Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Кыргыз демократиясына Европарламент көз салууда


2007-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоолорго каршы "Ата Мекен" партиясынын кыз-келиндери ачкачылык акциясына чыгышкан.
2007-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоолорго каршы "Ата Мекен" партиясынын кыз-келиндери ачкачылык акциясына чыгышкан.

Европарламенттин “Европа биримдиги - Кыргызстан” комитетинин мүчөлөрүнөн куралган делегация Бишкектеги расмий иш сапарынын маалында Кыргызстанда шайлоо маалында болгон кейиштүү көрүнүштөрдү козгошту.

Азыркы Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү тууралуу талаш-тартыш пикирлер Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Өткөн жылкы парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнү жөнүндө деген сын-пикир бир нече саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар менен катар эле ЕККУнун байкоочулары тарабынан да айтылган. Бул маселе Европарламенттин Бишкекке расмий иш сапары менен келген мүчөлөрүн да түйшөлткөнү тууралуу делегацияны жетектеп келген Европанын либералдар жана демократтар альянсынын өкүлү Она Юкневичиене журналисттерге маалымдады. Анын айтуусунда бул маселе бардык расмий жолугушууларда жана депутаттардын өздөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн баарында көтөрүлдү:

-Чындыгында биз өзүбүздүн кабатырлануубузду билдирип, ЕККУнун расмий түрдө жарыяланган маалыматын белгиледик. Сүйлөшүүлөр учурунда кыргыз тарап шайлоодо кемчиликтер болгондугун, ЕККУнун сынында негиз бардыгын мойнуна алышты. Ошентсе да азыркы парламенттин легитимдүүлүгү шектүү боюнча кала бербеши үчүн кандай аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу айрым суроолорубуз жоопсуз калды.

Европарламенттин өкүлдөрү жакында эле ЖК тарабынан кабыл алынган “дин ишенимдеринин эркиндиги тууралуу” мыйзамга байланыштуу пикирин билдиришип, мыйзам шашылыш түрдө өткөрүлүп, эл аралык стандарттардан тыш калгандыгын белгилешти. Делегация жетекчисинин сөзү боюнча бул маселеге алар Евробиримдик менен Жогорку Кеңештин кызматташтыгы боюнча түзүлгөн долбоордун эксперттеринин өтүнүчү менен кайрылышкан

Она Юкневичиененин айтуусунда Европарламенттин мүчөлөрү расмий жолугушууларда Кавказ чатагына байланыштуу Кыргызстандагы пикирлер, коңшулар менен болгон мамиле жана башка маселелер тууралуу пикир алышкан.

Делегация башчысы кыргыз парламентинде оппозиция бар экенин байкаган:

-Мен үчүн бул – бирдиктүү партиядан турган парламенти бар Казакстанга караганда бир топ жакшы. Мага бул оппозиция бейформал, социал-демократтар менен коммунисттерди атайын өткөрүп жиберишкен, деп айтышты. Бирок мен байкадым, алар күчтүү оппозиция экен. Алардын талаштары да абдан олуттуу. Парламенттин ичинде оппозиция бардыгы –бул абдан жакшы нерсе,--дейт Она Юкневичиене.

Европарламент делегациясы Кыргызстандагы саясий кырдаал, сөз эркиндигинин абалы тууралуу өздөрүнүн пикирлерин жолугушууларда ачык билдиришкен. Бул көрүнүш албетте, кубандырат, деп билдирди ЖК депутаты, социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркулов “Азаттыкка”:

-Бизнеске үй-бүлөлүк кийлигишүү, сөз эркиндигинин жоктугу, массалык маалымат каражаттарынын бүгүнкү абалы, радио телекөрсөтүү боюнча жаңы кабыл алынган мыйзамдын демократиядан тыш, туура эместигин, өлкөдө демократиянын жоктугун мына ушунун баарын ачык-айкын айтышты. Алар биздеги саясий кырдаал, окуялар тууралуу толук маалыматка ээ экендиги мени канааттандырды.

Европарламент делегациясынын бул сапары “Кыргызстан -Европа Биримдиги” парламенттик кызматташуу комитетинин алтынчы жыйыны болуп эсептелет. Жыйындын соңунда кыргыз парламентинин бир катар мүчөлөрү Брюсселде өтө турган жетинчи жыйынга чакыруу алышты.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG