Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Референдумга Конституциянын экинчи долбоорун коюу сунушталды


Референдумга Конституциянын экинчи долбоорун коюу үчүн кол топтоо жүрөөрү 9-июнда “Эркин тандоо үчүн” деген аталышта жарандык коом өткөргөн жыйында маалым болду.


Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү сунушталып жаткан долбоорду көпчүлүк колдоп жатканын айтышууда.


Жарандык коом өткөргөн жыйында референдумда Конституциянын эки долбоору белгиленген бир, Өткөөл мезгилдин президенти тууралуу экинчи бүллетен болушу керектиги айтылды.

Убактылуу өкмөт 27-июнда боло турган референдумга бир гана бүллетен бир гана суроо менен чыгарылат деген декретин чыгарган. Анда "Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жана Конституцияны ишке киргизүү боюнча мыйзамды кабыл аласыңарбы?" деген суроо болот. Бул элге тандоо мүмкүнчүлү берилбей жатат деген өңдүү сөздөрдү жаратууда.

Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Токтайым Үмөталиеванын айтымында, кеңешмеде кабыл алынган мыйзамдардын айрымдары сунушталган долбоорго кирбей калган.

- Референдумда тандоо деп жатабыз. Бизде тандоого эч кандай уруксат берилбей жатат. Бир гана Убактылуу өкмөттүн талданбаган долбоору сунушталып жатат. Биз Конституциялык кеңешмеде бир ай иштедик, сунуштарды киргиздик. Ошондуктан биз иштеген долбоорду атаандаш катары элге тандоого койгула деп жатабыз. Эл аралык мыйзамдарды, биздин Конституцияны коргоп эки бүллетенге бөлгүлө деп айтып жатабыз.

Ошондой эле жыйында Баш мыйзамдын үч, кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде басылып чыгышы да сынга кабылды.

Конституциялык кеңешменин дагы бир мүчөсү, “Таза табигат” уюмунун жетекчиси Анара Дауталиеванын айтымында, чукул арада экинчи долбоорду референдумга киргизүү мүмкүн эмес. Ал бул үчүн чоң каражат, чоң күч талап кылынаарын белгиледи.

- Конституциялык кеңешмеде бир кеңешчи, бир эксперт да мындай жаз, тигиндей жаз деп көрсөтмө берген эмес. Бул биздин тандообуз, талабыбыз да.

Ал эми саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, жогоруда айтылган пикирлер өлкөдөгү саясий кырдаалга таасирин тийгизиши ыктымал. Бирок ал экинчи долбоордун чыгарылышын колдобойт:

- Талашсаң талаштын аягы бүтпөйт. Анын үстүнө чындыгын айтканда Конституцияны деле кыргыздар анчалык жакшы сыйлабайбыз. Ошондуктан экинчи долбоору жок эле эптеп иштеп чыкканга добуш берип, мыйзамдаштырсак жакшы болот. Атаандаш долбоор болгондо деле алтын мыйзамды бул дүйнөдө жарата албайсың. Экинчиден, кандай болгондо да мыйзамдын үстүнөн иштешти, Венецияга барып келишти.

Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев айрым жарандык уюмдардын, саясий партиялардын бир катар сунуштары Баш мыйзамдын долбооруна киргизилгенин, бул долбоорго Венеция комиссиясы жогору баа бергенин айткан.

Ал эми ушул эле кеңешменин төрагасы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде бир системадан экинчи системага өтүп кетүү кыйын экенин белгилеген:

- Биз референдумду өткөргөнгө аракет кылышыбыз керек. Жарандардын көбү, сурамжылоо көрсөткөндөй, биз сунуштаган концепцияны колдоп жатат. Анткени башка альтернативалык концепция бирөө эле, ал кечээки күн, ал бүгүнкү Конституция. Бүгүнкү Конституция эмнеге алып келерин баарыбыз көрдүк.

Ө.Текебаев буга чейин да атаандаш долбоор чыгарылбай тургандыгын айтып келген.

Деген менен Т.Үмөталиева “Эркин тандоо үчүн” деген кыймыл түзүлгөнүн, анын алкагында референдумга экинчи долбоордун алынып чыгышы үчүн кол топтоорун жарыя кылды. Ошондой эле жыйында референдум убактысын узартып, кийинкиге жылдыруу да сунушталды. Токтайым Үмөталиеванын айтымында, референдумга чыгырылып жаткан долбоордо менчик боюнча 12-берене алынып салынган. Ал бул чечим басып алуучулукка жол ачууда деген пикирде. Ага ылайык кимдир бирөөнүн менчигин мамлекет тартып алган учурда бул маселе сот аркылуу чечилүүсү керек.

Жыйындын айрым катышуучулары Баш мыйзамда техникалык жана грамматикалык каталар арбын экендигин айтышты. Алсак мурдагы премьер-министр, “Ар намыс” партиясынын төрагасы Феликс Кулов Баш мыйзамды толук өзгөртүп эмес, айрым кошумчаларды киргизүүнү сунуштайт:

- Бейөкмөт уюмдар тарабынан иштелип, экинчи долбоор катары сунушталып жаткан вариант Конституциялык кеңешме иштеп чыккан вариантка 99 пайызга дал келет. Болгону айрым гана тактоо, кошумчалар бар. Маанилүү жагдай - келечектеги президенттин ыйгарым укуктарын аз-маз кеңейтүү. Бул – президент парламенттеги фракциялар менен кеңешип өкмөттү дайындасын деген. Анктени өткөөл мезгилидин президенти дагы, келечек президент да көп нерсеге таасир бере албайт. Бул ой жаман эмес деп ойлойм.

Феликс Кулов бул ирээт айтылган сунуштар кирбей калса, референдумдан соң да аракет кылаарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG