Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Судья Эрнис Чоткараевге айып коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев «жүздөгөн административдик ишти атайлап жок кылган, ири суммадагы акчаны кымырып алган» деп айыпталып жатат.

Башкы прокуратура бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады жана тергөө үчүн материалдарды УКМКга өткөрүп берди.

Башкы көзөмөлдөөчү орган былтыр күзүндө ошол кездеги Октябрь райондук сотунун төрагасы Эрнис Чоткараевдин кол тийбестигин алуу боюнча Тартип комиссиясына кайрылган. Чоткараевдин качып кеткени тууралуу ошондо эле маалыматтар чыккан эле.

Башкы прокуратура Октябрь райондук соттун судьясы Эрнис Чоткараев баштаган сот кызматкерлери тууралуу Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимин карап чыкты.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз өкүлү Наргиза Куватованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, ушундан улам мекеме судьяга Жазык кодексинин 320 жана 204-беренелери, тактап айтканда, «Сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу коркутуу же зомбулук аракеттерди кылуу» жана «Аткезчилик» боюнча айып такты.

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

- Аталган судья башка сот кызматкерлери менен бирге 2017-2018-жылдардагы административдик иштерди жок кылган, - деди ал. - Ошондой эле ал судья амбулатордук дарыланууда жүргөндө административдик иштерди караган. Андан сырткары, 2015-жылдан 2018-жылдын сентябрына чейин жол эрежесин бузган, автоунааны мас болуп, баңгизат колдонуп, дагы башка жолдор менен кызып алып автоунаа айдаган жарандар төлөгөн 4 миллион 711 миң сом айыппулду алдамчылык жол менен өздөрүнө ыйгарып алган. Топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды.

Октябрь райондук сотунда жүздөгөн административдик иштердин атайылап мыйзамсыз жок кылынганы, мас кезинде, баңгизат колдонуп автоунаа айдап жүрүп кармалган айдоочулар төлөгөн айыппулдун кымырылып кеткени тууралуу былтыр октябрь айында эле маалымдалган.

Алгач Жогорку сот аталган соттун ошол кездеги төрагасы Эрнис Чоткараев боюнча Соттор кеңешине кайрылган. Мындан көп өтпөй Башкы прокуратура Чоткараевди кылмыш жоопкерчилигине тартыш үчүн анын кол тийбестигин алуу боюнча Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылган. Жыл этегинде болсо УКМК бул ишке байланыштуу Октябрь райондук сотунун судьясы Авчи Алиевдин жардамчысы Дүйшөн Алмаз уулу камалганын билдирген. Ошондо 1300дөн ашуун административдик иш атайылап жок кылынганы айтылган.

Дүйшөн Алмаз уулунун адвокаты Майрамбек Жумабековдун айтымында, Октябрь райондук сотундагы коррупциялык схема былтыр жайында эле аныкталган.

Ал 10 жыл тактагыча менин кардарым абакта отура береби?

- Дүйшөн Алмаз уулун мыйзамсыз күнөөлөп жатышат, - деди адвокат. - Ал кайсы бир акчаны алып судья Алиевге берип жүргөн имиш. Анын бул ишке тиешеси жок. Бул анын бөгөт чарасы каралып жатканда эле далилденген. Чоткараев 1350дөй ишти жок кылган жана Кыргызстандан чыгып кеткен. УКМК ал кетип калгандан кийин, жакында эле кылмыш ишин козгоду. Дүйшөн Алмаз уулу тергөө абагында эки ай отурду. Биз Башкы прокуратурага «ал мыйзамсыз отурат» деп арыз жазганбыз. Авчи Алиев дагы эле иштеп жатат. Ага эч кандай кылмыш иши козголгон жок. УКМК судьянын жардамчысына кысым кылып, «судьяга акча алып берип жүргөн» деген көрсөтмө алгысы келген. Андай факт болгон эмес. Жардамчы өтө сабаттуу жигит, сот тармагында сегиз жыл иштеген. Ага карата жабырлануучудан арыз түшкөн эмес. Мен сот процессинде: «Ал кимди алдады, мамлекеттиби же жарандардыбы?» - деп сурадым. Тергөөчү болсо: «Ал такталып жатат», - деп жооп берди. Ал 10 жыл тактагыча менин кардарым абакта отура береби? Мына, Чоткараев болсо качып кетти, ал бардык сот системасына көө жапты.

Соттогу «Азаттыктын» ишенимдүү булактарынын маалыматына караганда, Эрнис Чоткараев былтыр октябрда дарыланууга кеткен. Бирок ошондон бери жумушка чыга элек. Акыркы жолу Орусиянын Москва шаарынан байланышка чыккан. Октябрь райондук соту Тартип комиссиясына аны кызматтан алуу тууралуу сунуштама жөнөттү.

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, судьяны Соттор кеңешинин чечими менен президент кызматтан алат.

Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрайымы, Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова Эрнис Чоткараев боюнча арыз-доомат, аны кызматтан алуу жөнүндө сунуш эмнеге дээрлик жарым жылдай каралганы тууралуу «Азаттыкка» түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

УКМК болсо Эрнис Чоткараевге издөө жарыяланганын билдире элек.

Сот системасына байкоо жүргүзгөн «Коомдук талдоо институту» уюмунун жетекчиси Рита Карасартова судьяларга козголгон кылмыш иштерин атайын кызмат тергегенин сынга алды:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Тергөөнү эң жабык орган - УКМК жүргүзөт. Бул таптакыр туура эмес. Маселен, биз алардан: «Бул ишти сотко качан өткөрүп бересиңер?» деп сурасак: «Бул маалымат жабык» деп эле жооп беришет. Тергөөнүн арты менен УКМКнын өзү коррупцияга малынып жатат. Маселенин баарын ошолор чечет. Маселен, прокуратура бир судьяга туура берене коюп, кылмыш ишин козгосо, УКМКнын тергөөчүлөрү акты кара кылып, башка беренеге шилтеме берип, «бул иште кылмыштын курамы жок» деп жаап салган учурлар болот. Алардан такыр маалымат ала албайсың. Маалымат ала албагандан кийин бул кандай маселе, эмне маселе экенин билбей эле отурабыз. Бүгүнкү күндө бийликтин бардык бутактары атайын кызматка эле багынып, ошолордун эле ырын ырдап калгандай сезилет.

Өткөн айда Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун судьяларына кылмыш ишин козгогон. Жалпысынан жети кишиге «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Атайын кызмат тергөөдө судьялар кылмыштуу топтор менен тымызын келишип алганы, алардын пайдасына чечим чыгарганы аныкталганын билдирген. Ушул фактыга байланыштуу былтыр жыл этегинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева камакка алынган эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG