Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

Энергетикага келген миллиондор кайда?


Энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн эгемендик алгандан бери миллиондогон каражаттар келген. Бүгүн өкмөт бул тармак кейиштүү абалда экенин айтып, бааларды кымбаттатууда. Алынган кредиттер деги кайда жумшалган?

Жарандык коомчулуктун өкүлдөрү өздөрүнчө аудит жүргүзүшүп, үч жыл мурда эле электр тармагына келген кредиттердин өлчөмүн, кайдан келгендигин аныктап чыгышкан. Бирок ал каражаттардын кандайча коротулганы, электр тармагын жакшыртуу үчүн эмнелер жасалганы тууралуу суроолорго ушу күнгө чейин так жооп алынбай келет.

“Таза Табигат” уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева да ошол эсептөөлөргө катышкан. Ага ылайык Кыргызстанга энергетика тармагын өнүктүрүүгө жалпы 350 миллион доллардан ашуун каражат келген. Укук коргоочулар ошондой эле 93 миллион доллардай каражат бир гана Бишкек жылуулук борборуна жумшалганын айтышууда. Анын айтымында, ошол каражаттардын кандайча колдонулгандыгы тууралуу суроолорго А.Акаевдин учурунан бери эле энергетика тармагын башкарып келаткан азыркы чиновниктер алгылыктуу жооп бербей келатышат:

- Ошол келген акчалардын бардыгы ремонтко, жогорку чыңалуудагы өткөргүчтөргө, ТЭЦтин трубиналарына, дегеле электр тармагын жаңыртууга келген болчу. Ошондой деп жазылып турат документтерде. Ал эми азыр болсо өкмөт айтып атпайбы, “акча жок, баары эскирди, сынды, талкаланды” депчи. Ошол чоң кредиттерди алгандардан Аскар Акаев гана качып кетти. А калгандары бүт отурат. Ошол эле И.Давыдов, Ю.Данилов, С.Балкыбеков, Б.Сартказиевдер мына отурушат. Эч ким жылган жок, иштеп атышат. Ушулардын баарынын тең тиешеси бар кредиттерге. Так ушулар элге жооп берсин, кредиттерди кайда жоготушту..?

Энергетика тармагы боюнча адис Базарбай Мамбетовдун айтымында, 1994-2004-жылдар арасында эле Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан энергетика тармагын өнүктүрүүгө 210 миллион доллардай каражат алууга макулдашкан. Каржы министрлиги аркылуу ошол сумманын 160 миллиону алынып, энергетика тармагына берилген:

- 2004 жылга чейин эле эл аралык каржы уюмдар 216 миллион долларга макул болушкан экен, энерго секторгочу. Ошонун 160 миллион долларын беришкен экен. Анан калганын берилбептир. “Силер максатсыз колдонуп атасыңар, коррупцияга айланып кетти” деп бербей койсо керек да менин оюмча. Анткени алар да өздөрүнүн берген акчаларын көзөмөлдөшкөн да.

Андан тышкары Б.Мамбетовдун айтымында, эми бул тармакка канча каражат бөлүнсө да майнап чыкпайт. Каражаттар кумга сиңген суудай жоголо берет. Анткени негизги маселе, тармактын туура эмес башкарылышында жатат.

Социал демократтар фракциясынын энергетикага байланыштуу отурумунда, Энергетика министри Ильяз Давыдов чындап эле энергетика тармагына миллиондого кредиттер келгендигин, ал каражаттар энергетика тармагындагы эскирген техникалык каражаттарды, жабдыктарды оңдоого, жаңы энергетикалык курулуштарга кеткенин айткан. Бирок энергетик Базарбай Мамбетовдун пикиринде, эмнегедир мындай чоң суммадагы каражаттын чындап эле энергетика тармагына жумшалганына ишенүү кыйын болуп турат. Анткени ошол ири суммадагы каражатка көзгө көрүнө тургандай бир иш жасалган эмес.
Ошол чоң кредиттерди алгандардан Аскар Акаев гана качып кетти. А калгандары бүт отурат. Ошол эле И.Давыдов, Ю.Данилов, С.Балкыбеков, Б.Сартказиевдер мына отурушат. Анара Дауталиева

Дагы бир белгилүү энергетик Николай Кравцовдун эсеби боюнча, 2008-жылга чейин энергетика тармагына келген кредиттердин суммасы 392 миллион долларды түзгөн. Муну Энергетика министрлигинин төбөлдөрү деле тар чөйрөдөгү жыйындарда айта калып жүрүшөт:

- Энергетика министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетовдун айтымында, энергетика тармагына 2008-жылга чейин 392 миллион доллар келген экен. Муну ал ушул жазда айткан болчу. Бул абдан чоң сумма.

Ошентсе да энергетика тармагын башкаргандар бул тармактагы бүтүндөй техникалык каражаттар жедеп эскирип, колдонуудан чыккана калганын айтышууда. Кыязы аталган миллиондор абдан эле аздык кылган окшойт.

Энергетика министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, так сумманы айпаса да буга чейин энергетика тармагына миллиондогон каражаттар келгенин, алар максаттуу эле жумшалганын айтты:

- Мобу айтылып аткан кредиттер кайда кетти...? Алар ТЭЦтин он биринчи трубо генераторун койгонго кетти. Таластагы 500 кило вольттук подстанцияны курганга кетти. Тиги Кумтөрдү электр менен камсыз кылыш үчүн Балыкчыдагы 220лык подстанциясын курдук. Тамгага чейин 220 кило вольттук өткөргүч зымдарды алып бардык. Антпесе биз мунун бардыгын тарифтердин эсебинен жасай албайбыз да.

Социал-демократтар фракциясы да 18 жыл аралыгында энергетика тармагына 350 миллион доллардан ашуун чет элдик кредиттер келгенин айтып, мындай ири суммадагы каражаттарды талап кеткендер жоопко тартылышы керектигин айтып чыгышты. Жарандык коомдун өкүлдөрү болсо учурда бүтүндөй энергетика системасы 400 миллион долларга жетпеген суммага бааланып атканын, бул – 18 жыл аралыгында алынган кредиттердин суммасына барабар экендигин айтышып, аз суммадагы кредиттерден баш тартуу керектигин айтышууда. Анткени аз-аздап келген каражаттардын бат эле дайны чыкпай кетүүдө.

Жарандык коомчулуктын ырасташынча, эми тармак жеке колго өтө турган болсо, мурдагы келген кредиттердин дарегин табуу дагы кыйындамакчы. Эскерте кетсек, бул тармакты сатуу максатында жакында эле электрге болгон баалар эки эсе, жылуулук энергиясына баалар 5-10 эсеге чейин көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG