Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Бишкекте Борбордук Азиянын кол өнөрчүлөрүнүн жарманкеси өтүп жатат


Бишкекте кечээ-бүгүн Борбордук Азиянын кол өнөрчүлөрүнүн жарманкеси өтүп жатат. Мында жалаң колдон жасалган химиялык кошундусуз табигый буюмдар коюлган.

Кечээтен бери Бишкекте Борбордук Азиядагы Америка университетинин имаратынын алдында Борбордук Азиянын кол өнөрчүлөрүнүн жарманкеси өтүп жатат. Жарманкеге чоподон жасалган идиш-табактар, күмүштөн, териден жана таштардан жасалган ювелирдик буюмдар, алтындын буусу менен жалатылган сайма буюмдар, килемдер, кийизден, пахтадан, чыныгы жибектен колдо токулган кийим-кечелер, белекке берчү сувенирлер коюлган.

Өзбекстандын Самарканд облусунан келген Ганиева Шоира айымдын жоолук-көйнөктөрүнүн баасы 300 дөн 1000 сомго чейин. Анын айтымында бул табигый буюмдардын ден соолукка да пайдасы чоң. Анткени химиялык жол менен алынган материалдар айрым адамдарда тери аллергиялык ооруларын пайда кылса, бул табигый кийимдер денеге аба өткөзүп, терини эс алдырып турат:

- Биз бул кол менен жасап чыгарган кийим-кечелерибизди негизинен табигый өсүмдүктөргө - пияздан, жаңгактан, кызыл тамырдан, осмодон алган боекторго боейбуз. Мисалы? кызыл тамыр бөйрөк ооруларына дары. Мени менен өзүмдүн 4 кызым иштейт. Буйруса менин өнөрүм жерде калган жок. Кыргызстанда менин кардарларым көп эле. Мен Кыргызстанга тынччылык каалайм.

Албетте кол өнөрчүлүктүн буюмдары – эң биринчи табигый тазалыгы менен өзгөчөлөнөт. Сүрөтчү-жасалгалоочу Фарида Шейшееванын колунан чыккан буюмдарды анын эжеси Чолпон Шейшеева алып чыккан экен жарманкеге:

- Сиздердин буюмдардын өзгөчөлүгү кандай?

- Биздин буюмдардын эң биринчи өзгөчөлүгү – табигыйлыгында албетте. Кийизден, чийден ар кандай буюмдарды жасайбыз.

- Сиздердин буюумдарды көбүнчө кимдер кызыгып алат?


- Жаштар да, улгайгандар да алат. Бирок өзгөчө чет өлкөлүктөр кызыгып алышат.

- Сиздер ушул кол буюмдарыңыздар менен чет жактарга чыктыңыздарбы?

- Ооба, Түркияга, Чехияга, Германияга барып келдик.

Ал эми Жумагүл Ибраимова Тажикстандын Тоолуу Бадакшан автономиялуу облусунан келган:

- Мен өзүм ошол жактык кыргыздарданмын. Фирмамда 50 кыз эмгектенет. Турис болуп Тажикстанга барган чет өлкөлүктөр буюмдарыбызды көп алышат. Биздин төшөктөр, килемдер, дагы башка ар кандай буюмдар сатылбай туруп деле калбайт. Бизде каада-салттар бекм сакталып калгандыктан, кол буюмдары тез эле өтүп турат.

Маданият жана маалымат министрлигинин аймактарда маданиятты өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Анара Боталиева Кыргызстанда кол өнөрчүлүк коомдорун өнүктүрүү боюнча “Азаттыкка” төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Биз кол өнөрчүлүк коомдорун колдоп, буюмдардын сатыктарын, кол өнөрчүлөрүбүздүн чет жактарга чыгышын уюштуруп келатабыз. Бирок жер-жерлерде кол өнөрчүлук боюнча чоң-чоң имараттарды куруу долбоорун азырынча каражаттын тартыштыгынан чечалбай келатабыз. Бирок биз бул маселени өкмөткө коюп жатабыз.


XS
SM
MD
LG