Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Аксы окуясын эскерген акцияга чыккандар соттолду


Топчубек Тургуналиев Өкмөт үйүнүн алдында Аксы окуясын эскерген реквием акциясында.
Топчубек Тургуналиев Өкмөт үйүнүн алдында Аксы окуясын эскерген реквием акциясында.

Биринчи май райондук соту бир укук коргоочу жана үч саясатчыны коомдук тартипти бузду жана милицияга каршылык көрсөттү деп кармап, эскертүү менен бошотту.

18- мартта эскерүү пикетине чыккандардын лидерлеринин ишин сот Алмазбек Молдобаев карады. Аларга коомдук тартипти бузуп, милицияга каршылык көрсөттү деген айып тагылып, администрациялык эскертүү берди.

Администрациялык жаза алгандардын катарында укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова, БЭКтин мүчөлөрү Топчубек Тургуналиев менен Анвар Артыков жана “Жашылдар” партиясынын мүчөсү Самат Алиев бар. Пикет учурунда аларды өкмөт үйүнүн алдынан милиция кармап кеткен.

Сот ишине байкоочу катары Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү да катышып, пикетчилер тарабынан эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун билдиришти.

-Абдан курч сөздөр айтылды. “Аксы окуясын эскергенибиз үчүн керек болсо 20 жыл берсеңер да олтурабыз”- дешип катуу айтышты. Эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун баса белгилешти.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында алар Аксы окуясында каза болгондор менен жабырлангандардын укугу корголсун, ага күнөөлүүлөр жазалансын деген талап гана коюп, өчкөн өмүрлөрдү элестеткен шам жагышкан.

Пикетке чыккандарды эмне себептен милиция кармаганын, соттун чечим чыкканга чейин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Таалай Шатманов мындайча түшүндүргөн эле.

итинг болгон жок. Бирок булар эл алдына чыгып ачык акция кылууга аракет кылышты. Плакат жазып, шам жагабы ушунун баары ачык акция деп эсептелет. Биз бир нече жолу токтоткула деп сурандык. Каяша кылып, милицияга каршылык көрсөтүшкөнү үчүн кармадык. Административдик кодекстин 371-беренесине такап жатабыз.

“Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын пикиринде пикетке чыккандарга милиция кызматкерлерине баш ийбей, коомдук тартип бузду деген күнөөнүн коюлушу туура эмес.

-Булар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтө турган адамдар эмес. Мыйзамды түшүнгөн инсандар. Аксы окуясын эскерүү күнүндө кармалышынын өзү туура эмес. Мунун өзү адамкерчиликке жатпайт.

Саясий куугунтуктардан коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев милициянын мындай кармоолоруна жедеп көнүп бүткөндүгүн айтып, муну бийликтин коркутуу аракети деп баалап, соттун чечимине макул эместигин айтып, Бишкек шаардык сотуна кайрылышаарын “Азаттыкка” билдирди.

-27- мартта БЭК бүткүл элдик нааразычылык акциясын уюштурганы жатпайбы. Ошондуктан булар коркутуу арекетин кылып жатышат.

Топчубек Тургуналиевдин айтымында администрациялык жазага тартылгандар сот чечимин талашып, Бишкек шаардык сотуна кайрылышмакчы.

Укук коргоочулардын демилгеси менен уюштурулган Аксы окуясын эскерүү акциясы өкмөт үйүнүн жанында 17-мартта башталган. Бул күнү милиция байкоочу катары жүрүп, акция уюштуруучуларына тыюу салынган эмес.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG