Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

С. Жумабеков: Чочко оорусун киргизбей коюуга Кыргызстандын тажрыйбасы жетет


Дүйнөнү дүрбөлөңгө салып аткан чочко оорусунун алдын алуу боюнча Кыргызстандын медициналык мекемелеринде аракеттер болууда. Бул маселе боюнча Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси, профессор Сабыр Жумабеков “Азаттыкка” айтып берди.

-Сиз жетектеген травматология борборуна жакында АКШ элчилиги тарабынан жаңы жабдуулар тартууланганы кабарланды. Бул жабдуулардын бейтаптар үчүн зарылдыгы канчалык?

- Биз бир жарым жыл мурун атайын расмий кат менен АКШ департаментинин элчилигине кайрылганбыз, биздин борборго атайын ылайыкташтырылган ортопедиялык ооруларга керектүү жабдыктардан жардам бергиле деп. Биздин каттын негизинде АКШдагы гуманитардык жардамга биздин борборго медициналык жабдуулар топтолгон экен, анан биздин адресибизге келип түштү.

Бул сыныктарды сынгандан кийин кармап турчу гипстин ордуна, же болбосо колу-буттарды операциядан кийин кыймылдатып турууга ылайыкташтырылган медициналык жабдуулар. Андан ташкары операция учурундагы бир жолу колдонулуучу атайын стерилдүү түрүндө берилген кийим-кечелер. Мындан тышкары ар кандай медициналык-ортопедиялык күнүгө колдонулуучу темир-тезектерди кабыл алдык.

-Бул жабдуулар менен кыргызстандык оорулууларга акысыз операция жасалат деп айтылып жатат. Бул чынбы?

- Операциялардын баары ансыз деле акысыз жасалып атат. Атайын мамлекеттик гарантия бар, ошонун негизинде ар бир жаран өзүнүн категориясына жараша, өкмөт тарабынан жарандар атайын категорияга бөлүнгөн, ошого жараша кошумча акы төлөп туруп, анан ооруканага жатып ар кандай дарылоо ыкмакларын алып атышат. Анан бүгүн биз алган нерсе, бул биздин ишибизге кошумча керектүү нерселер. Мисалы адамдын сынган жери бүтүп, же дарылоо ыкмасы толук бүтүп калбайт, бул ооруларды дарылап атканда дарылоо ыкмасында колдонулуучу ар кандай бизге керектүү медициналык жабдыктар.

-Чочко тумоосу дээрлик бир жумадан бери дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жатат. КР саламаттык сактоо тармагы ушундай коркунучтуу илдетке каршы тура алабы? Аны жайылтпоого мисалы?

- Мындайча айтканда биздин Кыргызстан мамлекетибиз чакан, Борбордук Азиянын ортосунда жайгашкан өзүнчө уникалдуу мамлекетпиз. Ошон үчүн биздин министрлик тарабынан бул жагынан мен ойлойм жакшы иштер даярдалып турса керек. Себеби мындай жагдайда бизде өзүбүздүн тажрыйбабыз бар.

Мындайча айтканда, куш тумоосу деген чыкпады беле, ал алыс эмес коңшу мамлекеттерден эле чыккан. Ошондо дагы биздин министррлик жакшы чараларды көрүп, алдын ала ошону жайылтпоого толук шарт түзүшкөн. Бүгүн мен ойлойм дүйнөлүк Глория деген айылдан чыккан чочко фермасынан тараган оору, бул биздин Кыргызстанга келбейт го деп ойлойм. Келсе дагы биздин министрликтин муну киргизбей, токтотуп, жок кылганга толук мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм.

-Сиз жетектеген оорукана даярбы?

- Биз күнүгө эле өзүбүздүн оорулар менен кармашып иштеп атабыз. Албетте, биз чыккан күндөн баштап эле өзүбүздүн чөйрөдө атайын интернетке кирип, биздин дарыгерлер атайын лекция даярдап, мекемедеги кызматкерлерге жанылык катары киргизип, ал оорунун белгилерин, кандай жол менен жугат, кайдан келет, жугуштуу адамдар келсе кандай чараларды көрүү керек деген темада атайын лекция өткөргөнбүз, даярбыз.

-Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG