Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Гезиттердин абалы мышык ыйлагыдай


Бүгүн Бишкекте “Аалам” гезитинин кабарчылары иш ташташты. Алар муну үч айдан бери айлык акыларын албагандыгы менен түшүндүрүүдө. Бул аралыкта “Фридом Хауз” уюмунун Бишкектеги көз карандысыз басмаканасы жаңы жылдан тарта гезитти басуунун баасы жогорулай тургандыгын басылма ээлерине алдын-ала эскертти. “Серепчилердин белгилөөсү боюнча каржылык каатчылыктан өзгөчө кыргыз тилдүү басылмалар жабыркап жатышат.

“Аалам” басылмасынын иш таштаган кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери айлык акыларын ала албай келе жаткандыгын айтышууда. Басылманын редактору Сапалкан Ариповдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча иш таштоодо эч кандай саясат жок, экономикалык себептен гана болду:

-Биздин кызматкерлер үч айдан бери айлык ала элек. Аябай кыйналып иштеп жатышат. Ар биринин артында үй-бүлөсү, бала-чакалары бар. Биздин чакан жамаатыбызга гезиттин ээлери тарабынан эч кандай колдоо болбогондугу үчүн кызматтан кетели деп чечтик, -дейт Сапалкан Арипов.

“Аалам” гезитине ЖК мурдагы депутаты Шамшыбек Медетбеков ээлик кылат. Басылманын кожоюну кабарчылардын айлыгын, калем акыларын төлөө иштерин, гезиттин чарбасын толугу менен редактор чечерин “Азаттыкка” билдирди:
"Аалам" гезитине ЖК мурдагы депутаты Ш. Медетбеков ээлик кылат


-Өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз, иштетебиз деп, каржылап эле иштеп келатышкан. Мен эч качан гезиттин каржылык, чарбачылык жагына кийлигишкен эмесмин. Басылма толук өзүн-өзү каржылап, камсыз кылуусу керек.

Шамшыбек Медетбеков иштен баш тарткан журналисттердин ордуна башка журналисттер менен иштешип, гезитти чыгарууну уланта бермекчи.

Ушул тушта басмаканалардан чыгып жаткан басылмалардын саны 30-40тын айланасында. Булардын көпчүлүгү саясий-социалдык-экономикалык багыттагы басылмалар болсо, калгандары шоу-бизнеске арналган. Гезит чыгарып жүргөн кесиптештердин белгилөөсү боюнча бүгүнкү күнү басылма чыгарып, аны сатуудан түшкөн каражат менен кайра гезитти каржылоо оңой эмес.

Бул өзгөчө аз нуска менен чыгып жаткан басылмалар үчүн өтө оор. Ошондуктан, “Аалам” гезитинин кожоюну басылманын чарбалык ишине кийлигишпегени – гезитти ара жолго таштап салуу менен барабар дешет алар. Жаңыдан чыгып жаткан “Арт.кг” басылмасынын редактору Жылдыз Мусабекованын “Азаттыкка” айткан пикири боюнча 3,5 - 4, атүгүл 5 миң нуска менен чыгып жаткан басылмалар өзүн-өзү каржылай албайт:

Ж. Мусабекова: "Гезиттердин абалы мышык ыйлагыдай"
-Албетте, гезитти чыгарып жаткан кожоюн бардык нерсени эсептеш керек. Биздин азыркы замандын агымында беш миң нуска менен чыгып жаткан басылма дагы эч качан өзүн актабайт. Бул атаандаштык заманда ар бир эле гезитти бутуна туруп кетет деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан, гезит чыгарып, андан пайда табам деген киши каражатын жок эле дегенде эки-үч жыл акчасын буга сарптап, пайданы көздөбөшү керек. Ансыз деле азыр басылмалардын абалы мышык ыйлагыдай абалда. Жакшы жазган журналисттер аз, эл деле кайсы гезитти окушун билбей калды, анткени бир эле маалыматты ар бир гезит ар башка мааниде берип атышат, -
дейт Жылдыз Мусабекова.

Ал эми “Пресс.кг” басылмасынын башкы редактору Абдувахаб Мониев гезит толугу менен өзүн-өзү каржылоосуна жетишүү үчүн жок дегенде 10 миң нускага чыгышы керек, буга жетишүү талыкпаган эмгек менен бирге эле көп каражатты талап кылат дейт:

-Гезит ачкан, чыгарган кишинин кандайдыр бир кызыкчылыгы, мүдөөсү болот. Кимдир-бирөөлөр кайсы бир саясий топтордун,
А. Мониев: "Басылма өзүн каржылашы үчүн нускасы кеминде 10 миң болушу керек"
кимдир-бирөөлөр ишкердин, ишкананын кызыкчылыгын көздөп, ошолордун мүдөөсүн коомго таңулоо максатында чыгышы мүмкүн. Же болбосо ошол басылма көздөгөн багытты колдогон акчалуу адамдар, ишкерлер демөөрчүлүк кылышат. Мындай болбосо аз нускада чыгып жаткан гезит өзүн-өзү актай албайт. Эгер нускасы 10 миңден ашса, анда өзүн-өзү камтып, кабарчылардын айлык акыларына жана башка гезит чыгаруунун бүт чыгымын камтууга жетиши ыктымал.

Абдувахаб Мониев басылманы басылма кылуу үчүн калем акыны жакшы төлөп, окуя-фактыларды, ар кандай көрсөткүчтөрдү терең талдай, курч макалаларды жаза билген журналисттерди тартуу зарылдыгын кошумчалады.

Жакында эле “Фридом Хауз” уюмунун Бишкектеги көз карандысыз басмаканасы жаңы жылдан тарта гезитти басуунун баасы жогорулай тургандыгын басылма ээлерине алдын-ала эскертти. Ансыз да каржылык каатчылыктын капшабын тартып, араң чыгып жаткан аз нускадагы басылмалар чыкпай калуу коркунучунда турат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG