Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Сот реформасынын соболдору


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасы боюнча маселе бул аптада кеңейтилген жыйында карала турганын билдирди.

Өткөн алты жылда сот системасында эмне үчүн алгылыктуу өзгөрүү болгон жок? Азыркы бийлик реформа кылыш үчүн кандай кадамдарды жасашы керек? Укуктук-мыйзамдык база жетиштүүбү? Сот канткенде толук көз каранды эмес бийлик бутагына айланат?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев катышты.

“Азаттык”: Чолпонкул агай, “өткөн алты жылда сот системасын реформалоо боюнча алгылыктуу иштер болгон жок” деген пикирлер көп. Анын себебин сиз эмнеден көрөсүз? Саясий эрк жетпедиби, укуктук база түзө албадыкпы же башка себеби болдубу?

Чолпонкул Арабаев: Адегенде мамлекеттеги сот-укуктук реформаны жүргүзүш үчүн өлкөнү башкарып жаткан жетекчилердин саясий эрки керек. Андан кийин аны ишке ашыра турган мыйзамдык база керек. Албетте, каржы маселеси чечилиши зарыл. Ушундай бир нече маселелерди чечип алып, реформаны жүргүзсө болот.

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

Соңку жаңы тарыхыбызда «сот реформасын жасайбыз» деп эле келатабыз, тилекке каршы, коом ыраазы болгондой алгылыктуу иш жүргөн жок. Мунун негизги себеби - жогорку жетекчилерде саясий эрк болгон жок.

Сот-укуктук реформа деген комплекстүү болуш керек эле. Жалаң эле сотторду "оңолгула" дегенден абал өзгөрбөйт. Кылмыштуулукка, коррупцияга каршы натыйжалуу күрөш да сот реформасына таасирин тийгизет. Соттун иши башка укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта каралышы керек. Образдуу айтканда "төрт дөңгөлөк бирдей кыймылдашы керек". Сотко түз, кыйыр болсо да тиешеси болгон бардык мамлекеттик органдарды реформалаш керек.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, президент менен Жогорку Кеңеш сот реформасын жасоого ниети бар экендигин билдирип жатышат. Ишке ашыра турган реформанын маңызы кандай болуш керек, өзгөрүүнү эмнеден, кайдан баштаган оң?

Алмамбет Шыкмаматов: Биринчи кезекте “Соттун коомго пайдасы кандай?” деген суроого жооп табыш керек. Бакубат, күчтүү жашаган мамлекеттин көрсөткүчү, критерийи – сот адилеттүүлүгүнүн бекемдигинде. Сот адилеттүүлүгү бар мамлекетте мыйзам темирдей иштейт, тартип болот, эл өзүн эркин, бактылуу сезет. Ишкерлер эркин иштешет, инвесторлор тартынбай келет, кылмыш дүйнөсүнүн таасири өтө аз болот.

Эң негизгиси – сот калыс болгон жерде бийликтин бардык бутактары да калыс болот. Биздин коомдун бардык тармагы сотко байланган, сот - баарын бириктирген борбор. Сот адилеттүүлүгүн ким ишке ашырат? Аны Казакстандан же Орусиядан келгендер эмес, Кыргызстандын жарандары ишке ашырат! Ал жаран кандай болуш керек? Анын кынтыксыз жүрүм-туруму, басып өткөн жолу таза, абройлуу жүзү болушу керек. Мыкты юридикалык билими бар, калыс ойлонгон адам гана адилет чечим чыгарат. Ушул талаптардын баары мыйзамдарда так жазылышы керек. Мына ошондой мыкты, таза инсандардан куралган сот корпусун түзүү вазийпасы парламентке жана президентке жүктөлгөн.

Таза сот болуш үчүн дагы эмне керек? Сот материалдык жактан бирөөгө көз каранды болбошу керек. Мисалы, Германияда соттор 20 миң доллардан айлык алышат.

“Азаттык”: Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында соттордун айлыгы бир нече эсе көбөйүп, материалдык-техникалык базасы бир топ оңолду эле. Бул соттордун арасындагы коррупцияны азайттыбы?

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Алмамбет Шыкмаматов: Чолпонкул Исаевич "реформа жасаш үчүн төрт дөңгөлөк керек” деп жатпайбы. Мен айтаар элем, “сот реформасын ийгиликтүү жасаш үчүн сегиз дөңгөлөк керек”. Атамбаев бир эле дөңгөлөгүн оңдоп, калган жети дөңгөлөктүн желин чыгарып, жарып салбадыбы.

“Азаттык”: Чолпонкул агай, Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери чечилбеген маселелердин эң орчундуусу – соттордун өз алдынчалыкка жетише албагандыгы. Азыр деле ошондой абал уланып жатканы айтылууда. Маселенин өзөгү кайда? Канткенде кырдаал өзгөрүп, сот өз алдынча болот?

Чолпонкул Арабаев: Мен жогоруда саясий эрк жөнүндө кепти бекер айткан жокмун. Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт, башка мамлекеттик органдар соттун ишине кийлигишпеши керек. Алардын ошого эрки жетеби? Биздин соттордо материалдык-техникалык база мурдагы жылдарга салыштырганда бир топ оңолду, аларга соттор кичине топук кылышы керек. Айлыгы башка тармактар менен салыштырганда бир топ жогору. Чечимдерди кабыл алып жаткан да Кудайды карашса болот эле.

Анан сотторду тандоо кеңешинде көп маселе бар. Аларды Жогорку Кеңеш тандап жатат. "Сотторду тандай турган адамдар өздөрү адилет тандоого кудурети жетеби, даярбы, өзү татыктуубу?" деген суроолор жаралууда. Ири алдыда тандоо кеңешинин мүчөлөрү мыкты, калыс тандалышы зарыл. 2010-жылдагы Конституцияны жазып жатканда сотторду тандоонун концепциясы такыр башка болчу. Кийин Жогорку Кеңеш анын максатын башка жакка буруп кетти. Ошонун айынан мыкты иштеп жаткан соттор бошоп калган фактылар болду. Тажрыйбасы жок же начар соттор дайындала баштады. Ошондон улам сотторго болгон элдин ишеними мурдагыдан да азайып кетти.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Сот реформасынын соболдору (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:43 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG