Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:12

Ысык-Көлдө эс алуу маалы ойдогудай эмес


Быйылкы жылы Ысык-Көлдө эс алуу сезонуна күндүн сууктугу менен кошо Чолпон-Ата шаарына белгиленген саясий ири иш-чара терс таасирин тийгизди.

Ысык-Көлдөгү быйылкы туристтик сезон былтыркы, мурдагы жылдарга салыштырмалуу солгун болуп жатканын туроператорлор белгилешүүдө. Буга алгач президенттик шайлоо, андан кийинки коомдук-саясий кырдаалдын кандайдыр бир деңгээлде терс таасири тийбей койгон жок, дешет алар. Мындан өзгөчө алыскы чет өлкөлөрдөн келүүчү эс алуучулардын саны азайган. Ал эми экономикалык кризистен улам коңшулаш Казакстандан Ысык-Көлдө эс алууну каалагандар былтыркы жылдарга караганда бир аз арбыганы менен аба-ырайынын салкындыгы эс алууга келгендерди да кайра кайтарып жатат. Бирок баары бир эс алуучулар баалар кымбат, эс алуу жайларындагы шарттар төлөнгөн акчага арзыбайт деген дооматтарын айтышса, Ысык-Көлдөгү жеке менчик пансионаттар менен эс алуучу үйлөрдүн ээлери быйыл бааны жылдагыдан 20-30% арзандаткандыгын, шарттар баасына жараша жогорку деңгээлде, деп белгилешет.

Ысык-Көлдөгү эс алуу быйыл аба-ырайынын мээлүүндүгүнөн 1 айга кеч башталды. Өткөн жылдары июндун башында эле туристтер көлгө түшүп атканын көрчүбүз, быйыл июль айы ортологондо араң жолуктуруп кепке тарттык:

-Быйыл жаан көп жааппы билбейм суу муздагыраак болуп аткан, кайра жакшы эле, же көнө түшкөнгөбү...

Кабарчы : Жылда келесиңерби?

- Ооба, бирок быйыл 1 балам менен эле келдим. Жылыга үй-бүлөм менен 10го жакын киши келчүбүз. Кымбат экен. "Айша" деген жеке пансионаттабыз. 60 доллар экен. 3 маал тамагы менен. Ошо.

Жайкы эс алуу сезону расмий ачылып атканда, туристтик ассоциациялар, пансионат ээлери дүйөлүк кризистен улам кызмат акылар 20 пайызга арзандаарын убада кылган болчу. Бирок бардык жерде эле арзандаган эмес. Шартын жакшыртпай туруп бааны кымбаттаткан негизинен ири эс алуу жайлар экенин Казакстандан келгендер ырасташты:

- Тейлөөгө жараша бааны койсо. Баары кир, тамак-ашы да. Жаткан жерибиз да төлөгөн акчабызды актабайт экен. Көл жээктеги пляждар тазаланбайт. Кризиске карата баа түшүш керек эле да.

Чындыгы быйыл Ысык-Көлдө туристтик тармакка караганда Жамаааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген 6 өлкөнүн президенттерин тосууга көбүрөөк убакыт королуп, негизги көңүл саммитке бурулду. Тиешелүү жетекчилер да президенттик шайлоо менен алектенип жүрүп, көл жээк, санитардык абал, туристтерге тиешелүү маалыматтарга кайдыгер мамиле болду. Анын үстүнө көлдүн муздактыгы да эс алуучулардын келишин кечеңдетип атты. Бирок июль айы ысык башталганы менен, президенттик шайлоо менен саммит туристтик сезонго жолтоо болуп атканын жергиликтүү элдер белгилешет:

- Так сезоного шайлоо менен саммитин койгонун. Алыстан келчүлөр жол жабык деп баш тартышты. Эмне милиция көп, иштеп балдарды окутканга акча тапмакпыз да..

- Мына биз корообуздагы жашылча мөмөлөрдү саталы десек да базардын бир жагы, жол жабык, таксилер жүрбөй атат. Кенен баса албай атабыз. Ушу уят да эл деген кирешеден кур калып атпайбы. А убакыт өтүп атат.

Ал эми алыстан келген эс алуучулар саммит ж.б. саясый иш-чараларга кызыгып, атайын эс алууга келгенин билдиришти.

- Биз Сибирден келдик. Тескерисинче, бул жер популярдуу болуп атат. Өткөн жылы деле силерде стабилдүүлүк анча болбой атат дегенине карабай келгенбиз. Эс алам деген киши эч нерсеге көңүл бөлбөй келе берет. Биздин эс алуу ойдогудай эле өткөн.

Учурда эс алуучулар көлгө ишемби, жекшемби күндөрү көбүрөөк келип, көпчүлүгү жеке секторлорго ыктап атат. Коңшулаш Казакстандан келген туристтерди да сөзгө тартып, алардын мындай пикирлерин уктук. Өзүн Даяна деп тааныштырган эс алуучу:

- Биз Астанадан келдик. "Уют" деген ушул үйгө жылда келебиз. Быйыл жакшы эле арзандаптыр. Күнүнө 30 доллар төлөп, 3 маал тамагын да жейбиз. Жакшы.

Эс алуучу Даянадан кийин үйдү ээсин сөзгө тарттык.

-Эмне үчүн арзандаттыңар, силер чыгаша болбойсуңарбы?

-Тапатакыр киреше албай калгандан көрө, азыраак болсо да таап алалы.

- Канчага арзандаттыңыз?

-100, 150сомго. Азыр эс алуучунун баары эле арзан жай издеп жүрөт. 50 сомго жаткыргылачы деп аткандар бар.

Азырынча Ысык-Көлгө туристтер аз келген менен, жай айы узагыраак созулат, алган киреше да, келген эс алуучулар да өткөн жылдагыдан кемибейт деген ишеничти Ысык-Көл облусунун губернатор орун басары С. Мамедованын маалымдаганы бар.

Ысык-Көлгө эс алууга келгендерге тиешелүү шарттарды жогорку деңгээлде түзүп берүүгө бүт-бардык аракеттер жумшалган. Каржы кризиси гана эмес, күндүн салкындыгынан да быйыл баалар өткөн жылдарга салыштырмалуу арзандатылды, деп билдирди Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлар биримдигинин президенти Акжолтой Насирдинов:

-Быйылкы аба ырайынын салкындыгы туризм менен оокат кылып келаткан элдин үмүтүн муздатты. Анткени суук болуп турса келген коноктор да кайра кетип калып атышат. Ошондуктан, быйылкы жылы бааларды 30-40-50% төмөндөтүүгө аргасыз болуп жатабыз. Эптеп эле келген конокту кармап калууга аракет болууда.

Ысык-Көлдө реакториялык гана эмес, эко жана этно туризмди өнүктүрүүгө жергиликтүү бийлик гана эмес, облустун калкы да болгон аракетин жумшоодо. Көл жээгинде эс алуудан башка жаратылышы көз талыткан кооз аймактар, жергиликтүү элдин үрп-адатынан тартып, тутунган салтына чейин келген конокторду тааныштыруу максатында жакында Караколдо туристтерге кызмат көрсөтүүчү ассоциациясы ачылды. Аталган биримдик өзүнө турфирмаларды, мейманканаларды, эс алуучу жайларды, эл ташуучу транспорт кызматын камтып, интернет айдыңына атайын электрондук баракчасын ачкан. Бул электрондук баракча аркылуу дүйнөнүн кайсы гана бурчунан болбосун Кыргызстанга келип, эс алууну каалагандар ар кандай маалыматтарга ээ боло алышат, деп маалымдашат “Туристтерге кызмат көрсөтүү” ассоциациясынан. Маалыматта айтылгандай, алыскы чет өлкөлүк туристтерди негизинен бийик тоолор, жаратылышы кооз капчыгайлар жана көлдүн түбүнө чумуп сүзүү кызыктырат. Негизинен булардын баары боюнча шарттар түзүлгөн, учурда Ысык-Көлдөгү бийик тоолордо Балтика өлкөлөрүнөн келген 250 альпинист жүрүшөт.

Ысык-Көлдөгү эс алуу мезгили эң жемиштүү болгон жыл деп 2006-жыл эсептелип жүрөт. Бул жылы туризм тармагынан түшкөн киреше мамлекеттин ички дүң продукциясынын 4% түзгөн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG