Бирдиктүү оппозиция уюштурган элдик курултайда “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев соңку мезгилдерде көбүрөөк айтылып жаткан “жаштар саясий оюндун куралы болуп калды” деген сөзгө кошулбай турганын, алардын да өз көз карашы, айта турган ою бар экенин белгиледи. Анын айтымында, жаштар деле азыркы бийлик системасын өзгөртүүгө активдүү катышып келишет.
- Бүткүл эле саясий жана коомдук иш-чараларды жаштардын ролу чоң болуп келген. Бул курултайда да жаштардын ролу басымдуу болуп жатат. Мында жаштар биригип сунуш киргизген жокпуз. Курултайдын негизги максаты Кыргызстанды өнүктүрүүдөгү жаңы саясий-экономикалык концепциясын сунуштоо болууда. Концепцияны иштеп чыгууда да биздин салымыбыз бар. Соңку мезгилдерди жаштар - саясий оюндун куралы катары колдонулууда деген сөз көп колдонулууда. Тарыхта деле революциялык болобу, эволюциялык болобу кыймылдаткычтын башында туруп, салымын кошуп келген. Бул жерде курал эмес, жөн гана активдүү катышуу, өз позициясын ачык билдирүү.
Ал эми “Акыйкат” жаштар кыймылынын лидери Максат Жолдошбеков жаштар азыркы бийлик менен иштешүүгө татыктуу жана даяр экенин белгиледи. Бирок ал бийлик системасы өзгөрмөйүн жаштар алдыга жыла албайт, анткени жаштарга бут тосуулар арбын деген ойдо. Аталган кыймылдын лидери өз нааразычылыгын курултайды мындайча билдирди:
- Жаштарга ушундай келечек керекпи, биз ушундай келечекти күттүк беле? Ушул бийликтен бир гана сатышты, бизди жоготушту күттүк беле? Же кыргыздын жигиттерин Казакстан, Орусияга кул кылып, кыргыз кыздарын кытайларга, түрктөргө сойку кылуусун күттүк беле? Биз ошон үчүн келдик беле? Биздин эмне деген тарыхыбыз бар, эмне деген келечегибиз бар?! Эртең келечек муун үчүн биз жооп беребиз. Балдарыбыз бизден сурайт, ошого жаштар бүгүн даяр бололу. Мурда деле жаштар кыйналып келсе, азыркы жаштар андан он эсеге көп кыйналууда. Мамлекет башчы, өкмөт жакшы болсо жаштарды сактап калып, биздин күчүбүздү, акылыбызды алат эле да. Бизди тескерисинче, кароосуз калтырып, жер жерлерге таратып койду. Бизди ошол нерсе өкүндүрөт.
“Азыркы бийлик жаштар арасында кулачын жайган көйгөйдү алдын алуу же токтотуу боюнча эч кандай чараларды көрбөй жатат”, - деген оюн айылдык кеңешинин жаш депутаты Азилжан Токтосунов айтып өттү. Анын айтымында, баңгичилик, аракечтик, кургак учук, СПИД барган сайын өскөн менен, мониторинг жүргүзүлбөй келет. Өзгөчө айыл жергесиндеги жаштар үчүн ушул багыттагы маалымат жетишсиз.
- Азыркы бийлик жаштарды субъект катары эмес, объектр катары карап жатат. Себеби, билими жок, сабатсыз жаштарды башкаруу оңой. Мындан сырткары бүгүнкү күндө миграция маселеси курч болуп турат. Анын кесепетинен канчалаган жогорку квалификациялуу адистерибизден куру кол калып жатыбыз. Бул демографиялык абалга алып келиши мүмкүн. Муну менен биз өз мекенибизди жана элибизди жоготуп алуу коркунучунда турабыз.
Ал эми президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев оппозиция учурдагы жагдайлардын чыгуу үчүн алгылыктуу программаларды иштеп чыгып, өлкөнүн келечеги үчүн жаңыча сунуштарды айтса, көңүл бурууга арзымак деген пикирде. Ал азыркы оппозицияны бийликтин жакшы жагын көрбөй, жалаң эле жаман жагын көрөт деп сындады.
Ошентип, Социал-демократтар, “Ата-Мекен”, “Ак Шумкар”, “Улуу Биримдик" партияларынын мүчөлөрү жана жер-жерлерден өкүлдөр катышкан элдик курултай резолюция кабыл алуу менен аяктады. Анда өлкөнү туура жолго салуу максатында сунуш кылынган башкы ыкма катары, таза саясий атаандаштык, бийлик бутактарынын көз карандысыздыгы, оппозициянын ишмердүүлүгүнө конституциялык кепилдиктерди камсыз кылуу, деп белгиленди. Криминалдашкан жана авторитардык режимди колдоодон баш тартуу сунушу менен эл аралык коомчулукка жана уюмдарга кайрылуу болду. Президентке Элдик курултайда кабыл алынган жаңы саясий системанын концепциясын ишке ашырууга конкреттүү чараларды көрүү сунушу берилди. Эгер бул талаптар аткарылбаса К. Бакиевди кызматтан кетирүү үчүн эрте жазда массалык нааразылык чаралар башталаары эскертилди.