныкталып, өкмөттүк эсепке түшүп, бул жерге келет. Анан да эми канадалыктар өздөрү билип акцияларды алып-сата беришпейт кыргыз өкмөтүнүн уруксаты жок. Ал эми Кыргызстан акциясынын сатылып кетишине жалгыз эле Н.Танаевдин күнөөсү жок. Ага Н.Бейшеналиева, Белковскаянын да тииешеси бар. Булар азыр да Кыргызстанда иштеп жүрүшөт.

- Мына ушул алтын көз боемочулуктарына, алдамчылыкка тиешеси бар кишилердин жоопкерчилиги боюнча маселе козголгон болчу. Алардын иши Башкы прокуратурага, Каржы полициясына берилди дегенсиздер. Ошол иш кандай ахывалда?

Кубанычбек Исабеков: - Кыргыз бюджети миллиарддаган акчаларда кантип куржалак калышын эл билиши керек. Эгер алар болгондо көп иштер аткарылып калмак. 30-апрелде келишимдер парламенттен жактырылып жатканда мен атайын токтом даярдап, анда сырелук ресурска делген 4% акчанын кандайча жумшалышын өкмөт өзү көзөмөлдөп бекитиши керектигин белгилегенбиз. Экинчиси кыянатчылык кылып, өзүнүн кызыкчылыгын мамлекет кызыкчылыгынан жогору койгон кишилерди жоопкерчиликке тартуу маселесин койгонбуз. Ал иш мага жүктөлгөн. Мына 1 ай болду. Башкы прокуратура менен Каржы полициясы иш козгогон. Азыр иликтөө, тергөө жүрүп жатат, мыйзам негизинде мен көп нерселерди ачык айта албайм. Алар сөзсүз жоопко тартылышы керек. Алардын үлгүсүн башкалар жасабашы үчүн. Аз да болсо аларды кустуруш керек. Анын Орусия мыйзамы боюнча ал жердин жаранын кылмыш жообуна тартууга башка өлкөгө беришпейт. Н.Танаевди көп издештин деле кереги жок. Ал бийик үйлөрдү Санкт-Петербургда салып жүрөт. Аны кармап келүүгө мыйзам жол бербейт. Н.Танаев баласына шарт түзүп бериш үчүн кээ бир документтерге кол койгон. Баласы Ала-Букада жолду бузуп, дарыяны булгап, тескери иштерди жасаган. 2004-жылы канадалыктардан “Кыргызалтынга” келген 11 миллион доллар акчаны Н.Танаевдин буйругу менен Африкага жөнөтүп жиберишкен.

Барскоондо цианид төгүлгөндө да 4 миллион 400 миң доллар акчаны ошол А.Акаев баш болуп жеп кетишкен. Аны жалгыз А.Акаев жасаган жок. Көп кишилердин колдору бар. Мен айткан эки фактыдан башка деле көр иштер бар. Мисалы, фабриканын баасын көтөрүп 167 миллион долларды жеп кетишкен. Курулуштун баасы анчага чыкпаса да биздикилер кол койгон. Андан тышкары 17% акцияны, Кыргызстанга тиешелүү мурунку акцияларды сатып жиберишкен. 86 миллион долларга сатып, анын да 10 миллионун кайсы бир брокердик конторанын кызматы үчүн деп берип, өздөрү жеп коюшкан. Муну да иликтеш керек. Мындай иштер көп болгон. Салыктардын түрлөрү , камсыздандыруу. Цианид төгүлгөндөгү камсыздандыруунун акчасы кайда кеткен. Ошонун 67% Кыргызстанга түшүшү керек эле. Казылып аткан тоо кулап кеткен.

- Сиздин айрым кесиптештериңиз мына ушул келишимдер үчүн сизге мамлекеттик сый-ургал көрсөтүш керек деп чыгышты. Ошол иш кандай болуп жатат?

Кубанычбек Исабеков: - Мен муну билбейм. Экинчиден мен өзүмө бирдеме сурап көргөн жан эмесмин. Сыйды президент чечет. Ал эми Жогорку Кеңеште бул маселе көтөрүлүп атканын билбейм.

- Кубанычбек мырза, башка ири алтын кендердин айланасындагы талаштарга эмдигиче чек коюлбай, талаш бүтпөй келатат. Калган ири кендерге токтоло кетсеңиз.

Кубанычбек Исабеков: - “Кумтөр” боюнча келишимдерди аягына чыгарышыбыз керек. Анан эң негизгиси Кыргызстанда 2,5 миңдей жерден кен чыгат. Алардын ичинен эң ириси “Кумтөр”, запасы боюнча дүйнөдө 7-, СССРде 3-орунду ээлечү. Ошол ири кенден 17 жылда 383 миллион доллар түштү. Аны менен түзүлгөн келишимдерди түзүүнүн тажрыйбасын башка кендерге да жайылтыш керек.

- Кубанычбек мырза, маегиңизге ырахмат!

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG