Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Балдар үй тапшырманы чырак менен аткарууга мажбур


Айыл жерлеринде электр кубатынын өчүрүлүшү мектеп окуучуларына өзгөчө таасир этүүдө. Суукта муздак дубалдарда олтурушкан окуучулар жазмак түгүл, түшкү тамактарын жөндөп иче албай жатышат.

Электр энергиясынын өчүрүлүшү өзгөчө башталгыч класстын окуучуларын кыйнап жатат. Балалык менен колдорунун үшүгөндүгүн деле элес албай тамганын аркасынан көз жүгүртүп жазымыш болушат, бирок ага колдору чыдабай кетет.

-Класстар аябай муздак. Көпчүлүгү сууктан ооруп калып жатышат. Бүгүн да 4 бала келген жок, үчөө ооруп суранып кеткени жатат. Өзгөчө азыр тамак оору күч алды. Жөтөлүп эле жатышат. Мектепке көмүр жагылганы менен, баары бир муздак,- дейт Панфилов районундагы орто мектептин мугалими Бактыжан Ташыбаева.

Электр кубатын үнөмдөө максатында быйыл ток менен жылытылуучу айрым мектептер көмүр жагууга өтүшкөнү менен, ал деле эптеп жагылып, класстар жылыбай жаткандыгын айтат мугалим Бактыжан Ташыбаева. Андан дагы мындай өчүрүүлөр кенже класстарга тамак берүүдө ыңгайсыздыктарга алып келүүдө:

- Балдарга түшкү тамакты даярдап жатканда ток өчүп калат. Токочторун бышыра албай калганда ашпозчу үйүнөн бышырып келүүгө аргасыз. Элестетип көрүңүз, ошончо балага нан бышыруу деле оңой түйшүк эмес. Чайы кайнабай калат. Анан балдардын баары эле үйүнөн тамак жеп келбейт. Иши кылып, кыйын эле болуп жатат.

Күндүзү мектептин суугуна чыдап келген балдарды үйдөгү шарт түйшүккө салат. Балдар үй тапшырманы чырак менен окуган күндөр болуп жаткандыгын белгилейт, кызы биринчи класста окуган Анипа эже:

-Үй тапшырманы жасайлы деп камынгыча жарык өчүп калган күндөр болот. Анан кызыма чырак коюп берем. Эптеп шыкаалап бир нерсени окумуш болобуз. Балага кыйын эле болуп калат экен. Оку деп кыйнай да албайт экенсиң.

Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жакында республикадагы мектептердин кышка карата даярдыгын текшерүү учурунда электр кубаты өчүрүлүп жаткандыгына өздөрү күбө болушкан. Министрликтин ресурстук камсыздоо жана сатып алуу бөлүмүнүн башчысы Айнура Тургумбаеванын айтуусунда, азыр алар губернаторлорго абалды жөнгө салуу үчүн бардык аракеттерди көрүү боюнча каттарды жиберишкен:

-Бизге да көп телефон чалуулар болуп жатат. Албетте, электр энергиясынын өчүрүлүшү өзүнүн терс таасирин тийгизип жатат. Азыр бул маселе өкмөттүн селектордук жыйындарында жума сайын каралууда. Жергиликтүү бийлик болсо электр кызматтарына шылтоолоп жатышат. Анткени алар окуу мекемелеринде окуу процесси учурунда жарыкты өчүрбөө боюнча өкмөттүн токтомуна, өндүрүш, энергетика министрлигинин буйругуна карабастан өчүрүп жатышыптыр.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун айтуусунда, айылдарда мектептерде гана электр энергиясын өчүрбөй коюу техникалык жактан мүмкүн эмес. Ал эми өкмөттүн балдарды каникулга таратуудан башка аргасы калган жок:

- Балдар кышында окуп жайында эс алуусу керек эле. Тилекке каршы андай болбой жатат. Мындай шарт балдардын ден соолугуна биологиялык жаткан да туура келбейт. Демек, окуу программасы кыскартылышы мүмкүн. Ар бир предмет боюнча саат азайтылат. Билим берүүнүн сапаты төмөндөйт. Негизи система өзгөрмөйүнчө мындай көрүнүштөр улана берет.

Кышка карата даярдык көрүүгө карата билим берүү министрлигин буйругу менен электр энергиясы менен жылытылуучу мектептердеги эс алуу күндөрү өзгөрүлгөн. Каникул окуу планында каралган күзгү, жазгы, кышкы каникулдун жана эмгек практикасына негизделген күндүн эсебинен, 1-январдан 28-февралга чейин созулат. Айнур Тургумбаеванын айтуусунда, бул жылы жалпысынан мектептеги сабактар июнь айынын 25ине чейин жыйынтыкталат. Бүгүнкү күндө 1117 электр кубаты менен жылытыла турган мектептин ичинен 304 мектеп көмүр жагууга өттү. Ал эми 800дөй мектеп этап-этабы менен өткөрүлөт. Анткени бул процесс көп каражатты талап кылат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG