Жарандык коом өкүлдөрү мамлекет башчыга президенттик шайлоо парламенттик шайлоодой мыйзам бузуу менен өтүшүнө жол бербөө жана президентти эл чыныгы ишеним менен шайласын деген максат менен ушундай талап коюп жатат. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын президенти Динара Ошурахунованын айтымында, буга парламенттик шайлоонун легитимдүү экендигине шайлоочулардын ишенбестиги башкы себеп.
-Эл бир шайлоого ишенбей калгандан кийин башка шайлоодо добуш берүүгө катышпайт. Ошон үчүн бийлик аны түшүнүп, элдин шайлоо процессине ишенимин кайра калыбына келтириши керек. Ал үчүн көп күмөн ойду жараткан парламенттик шайлоого кайрылышы керек. Эгер президенттик шайлоо да парламенттик шайлоодогудай деңгээлде өтө турган болсо президенттин институту легитимдүүбү деген чоң суроону пайда кылат,-деди Динара Ошурахунова.
Жарандык коомдун өкүлдөрү парламенттик шайлоонун, анын ичинде участкалык шайлоо комиссиялардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялансын деген талап менен Бишкектеги район аралык сотко өткөн жылы кайрылып, оң натыйжага жеткен эмес. Ошондон уламбы бейөкмөт уюмдардын азыркы аракетинен деле майнап чыкпайт, өз үстөмдүгүн улам бекемдеп бараткан бийлик жарандык коомдун талабын эске албайт жана бул талапты териштирген соттор деле бийликтин мүдөөсүн көздөгөн чечим кабыл алып берет деп талаптарды этибарга албагандар арбын. Ал тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Жолдошбек Токоев мындай дейт:
-Эч майнап чыкпайт. Эгер парламенттик шайлоо эч бир бурмалоосуз өттү десе анда былтыр эле ачыкка чыгармак да! Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Ар бир жашыруун нерсенин артында күмөндүү, шектүү жана опурталдуу маселе бар. Ошон үчүн бийлик корркон үчүн ачыкка чыгарбайт жатат. Ошол декабрдагы шайлоо боюнча январда сотко кайрылганда эле иштин баарын жаап салышпадыбы. Демек эми деле эчтеке чыкпайт.
Анткен менен “Дүйнө маданиятына жарык” укук коргоо уюмунун жетекчиси Максим Кулешов муну менен жарандардын маалымат алуу укугун камсыз кылууну талап кылып жатабыз жана андан тайбайбыз дейт:
-Кыргызстандын соңку тарыхында БШК биринчи ирет шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялабай жатат. Биз атуул катары кайсы участкада канча шайлоочу ким үчүн добуш бергендигин билүүнү каалап жатабыз. Аны менен кимдин кызыкчылыгы үчүн добуштар кандай кылып бурмалангандыгын билүүгө укуктуубуз. Эгер кимдир бирөө айкындыкты кааласа ал үчүн күрөшүү зарыл. Унчукпай отура берсек, калыстыкты кантип талап кыла алабыз?
БШКнын парламенттик шайлоо мезгилинен берки мүчөсү Абдыжапар Бегматов президенттик шайлоону жарыялаган Жогорку Кеңеш толук легитимдүү бийлик бутагы, демек жарандык коомдун талабына негиз жок деп билдирди:
-Президенттик шайлоону жарыялаган жана азыр иштеп жаткан парламент легитимдүү. Ал жалпы шайлоочулардын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланган. Анын жыйынтыгы мыйзам негизинде жарыяланган жана мыйзам чегиндеги чечимдер кабыл алынган. Андан кийин бир топ соттук териштирүүлөр болгон. Ошондо легитимсиз деген чечим кабыл алууга эч кандай негиз табылган эмес. Ошон үчүн Жогорку Кеңеш жарыяланган президенттик шайлоо мыйзамдуу шайлоо болуп өтөт.
Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун баамында, жарандык коомдун парламенттик шайлоо жыйынтыгын талап кылып, аны кайра өткөрүүнү талап кылуусуна негиз бар, бирок бийлик өз макамын дагы бекемдөө үчүн президенттик шайлоодон кайра тартпайт:
- Жарандык коомдун талабы моралдык жагынан туура. Бирок бийликти сакташ үчүн шайлоо өткөрүлөт. Ал будамайлоо жолу менен өткөрүлөт. Анткени бул бийликти колдой турган шайлоочулардын эң көп болсо 10-15 пайызы гана калды. Калган эл нааразылыгын көрсөтсө, анда күч менен басууга аракет кылат. Бийликте мындан башка жол жок. Ал эми президент болом деп чыгып жаткан талапкерлердин мүмкүнчүлүгү жок. Алардын жолдору бийлик тарабынан буулуп калган.
Жарандык коомдун өкүлдөрү президенттик шайлоодон мурун парламенттин легитимдүүлүгүн аныктоо менен Кыргызстандын коопсуздугу менен саясий туруктуулугун сактоо максатын да көздөп жатышкандыгын айтып жатышат. Бейөкмөт уюмдар коалиция президенти Динара Ошурахунованын айтымында, эгер бийлик президенттик шайлоодо административдик басымды колдонуп, добуштарды бурмалай турган болсо эл нааразы болуп, көтөрүлбөй койбойт. “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Жолдошбек Токоев болсо ага Таиланддагы, Молдовадагы элдин нааразылыгы үлгү бериши толук мүмкүн.
Ал арада БШК райондук, шаардык, облустук шайлоо комиссияларын түзүп бүтүп, анын мүчөлөрүн атайын окуудан өткөрө баштады. Комиссия шайлоо мыйзамсыз өтөт деп күн мурунтан божомол айтууга негиз жок, эгер күмөн санагандар болсо сот аркылуу аныгына жетип алышсын деп сунуштоодо.
Ал эми саясат талдоочулар 2007-жылдагы парламенттик шайлоону өткөргөн БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын өлкөдөн чыга качышынын артында кандай сырлар жатканы тарыхчылардын иликтөөсүнө алынчу чоң сыр деген көз карашта.
Эл бир шайлоого ишенбей калгандан кийин башка шайлоодо добуш берүүгө катышпайт.
Динара Ошурахунова