Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

ТЭЦ эскирди, ГЭСтер жешилди


Кыргызстандагы ГЭС жана ТЭЦтердин коопсуздугун бекемдөө боюнча алдын алуу чараларын иштеп чыгуу жөнүндө Өнөр жай, энергетика министрлигине өкмөттүк тапшырма берилди.

Чет өлкөлүк маалымат каражаттарында жакынкы жылдарда техногендик кырсыктар көп болору айтылууда. Айрыкча, Орусиядагы Саян-Шуша ГЭСиндеги кырсыктан кийин КМШ мамлекеттери ГЭС, ТЭЦтердин коопсуздугун камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бура башташты.

Кыргызстандагы ГЭСтердин абалы кандай? Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаттары жооп издеп, жума күнү өкмөттүк саатта кеңири талкууга алды.

Айрым эл өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, өлкө аймагындагы ГЭС, ТЭЦтер техникалык жактан эскирип, оңдоп-түзөөгө муктаж.

Белгилүү саясатчы Исмаил Исаков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда Токтогул ГЭСинин абалы менен таанышып
чыгып, учурунда ГЭСтердин коопсуздугу боюнча маселе көтөрүп чыкканын айтты:

-Мен Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда Токтогул ГЭСине атайын барып, өз көзүм менен көрүп келгем. Ошондо трубиналарын оңдоп жатышыптыр. Ал жерде тетиктери эскириптир, жакшы адисттердин баары Орусияга кетип калышканын айтышкан болчу. Анан ал жердин коопсуздугун карап турган жоокерлердин абалы менен таанышканымда, алар автоматтын ордуна койчунун таягы менен машыгып жатканына күбө болгом. Чын айтканда биздикилер көп тармакка бөлүнүп алышып, андай нерсеге көңүл бурган эмес. Мен бул маселени ошол учурда эле көтөргөм. Бүгүн чындыгында бул маселе боюнча кооптоно турган учур келди.

Ат-Башы ГЭСинин курулганына элүү жыл болсо, Токтогул ГЭсинин курулганына кырк жыл болуптур. Алардын учурдагы абалы «чеке жылытарлык эмес»,-дейт өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов.

Анын айтымында, ГЭСтердин тетиктеринин 78 пайызы өз мөөнөтүн иштеп бүткөн, бул тармакты оңдоп-түзөө, заманбап техникалар, тетиктер менен камсыз кылуу, электр кубатына тариф саясатын, инвестиция тартуу, эмгек маяналарын көтөрүү маселелерин жалпы жонунан караш керек.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов ГЭС менен ТЭЦтердин коопсуздугу боюнча алдын алуу чараларын иштеп чыгуу маселеси
Өнөр жай, энергетика министрлигине тапшырылганын айтты.

-Өнөр жай, энергетика министрлигине тапшырма бердик. 15-октябрга чейин бир гана ГЭСтер эмес, ТЭЦтердин дагы “техногендик, жаратылыш кырсыктары болуп кетсе кандай иш чараларды көрүү керек, алдын алуу даярдыктары кандай көрөбүз”, мына ушул боюнча конкреттүү план иштеп чыгуу тапшырылды. Мына ошол пландын негизинде иштерди аткарабыз.

Парламент депутаты Акбарали Кабаев ГЭСтерде иштеген мыкты адисттер башка жактарга кетип жатканын, Бишкек ТЭЦинде бир жылдын ичинде 167 адис иштен бошогону тууралуу маалымат бар экенин билдирди.

Министр Ильяс Давыдов болсо айлык маяналарынын аздыгынан улам мыкты адистер жумуштан бошоп жатышканын тастыктап, Чүй ПЭСинде бир айдын ичинде 32 адис иштен кеткенин айтты.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаков ГЭС, ТЭЦтерден башка өлкө аймагындагы суу сактагычтардын, уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн жайлардын, тоо арасындагы көлмөлөрдүн дагы коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурбаса, алардын учурдагы абалы кооптуу экендигин айтты.

Анын пикиринде, азыркы бийлик өздөрүнүн бийлигин чыңдаганга, жеке кызыкчылыгын көздөп, байлыктарын көбөйтүүгө аракет жасап, абдан орчундуу маселелерди көз жаздымда калтырууда:

-Мисалы, 2007-жылы электр тармагында 4,5 миллиард сом кайда кеткенин эч ким билбейт. Төрт жарым миллиард сом. Мен ошол учурда айттым эле да “буга тиешелүү министрлерди, жетекчилерди эмне үчүн тартипке салбайбыз, эмне үчүн мыйзамдын чегинде жоопко тартпайбыз?” деп. Мына, ошолорго көңүл бурбай, тескерисинче, мага кылмыш ишин козгоп жатышпайбы.

Парламент депутаты Турдукан Жумабекова Орусиянын Саян-Шушен ГЭСинде иштеген расмий адамдарга караштуу жеке фирмалар оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, алардын көз-боемочулуганан улам ушундай кырсык болгону тууралуу айтылып жатканын маалымдап, Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги фирмаларды дагы текшерип, көзөмөлдөөнү сунуштады.

-Ушул биздин Камбар-Ата-2 ГЭСинде дагы майда, ар кандай бригадалар түзүлгөн. Ал бригадалар атайын бөлүнгөн участокторду алып иштеп. Анан ал жерде куруучуларга эмгек акыларын бербей, ушул жерде дагы “махинациялар” болуп жатыптыр. Алар бөлүнгөн участокторду алып, оңдоп-түзөө иштерин бүтүп, ошонун негизинде дагы “байып аткан адамдар бар”,-деп кайрылуулар түшүп жатат.

"Улуттук электр станциялары" акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Жолдошбек Назаров Камбар-Ата-2 ГЭСинде мындай нерселер жок экендигин белгилеп, бирок өлкө аймагындагы ГЭСтердин бүгүнкү абалы чындыгында начар экендигин жашырган жок. Анын айтымында, Бишкек жылуулук борборунун (ТЭЦ) жабдууларынын жешилиши 100 пайыздан ашып, ГЭСтерде болсо жешилүү 50 пайыздан ашкан.

XS
SM
MD
LG