Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:18

Өзбекстан чек ара бойлото аң казып кирди


Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен айрым аймактарын ушинтип казып салды
Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен айрым аймактарын ушинтип казып салды

Өзбекстан тарап Кыргызстан менен болгон чек арасын бойлото аң каза баштады. Кошуна өлкө мындай бир тараптуу аракети менен эки тараптуу келишимдерди жана эл аралык эрежелерди одоно түрдө бузууда.

Өзбекстан тарап Кыргызстандын Сузак, Араван, Ноокат жана Кадамжай райондору менен болгон чегарасынын адам өтүүгө мүмкүн болгон жерлерин бойлото аң казып киргендигин Кыргызстандын чегара кызматы да ырастады. Айрым аралыктарда казылган аңдын эни дагы, тереңдиги дагы үч метрден.
Коомдук ишмер Иманберди Жалилов Араван району менен чектешкен Өзбекстан чегарасындагы казылган аңдардын мисалында “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Бүгүнкү күндө, маселен, Кыргызстандын Араван району менен Өзбекстандын Кожо-Абад райондорунун ортосунда 12 чакырым аралыкка ошондой аңдар казылды. Учурда Араван районунун Чек-Абад өрөөнү менен чектешкен тарапта Өзбекстан ушундай казууларды күчөтүп жатат. Бул – эл аралык мыйзам актыларына таптакыр туура келбеген, эл аралык мыйзамдарды одоно бузган нерсе.

Иманберди Жалилов Өзбекстан тараптын эч кандай макулдашуусуз, ал тургай Кыргызстанга маалымат да бербей туруп жасап жаткан иштерин коңшуларга кыйынсынуусу катары да баалады жана мындай мыйзам бузууларды териштирүү ишине БУУнун, ШКУнун көңүлүн бурдурууга чакырык таштады.

Кара-Суу районуна караштуу Барак анклав-кыштагынын айланасында мындай жер казуулар азырынча жок. Барак курамына кирген Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүнбай Мойдуновдун айтуусунда, барактыктардын Кыргызстанга каттоосу райондук бийликтердин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында уланып жатат.

Анткен менен каттоочулар кыйла кыйынчылыктарга кабылып жаткандыгын ошол Барак анклав-кыштагынын тургуну Кушбак Чыныбаев кеп кылды:

- Өзбекстан бажычылары, чегарачылары кеминде 4 сааттан ашык убакыт кармап, тактап текшеримиш болуп анан Баракка өткөрөт. Бири өткөрсө экинчиси кармайт. Болор-болбос нерселерди шылтоо кылып машинелердин номурларын чыгарып алышат. Бир күнү менин Эргешов азамат деген досумдун машинесин үч күндөн кийин зорго Кыргызстандын чегине өткөрүп беришти.

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүнбай Мойдуновдун айтуусунда, Барак кыштагынан Кыргызстанга дализ (коридор) ачып берүү жаатында берилген үч түрдүү сунуш тең азырынча, албетте, суу кечпей турат. Өзбекстандын Кыргызстанга кыр көрсөтүүсүнөн улам үмүт деле басаңдап бараткандай. Андыктан, барактык жаш үй-бүлөлөргө Кыргызстандын анклав эмес чегинен жер берүү сунушу колдоо табууда. Райакимчилик да бул маселени туура көрүп жатат. Жыл-Келди, Ак-Таш кыштактарынын жанынан жер бериле турган болду.

Мурдагыдан айырмаланып соңку кездерде барактыктар чегарада жалгыздап баспай калышыптыр. Барактан 20 чакырым алыстыктагы Сүрөө-Таш кыштагында өзбекстандык чегарачылар Кыргызстан атуулу Улугбек Жорокановду атып салышкандыгы, анан ал Анжияндагы бир ооруканада каза болгондугу барактыктарга заматта эле угулган жана чочулоо апкелген.



XS
SM
MD
LG