Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

К. Бакиев: Жардам сурап кээ бир партиялар кайрылган


Экс-президент Курманбек Бакиев Минскиден эч кайда кетпегенин жана парламенттик башкаруу Кыргызстанга өтө эртелик кыларын "Азаттыкка" билдирди.

- Курманбек мырза, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныйсызбы?

- Эми тааныйм, тааныбайм деген туура эмес болот. Мага шайлоочулардын 55% көбү катышты деген маалымат келди. Ошончо адам катышкандан кийин муну тааныбаганга болбойт. Эң негизгиси 7-апрелде болгон куралдуу төңкөрүштөн кийинки абал элди тажатып, тынчтыкты жана өнүгүү жолун каалаган эл шайлоого активдүү катышпаса да барды. Парламентти шайлап, талаш-тартыштын бардыгы парламенттин ичинде болсо экен деген ой менен эл ошого барды. Муну колдош керек.

- Айрым маалыматтарга караганда, сиз добуш берүүгө барбаптырсыз. Эмнеге добуш берген жоксуз?

- Мен биринчи күндөн эле бул бийликти тааныбайм, бул мыйзамсыз келген бийлик деп айткамын. Анан булар өткөргөн, уюштурган ар кандай саясий кампанияларына менин катышканым туура эмес болот. Ошондуктан мен барган жокмун.

- Дүйнө коомчулугу Кыргызстандын жана Борбор Азиянын тарыхында биринчи жолу ачык, таза шайлоо өттү деп жатат. Сиз макулсузбу?

- Эгер унута элек болсоңор ошол эле байкоочулар 2009-жылы президенттик шайлоодо так ушундай, "шайлоо таза өттү, одоно мыйзам бузуулар болгон жок"- деген баасын берген. Кандай гана шайлоо болбосун кемчиликтер болот, ар кандай мыйзам бузуулар болот. Бул дайыма эле болуп жүргөн нерсе. Ошондуктан 2009-жылы болгон президенттик шайлоону да унутпаш керек. Ал кечээ эле болгон. Анда деле ошол эле ЕККУнун байкоочулары келген. Биз алардын санын эки эсе көбөйткөнбүз.

- Анда байкоочулардын айтканына ишенбей койсок деле туура болобу? Сиз бардык эле шайлоолордо эл аралык байкоочулар ошондой баа беришет деп айтып жатасызбы?

- Жок, бардык эле шайлоолор туурасында айтуу кыйын. Бирок айрыкча президенттик, парламенттик шайлоолордо кемчиликтер болот жана боло берет. Бул бардык мамлекетте кездешет. Бирок ал кандай деңгээлде болду, добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, күчкө салып, коркутуу деген ал башка. Алардын да деңгээли бар. Азыркы шайлоодо административдик ресурс колдонду деп айтып атат, ал болот. Бирок өтө эле бурмалап, күчкө салган болгон жок. Андай болсо башка айрым партиялар өтпөйт эле.

- Шайлоого катышкан, сиз менен чогуу иштешкен кесиптештериңиз да бул шайлоо салыштырмалуу таза өткөнүн белгилешти. Мурдагы шайлоолордо административдик ресурс көп колдонулду беле?

- Андай болгон эмес. Бизде шапкесин алып кел десе, башын алам дегендер көп. Чиновниктер президентке жакшы көрүнөйүн деп ар кандай мыйзам бузган фактылар болгон. 2009-жылы шайлоодо кайсы бир участкадан мыйзам бузуулар чыкса алардын маалыматтарын токтотуп, эсебин жокко чыгарганбыз. БШК ушуга барган. Мен "мага жакшы көрүнөм деп пайызын көбөйткөнгө аракет кылышат, ошого жол бербейли",- деп айткам. Ошондогу БШКнын мүчөлөрү деле Кыргызстанда жүрөт, алардан сурасаңар болот.

- Сиз жана сиздин чет өлкөдөгү жакындарыңыз парламенттик шайлоого катышып, азыр жеңип келген айрым партияларга каржылык колдоо көрсөттү деген маалымат тарады. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Бул дагы деле калп сөздөр. Кудай астында ачык айтып коеюн. Мага айрым партия өкүлдөрүнөн "Курманбек Салиевич, бизди колдоп койсоңуз болобу" деген кайрылуулар болду. Мен материалдык жактан да, моралдык жактан да бир да партияны колдогон жокмун, бул ачык сөз.Себеби мени менен иштеген жетекчилер бир топ партияда болуп калбадыбы, алар “Ар Намыс”, “Ата Журт”, “Руспублика”, “Бүтүн Кыргызстанда” да бар. Мен "силер баарыңар бириге албаптырсыңар, мен бир партияга колдоо көрсөтүп, калганын колдобой койсом болбойт. Ошондуктан бул шайлоодо эл өзү эле тактап, тастыктап коет", - деп айткамын. Ошол туура чыкты. Ансыз деле азыр эл бардык саясатчыларды беш колдой билет. Бирок мен эч бир партияга каражат берип же моралдык жардам берген жокмун.

- Сиздин колдооңузду сураган кайсы партиялар экенин айта аласызбы?

- Жок, аны айтсам туура болбой калат. Эми партия лидерлери эмес, өкүлдөрү мага түз эмес, менин жакындарым аркылуу айттырып жатышты. Алар канчалык деңгээлде чын, канчалык деңгээлде калп аны Кудай билет. Азыр айтып коюп, менин туура эмес маалыматымын залакасы тийгенин мен каалабайм.

- Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы сиздин Кыргызстанга келишиңизге шарт түздүбү? Анткени, буга чейин сиздин келишиңизди колдогон видео материалдар чыккан эле?

- Менин азырынча Кыргызстанга барайын деген оюм жок. Экинчиден ошондой маалымат чыгыптыр, ал шайлоо алдында болгон сөздөр. Элдин суроолоруна жооп берген саясатчынын сөзү. Жеке менин азырынча барайын деген оюм жок.

- Бакиевди алып келем деген сөздү Камчыбек Ташиев айтыптыр, аны менен жеке мамилеңиз кандай?

- Камчыбек Ташиев менен деле башка өкмөт мүчөлөрү менен деле иштешкенден кйиин мамилебиз жакшы эле болгон. Султанов, Ташиев, Бабанов, Кулов болобу баары менен эле иштешкенбиз. Баары менен жакшы эле иштешкенбиз, эч ким менен мамилебиз жаман болду деп айта албайм. Баары өкмөт мүчөсү болгон, кол алдымда иштешкен, туура эмес кемчиликтер болсо айтат элем, анча-мынчасына катуураак тийгендирмин. Жумушта ар кандай болот, ал жумуш. Анан кийин мамилебиз жаман эле деген туура эмес. Президенттин талабы катуу болбосо иш жакшы жүрбөйт.

- К.Ташиев менен жеке мамилеңиз барбы?


- Мен Кыргызстандан кеткенден кийин ачык айтып коеюн, бул балдардын эч кимиси менен байланышкан жокмун. Минскке келгенде үч айдын ичинде үч жолу чоң маалымат жыйын өткөрдүм. Ошондон кийин "мен эми саясатка аралашпайм, өзүңөр менен өзүңөр болгула, саясатты да өзүңөр жүргүзгүлө, мен бул жакта туруп алып аралашканым туура эмес", - деп айткам. Ошол сөзүмдө эле турам.


-Сиз качан келейин деп ойлоп атасыз? Сизди башка өлкөгө чыгып кетти деген маалыматтар айтылды эле. Азыр кайдасыз?

-Уктум мен, аякка-биякка кетти деп, ал туура эмес. Ар кандай ушак сөздөр тарап кете берет экен. Эч жакка кеткен жокмун, ушул жерде элемин. Качан барыш боюнча ойлоно элекмин, азырынча ал боюнча сөз көтөрүш эрте.

-Айрым өлкө жетекчилери, чоң державалардын жетекчилери дагы Кыргызстандагы парламенттик башкаруунун келечеги жок деген пикирин билдирип чыгышкан. Сиздин пикириңизде, парламенттик башкаруу системанын эмнеси опурталдуу болушу мүмкүн?

- Бул жерде мындай да, төңкөрүштөн кийин Кыргызстандын экономикасы азыр жок дегенде 10 жыл артка кетти, бул бир. Экинчиден, парламенттик башкаруунун эң чоң кемчилиги эмнеде? Бул дебаттар көп болот, парламенттин ичинде өкмөттүн, аткаруу бийлигинин, жергиликтүү бийликтин жетекчилерине иштеш өтө кыйын болот. Себеби парламент башкаргандан кийин, булар бардык маселени парламентке коюп, ошол жерден талкуулап, анан чечиш керек.

Аткаруу бийлиги азыркы дүйнөдө экономиканын, финансылык системанын татаал мезгилинде кээ бир учурда 1-2 күндүн ичинде чечим кабыл алыш керек. Кээ бир учурда 1-2 саат ичинде чечим кабыл ала турган маселелер чыгып калышы мүмкүн. Анда кандай кылыш керек? Анда Кыргызстан дагы эле баягыдай биз демократпыз деп талкуулап отура берет парламенттин ичинде. Экономика ордунда турат, чечиле турган маселелер бат чечилбей, негизги зыяны элге гана тиет.

Депутаттар андан кыйналбайт. Алар алган айлыгын алып, өзүнүн жеңилдиктери менен, өзүнүн статусун пайдаланып жүрө берет. Карапайым элге кыйын болот. Ошондуктан мен дагы эле айтып атам, Кыргызстанга азыр парламенттик башкаруу өтө эле эрте. Ошондуктан батышка теңелип эле, мындай болсок болот деген туура эмес. Буга чейин көп нерселерди ошол жактан алабыз деп ишибизди начар кылып алганбыз.

-Өзүңүз айтып кеттиңиз, батыштан айрым башкаруу системаларын алабыз деп биз ушул абалга келдик дегендей мааниде. Сиз өзүңүз жетекчи болуп турганда дагы, ушундай кадамдарга барып, анан өкүнүп калган учуруңуз болдубу?

- Жок, мен эч качан бирөөнү туураган жокмун, Американын, Европанын системасын алалы деп. Мен айткам, биз кыргыздын жолу менен эле, өзүбүздүн тарыхыбызды эстеп, тарыхыбыздан жакшы маалыматтарга таянып туруп жыла бериш керек астыга. Андай болгон эмес. Мен президент болуп иштеп атканда, биз айтканбыз, кандай чоң мамлекет болбосун баары менен тең укуктуу мамиле түзөлү, Америка болобу, Кытай болобу, Орусия болобу. Биз эч бирөөнүн астынан башыбызды ийип, өзүбүздү кемсинткен жерибиз жок.

Мүмкүн ошол менин саясатым кээ бир чоң мамлекет башчыларына жакпагандыр. Бул кичинекей эле мамлекет - эгемендүү Кыргызстан эч кимди тоготпогондой кылып атат деген сөздөр болгонун ачык эле айтыш керек. Бирок мен дагы эле айтам, эгемендүү мамлекет болгондон кийин өз саясатын өзү алып барыш керек. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, экономика жагынан болобу, саясат жагынан болобу Кыргызстанга туура келе турган чечимдерди алыш керек, эмне үчүн албаш керек.

-Курманбек мырза, айтсаңыз, парламенттик шайлоодо жеңген партиялар коалициялык өкмөт түзө алышабы? Сиз кандай коалиция түзүлүшүн каалайт элеңиз?

- Эң биринчиден, Кыргызстанды тынчтыкка алып келген, элдин камын көргөн коалиция түзүлсө жакшы болмок. Эгерде партиянын лидерлери бир столго тегерек отуруп сүйлөшүп, ошондой коалиция түзө албаса, анда кайра эле элдин шору. Ошондуктан эң негизгиси тынчтык болуш керек. Тынчтык болмоюнча эч кандай өнүгүп, өсүү болбойт. Булар эми портфелдерди, кызматтарды бөлө албай, эгерде коалиция түзүп, Кыргызстандан келечегине, бүгүнкү Кыргызстандын абалын тынчтыкка алып келе турган чечимдерди кабыл албаса, анда өкүнүчтүү болот.

-Сиз жогоруда белгиледиңиз, Кыргызстандагы айрым лидерлер менен байланышкан жокмун деп. Ал эми балдарыңыз байланышып атабы?

- Жок, алардын эч кимиси менен байланыш жок, мен муну так билем.

-Кандай каражаттар менен жашап атасыз, же ал жакта бизнесиңиздер барбы?

- Мен 85-жылдан бери жетекчи болуп иштеп келатам. Заводдун директору болгом, ошондон бери эч бир мамлекеттин чөнтөгүнө кол салып, уурдады, жеди деген сөз мен боюнча эч жерде болгон эмес. Ошого карабай, көп жыл жетекчи болуп иштегенден кийин бир үй-бүлөнү бакканга кудуретим жетет. Ошондуктан, кудайга шүгүр.

XS
SM
MD
LG